ЖАҢЫ ЖЫЛГА ТАТТУУЛАР

Жаңы жыл тосордо ар бир кожойке дасторкон үстүн толтуруу машакаты менен алектенет. Жыл сүрүүгө кайсы жандык туш келсе, анын өңү-түсү, жакшы көрүп жеген тамагынан азыктар даярдалат. Келе жаткан Балык (Улуу) жылында жаңы жылдык дасторконду кандай даярдоо керек?
2012-жылдын дасторконунун негизги белгиси болуп – татымал чөптөр, укроп, петрушка, кинза, сельдерей, салат жалбырагы жана жашылчалардан бадыраң, түрп эсептелет. Ошондуктан майрамдык дасторкондо булардын коюлушу жана даярдалган даамдар сөзсүз балыктын өңүндөй кызыл, жашыл, ак, кара, көгүш, сары түстөгү жашылчалар менен кооздолушу шарт. 2012-жылдын дасторконун өз колуңуздан жасалган дүйүмдөр менен толтурууга аракеттениңиз. Ресторанда же кафеде даярдалган тамактарды жана жарым фабрикат, консерва сыяктуу азыктарды сатып алып келип коюудан качыңыз.
Балыктын дасторконуна балык этин, андан даярдалган даамдарды коюуга болобу? Башка жылдардан айырмаланып бул жылкы дасторконуңузга балыктан жасалган даамдарды аянбай эле коё берсеңиз болот. Бир гана тоңдурулган балыктан жасалган тамактар коюлбайт. Анан да бул жылдын дасторконуна ашкабак коюуну унутпаңыз. Андан тамак даярдайсызбы же кооздук үчүн дасторкон четине коёсузбу, ал кыялыңызга жараша болот. Ал эми ичимдиктердин бардык түрүн коюуга болот.
Кирип келе жаткан Балык жылы баарыбыз үчүн таттуу жылдардан болсун деген ниетте дасторкондун көркүн ачкан таттуу азыктардын рецепттерин сунуштайбыз.

«ШОКОЛАД МАЙРАМЫ» ТОРТУ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Камырына:
Жумуртка – 4 даана
Каймак май – 100 грамм
Ун – 150 грамм
Кумшекер – 150 грамм
Шоколад – 100 грамм
Бир чымчым туз
Креми үчүн:
Каймак – 3 аш кашык
Кумшекер – 2 аш кашык
Шоколад – 100 грамм
Каймак май – 50 грамм

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Жумуртканын агынан сарысын бөлүп алып, ага кумшекерди кошуп, жакшылап чалабыз.
2. Шоколад менен каймак майды эритип, аны жумуртканын сарысына кошобуз. Даяр болгон аралашмага унду аз-аздан салып аралаштырабыз.
3. Жумуртканын агына кумшекер кошуп, көбүргөнчө чалабыз да, аны суюк камырга кошобуз.
4. Даяр болгон суюк камырды майланган табага куюп, 180 градуста ысып турган духовкада 40 мүнөттө бышырып алабыз. Нан муздаганда туурасынан тең экиге бөлүп, биринин үстүнө кыямдан сүйкөп, экинчи бөлүгүн жабабыз.
5. Торттун бетин кооздоо үчүн шоколад, кумшекер, каймакты чогуу эритебиз да, муздагандан кийин үстүнө жана капталына сүйкөп, 2-3 саат муздаткычка сала турабыз. Дасторконго коёрдо мөмөлөр менен кооздоп койсоңуз болот.

«КЫШ КЕЧИ» КЕКСИ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Ун – 200 грамм
Шоколад – 250 грамм
Кумшекер – 100 грамм
Каймак май – 100 грамм
Жумуртка – 3 даана
Аш содасы – 1 чай кашык
Бир чымчым туз

ДАЯРДОО ЖОЛУ:
1. Алгач шоколадды майда бөлүктөргө бөлөбүз.
2. Анан каймак майга кумшекерди кошуп, эритип алабыз.
3. Бул аралашмага жумуртканы кошуп чалабыз да, шоколад, ун жана аш содасын кошуп, камыр даярдайбыз.
4. Даяр камырды атайын кекстин формасына куюп, 180 градуста 25 мүнөт бышырып алабыз. Бышкан кекстин үстүнө шоколадды эритип сүйкөп коёбуз.

ТАТТУУ ТОКОЧ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Камырына:
Суу – 1 стакан
Каймак май – 100 грамм
Ун – 200 грамм
Жумуртка – 3 даана
Бир чымчым туз
Креми үчүн:
Каймак май – 200 грамм
Коюлтулган сүт – 1 банка
Бир чымчым туз

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Сууга каймак май менен тузду кошуп, жай отто кайнатып алабыз да, ага унду чуурута салып, бат-баттан аралаштырабыз. Аралашмабыз казандын бетине жабышпай калганда гана аны оттон чыгарып, муздаганча күтөбүз. Муздагандан кийин ага 3 жумуртканы чагып, аябай аралаштырабыз да, майланган табага кондитердик шприц менен 5-6 сантиметр калыңдыкта куябыз.
2. Анан аны 200 градуста ысып турган духовкага салабыз да, 10 мүнөттөн кийин 150 градуска которобуз.
3. Эми кремин даярдайбыз. Каймак майга туз жана коюлтулган сүттү кошуп, жакшылап чалып алабыз. Даяр болгон кремди шприцтин жардамы менен токочтун ичине куябыз.

«АЯЗ КЫЗ» РУЛЕТИ

КЕРЕКТЕЛҮҮЧҮ АЗЫКТАР:
Жумуртка – 3 даана
Ун – 100 грамм
Крахмал – 2 аш кашык
Кумшекер – 100 грамм
Каймак май – 100 грамм
Коюлтулган сүт – 120 грамм
Кокос күкүмү – 50 грамм
Өсүмдүк майы – 1 аш кашык

ДАЯРДОО ЫКМАСЫ:
1. Жумуртканын агын бөлүп алып, кумшекер кошуп, көбүргөнчө чалабыз да, ага ун менен крахмалды кошобуз.
2. Даяр болгон камырды майланган табага куюп, үстүн тегиздеп, 200 градуста ысып турган духовкада 10-15 мүнөт бышырып алабыз.
3. Ысыгы тараганча нан табанын ичинде турушу зарыл. Кийин жылуу нанды майлыкка ороп, муздаганча коё турабыз.
4. Муздаганда майлыкка оролгон нанды кайра жазып, каймак май менен коюлтулган сүттүн аралашмасын нандын бетине сүйкөп, оройбуз.
5. Арткан аралашманы бисквиттин үстүнө сүйкөп, кокос күкүмүн себелеп коёбуз.

АШКАНА СЫРЛАРЫНАН

  • Тортко кошулуучу жумуртка жаңы жана сапсары болушу керек. Жумуртканы канчалык көп чалсаңыз, андан жасалган даамдар ширелүү болот жана бышырганда жакшы көтөрүлөт.
  • Толук эрибеген каймак майды чалуу жеңил болот.
  • Кандай гана таттуу азык бышырбаңыз, сөзсүз ысып турган духовкага салыңыз.
  • Торт духовкага салынгандан кийин 15 мүнөт өткөнчө анын эшигин ачууга болбойт, камыр жакшы көтөрүлбөй калат.
  • Жаңы ун эски унга караганда сууну аз сиңирет. Ундун сапатынан жасаган тортуңуздун түсү өзгөрүшү мүмкүн.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Karamel
2011-12-26 15:27:40
жазап коруш керек экен.
0
bai.kymbat
2011-12-27 16:22:49
кыям деген эмне? билгендер жазып койгулачы
0
bugunku
2011-12-27 18:47:19
kiyam degen varenye
+2
Elit
2011-12-27 20:18:32
Морепродуктыларды койсо болобу?
0
Jakulinka
2011-12-29 05:57:27
koyultulgan sut degen ayranby je?joop jazyü loyuunuzdardy suranam))
0
MiranA
2011-12-29 09:41:42
Jakulinka, орустар "сгущёнка" дешет го...
0
AIKA2704
2011-12-29 17:15:22
каймак май менен каймактын айрымасы эмнеде?
0
rusalka
2011-12-30 09:19:04
урматтуу AIKA2704, билишимче, каймак май-сливочное масло, а каймак-сметана же сливки.
0
rusalka
2011-12-30 11:20:03
урматтуу AIKA2704, билишимче, каймак май-сливочное масло, а каймак-сметана же сливки.
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан