ЖЫЛАҢАЧ КЫЗДЫ КАРАЙМ ДЕП КАРАГАЙДЫ СҮЗГӨНҮМДӨ

Жакында шаардан жарым жылдан бери көрүшө элек досума жолугуп калдым. Аркы-беркини сүйлө­шүп отуруп, анын маңдайындагы тырыкты көрүп, себебин сурадым. Сурасам ал күлүп «Мунун окуясы мындайча» деп сөз баштады. Кышында тааныштарым менен тоого лыжа тепкенге чыгып калдык. Билгенибиз зымыратып тээп, билбегенибиз кулап-туруп тепкенди үйрөнө баштадык. Ошен­­тип, күн түшкө таяды. Бир маалда мен өзүмдү сынап көрмөккө жанымдагылардан бөлүнүп, тоо башынан лыжа менен ылдый көздөй шумгудум. Бирок, орто жолдон эле алдымдан лыжа менен зуулдаган кыз өтүп калбаспы. Болгондо да шымы менен кошо трусасы ылдый шыпырылган кыз. Колунда лыжа таягы жок. Аны карайм деп жатып, лыжам ала салып барып карагайды сүзүп куладым. Болгондо да бети-башым тытылып куладым. Эптеп туруп эки жагымды карасам, жанагы кыздан дайын жок. Досторума сүйрөлүп жетсем, алар кейпимди көрүп эле тез жардам ооруканасына алып жөнөштү. Көрсө, көзүмдүн үстү да тытылып, аз жерден сокур болуп кала жаздаган экем.
Ооруканага барсак, жаңы эле апкелген кыздын колун гипстешип жатыптыр. Кыздын өңү тааныш көрүнүп, жанагы мен көргөн кыз эмеспи деп бүшүркөй карадым. Көрсө, чындап эле ошол кыз экен. Окуясы болсо мындайча болуптур.
Бул да достору менен лыжа тепкенге чыгат да, анан бир кезде туалетке баргысы келет. Лыжасын бутунан чечпей эле шымын, ич кийимин шыпырып, карагай түбүнө отурат. Бирок, оңтойсуз отуруп алган экен, лыжасы жылмышып төмөнгө алып жөнөйт. Лыжа таяктары карагай түбүндө калган болот. Ошондо жолунан мен кезигем. Аны карайм деген мен барып, карагайды сүзүп куласам, лыжасы ала качкан кыз төмөндөгү ташка урунуп кулап, колу сыныптыр. Ошентип, ал экөөбүз ооруканадан кайрадан жолугуп отуруппуз. Кыз экөөбүздүн азыр мамилебиз жакшы. Жолукканда “Тоого чыгып, лыжа теппейбизби” деп тамашалап калам.

Кемел

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
aidosh18_05
2011-08-10 20:43:58
жакшы, жакшы.
+4
Ledikv3
2011-11-24 17:45:01
hahahahah
+4
kasper
2013-05-14 20:14:02
ит экенсин
+2
chiko__89
2013-12-07 20:16:06
кулкулуу окуя болгон тура.
+2
Anaraalieva
2018-02-27 11:23:17
chiko__89,
0
Aysuluuwa
2014-12-04 00:40:21
Хе хе
0
kubzero
2015-01-21 16:22:19
Хха ха зынк
0
Maral05
2015-09-16 21:40:11
хахаго
+1
№ 194, 21-27-июль, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан