Бир бүркүм... СЕЛСАЯКТАР СУУККА ТОҢУП НАБЫТ БОЛУУДА...
14-декабрда Орусиянын Коргоо министрлигинин имаратында асылып өлгөн 30 жаштагы эмгек мигранты Талантбек Мамытовдун сөөгү Кыргызстанга жөнөтүлдү.
Суук түшкөндөн бери Ош шаарында 6 селсаяк көчөдө каза тапканын Ош шаардык Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замирбек Сыдыков маалымдады.
Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө берүүчү көгүлтүр оттун көлөмүн саатына 5000 м3 дан 2000 м3 га азайтканын “Кыргызгаз” ААКсынын башкы директорунун орун басары Евгений Орленко билдирди.
Балдарды коргоо борборунун өкүлү Мира Итикееванын айтымында, жергебизде жаш балдардын ар бир төртүнчү өлүмү начар тамактануудан болуп, жакырчылык балдарды кылмыштуулукка түртүп жатат.
Экс-президент Роза Отунбаева өзү туулуп-өскөн Нарынга барып, Мамлекеттик университетте студенттерге дарс окуп келмекчи.
Кант кызылчасынан быйыл 165 миң тонна кумшекер өндүрүлдү. Ал эми Кыргызстандын жылдык керектөөсү 105 миң тонна шекерди түзөрүн Айыл чарба министри Төрөгул Беков айтты.
Казарман-Жалал-Абад жана Ат-Башы-Кында-Торугарт автоунаа жолдору 2011-жылдын15-ноябрынан 2012-жылдын 15-майына дейре көчкү жүрүү коркунучунан улам жабылды.
2011-жылдын аягына чейин республикабыздын абактарында үч ишкана: тигүү цехи, төө буурчакты кайра иштетүүчү жана эл чарба шаймандарын жасоочу ишканалар ишке кирерин ЖАББдын төрагасынын орун басары Калыбек Качкыналиев маалымдады.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.