Ырчылыктан тышкары башка да иш менен алек болууну тилек кылган ырчылардын катарында Токтобек Асаналиев менен Роза Шакирова да бар. Токтобек мырза Жаңы жылга чейин кыргыз дүйнөсүн, башкача айтканда, кыргыздын бардык салттарын чагылдырган сайт ачам деп буту-бутуна тийбей чуркап жүргөн чагы. Ал эми Роза айым үн жаздыруучу студия ачуу планын ишке ашырууда.