ЖЕСЕМБИ, ЖЕБЕСЕМБИ? ФАСТ-ФУД ЖӨНҮНДӨ ЧЫНДЫК

Деген экен бир шордуу студент. Студенттердин гана эмес, бардык заманбап адамдардын күнүмдүк жашоосунда кенен орун ээлеген фаст-фуд тууралуу кеп салсак кантет?..

Мекени – Рим

Байыркы Римде тез даярдалчу тамактарды саткан кафе сымал жайлар болгон. Мындай жайларда очоктор көчө тарапты карап, кардарлар тамакты казандан ыпысык түрдө алып кете алышчу. Мындан сырткары, базарларда үстүнө эт тууралып, нокот, зайтун чачылган жалпак токочтор сатылчу. Бул болсо азыркы италия пиццасынын “атасы” болсо керек.
16-17-кылымдарда Европада “Бистро” деп аталган таттуу токочтор сатылган жайлар кездешсе, Орусияда жолоочуларды тамактандыруучу “Корчма” деп аталган тез татым кафелери иштеген. Ал эми чыгышта атактуу чайканалар бар эле. Бул жакта тез даярдалган таттуу нандар менен чайдын бир нече сорту даярдалып сатылган. Ошондой эле Байыркы Персияда ийинине кумганын асып, аптапта муздак суу саткандарды да азыркы фаст-фуддун түрүнө киргизсе болот.

Алгачкы тамак бизнестери

Фаст-фуддун (англисчеден “fast” – тез, “food” – тамак) чоң киреше алып келе турганын алгачкы болуп америкалык ишкер Билли Инграм түшүнгөн. Ал Канзас штатында “Ак сарай” деп аталган бир нече кафе ачкан. Ал жакта 5 центтик гамбургерден башка эч нерсе сатылчу эмес.
“Ак сарайдын” биринчи атаандашы болуп МакДональдс чыккан. Биртууган МакДональдстар бизнесин чоң жолдун кесилишинде жүргүнчүлөр үчүн тамак даярдоодон баштаган. Азыр МакДональдстын 119 өлкөдө 30 миңден ашык рестораны бар.

“Бутумдун алдынан келемиш чуркап кеткен”

Кыргызстанда фаст-фуд азыктары 1990-жылдары пайда болгон жана учурда өзүнүн “алтын доорун” жашап жатат десек жаңылышпайбыз. Кафе-ресторандар, анын ичинде пиццерия, трактир, бистро сыяктуу тез татым кафелеринин, кичинекей күркөлөрдүн түрлөрү канча! Аларда америкалык гамбургер, италиялык пицца, түрк шаурмасы, япон сушиси сатылат. Ошолордун катарында жергиликтүү фаст-фуд түрлөрү: самсы, беляш, май токочтор бар.
Биз “Ош” базарындагы күркөлөрдүн бир нечесине кайрылып, өзүбүздү кызыктырган суроолорду узаттык. Биринчи жолуккан жигит “таза” иштебейби, айтор, биз ооз ача электе эч кандай маалымат тарката албасын айтып чочуп кетти. “Эмнеге баш кийимсиз, алжапкычсыз иштеп жатасыз?” деген суроого “жууп койгом, кургап жатат” деп гана жооп берди.
Ал эми Чыңгыз деп атын айткан дагы бир мырза күнүнө 120нын тегерегинде гамбургер, 10 чактыдай хот-дог сатарын айтты.
– Азыктарды, мисалы, этти кайдан ала­сы­ңар?
– Түрктөр алып келишет. Адал.
– Өзүңөр деле жейсиңерби?
– (Колундагы гамбургерден чоң тиштеп) Мына... 5 мүнөттөн кийин өлүп калбасам, демек, жакшы.
– Силерде да “сезон” деген түшүнүк бар­бы?
– Ооба, жайында ысыкка карабастан, күнүнө 200дөн ашык гамбургер өтөт, кышында азыраак.
– А тазалык жактан кардарларга кепилдик бере аласыңарбы?
– Ооба, санэпидемстанция улам текшерип турат. Салыктарды кадимкидей төлөйбүз.
Шаардын борборундагы шаурма, самсы сатылган күркөгө барып тамашакөй жигит менен да сүйлөштүк. “Мен өзүм бул жактан тамактанбайм. Сапаты начар болгон үчүн эмес, жей берип тажаган үчүн. Күркөнүн ээси башка бирөө, ал мага азыктарды алып келет, мен сатышым керек. Бир күндө 100дөн ашык кардарды тейлейм. Көбүнчөсү студенттер. Бир жолу өз көзүм менен бутумдун алдынан келемиш чуркап кеткенин көргөм. Эми шаарда алар көп да. Бирок муну жазсаңыз атымды жазбай эле коюңуз, антпесе шефим айдап жиберет!”

Жакшы жана жаман жактары

Фаст-фуддун баасы арзан.
Тез даярдалат жана басып баратып деле сугунганга ылайыктуу.
Көп учурда кардардын көзүнчө жасалат.
Ар бир бурчта сатылат.
Бирок!..
Фаст-фуд жүрөккө (холестерин үчүн), бөйрөккө (химиялык кошулмалар үчүн) зыян, ашказан жарасын жана гастритти пайда кылат.
Фаст-фуддан салмак көбөйөт (америкалыктардын 61 пайызы ашыкча салмактан жапа чегери далил).
Курамындагы кант, крахмал жана башка заттардын айынан тамеки сымал адатка айланышы мүмкүн.
Кичинекей балдардын акыл-эсине, ой жү­гүртүүсүнө терс таасирин тийгизет.

Кеңештерге көңүл буруңуз!

Доктурлар менен диетологдор айткандай, тез даярдалган же мурунтан даярдалып жылытылган тамактын эки түрү болот: зыяндуу жана абдан зыяндуу. Тоюмдуу жана даамдуу болгону менен, жогору калориялуу жана витаминсиз. Андыктан диетологдун 5 жөнөкөй кеңешине көңүл буруу керек:
1. Тез татым тамактарын бир жумада бир гана жолу (колдон келсе жебей коюу) жеңиздер.
2. Фаст-фуддун эң зыяндуулары фри картошкасы, гамбургер жана газдалган таттуу суулар экенин эстен чыгарбаңыз.
3. Тез татым тамактарды ушунчалык эле жакшы көрүп турсаңыз же сиздин башка айлаңыз жок болсо, гамбургер-чизбургерлерди тоё жебегенге жана аркасынан кола эмес, жөн эле суу жутканга аракет кылыңыз.
4. Басып баратып жеген тамак жөнөкөй гастриттен баштап онкологиялык ооруларга алып келерин унутпаңыз.
5. Ызы-чуу, музыка болуп турганда (мисалы, кафелерде) аң-сезим тамакты сиңирүүгө толук көңүл бура албай, түрдүү ооруларга алып келет.

Даярдаган Бегайым Мусакеева
E-mail: star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
elif
2009-11-25 03:08:38
en sonun kabar! jastar usunday keneshterge konul bursa jakshi bolmok
-1
№ 325, 23-29-январь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан