Бул апта кимди тыңшаба тир укмуштай суук болуп жатканына кейип, жарыктын тынбай өчүрүлүп жатканына нааразы. Бишкек боюнча “Түндүкэлектро” ААКсынын өкүлү Улан Манапбаев: “Борбор шаарда 1-3 сааттык электр энергияны өчүрүү башталат”,- деп ансыз да сууктан кыйналып турган бишкектиктерди кейитти. Айрыкча таңкы саат 8 менен 10дун жана кечки 19 менен 22нин арасында үйлөр караңгылыкка чөмүлүшү мүмкүн.
Эл жарыкка муктаж болуп отурса, спикер Асылбек Жээнбеков кесиптештерине өтүнүч менен кайрылды. “Кабинеттерди жылуулоо үчүн бир убакытта жылыткыч меш менен кондиционерлерди күйгүзбөңүздөр. Учурда парламентте 100 жылыткыч иштеп жатат. Андыктан түнү аларды өчүрүп кетүүңүздөрдү суранам”,- деди төрага.