ОшМУга ВИДЕОКАМЕРАЛАР КОЮЛДУ

Сабак өтүүнүн жүрүшүнө жана сапатына байкоо салуу үчүн Ош Мамлекеттик университетинин айрым лекциялык аудиторияларына видеокамералар орнотулду. Бул видеобайкоо эксперимент катары коюлуп, эгер өзүн актаса, анда окуу жайдын бардык факультеттерине жайылтылмакчы. Аталган ЖОЖдогу компьютердик борбордун директору Уланбек Сопуев: “Видеобайкоонун жазуулары ОшМУнун ички локалдык тармагына кошулган. Аны көрүүгө факультеттин деканында, окуу бөлүмүндө, ректор менен окуу иштери боюнча проректорунда мүмкүнчүлүк бар. Кайсы окутуучу кандай сабак өтүп жатат, сапаты кандай, ким кайсы учурда сабакты баштады, бардыгын байкап турууга шарт бар”,- дейт.
Эми окуу жайдын окутуучулары “камералуу” аудиторияларга өз убагынан кечикпей келүүгө тырышып, студенттер китептен баш көтөрбөй окуй турган болсо, анда бир жыйынтыгы көрүнөр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
Modeshanyi
2011-12-26 12:18:02
Жакшы кылыптыр камера коюп, Пайдасын берсе керек)))
0
C-EXPRESS
2011-12-26 14:00:51
Ушул нерсени мен илгери студент кезимде ойлогон элем. Эгер камера койсо, шоктонгон студенттер, сабатсыз окутуучулар озунон озу жоголуп, дипломдун баркы которулсо керек деп. Эми куто туралы, кыргыздар коз боемочулукка маш эле...
0
jazgul87
2011-12-26 14:49:33
жакшы болуптур сессия маалында байкоо жургузуш керек ОШМУда пара алуу-беруу аябай куч алган айрыкча медицина факультетинде мугалимдер ставкаларын жашырбайле ачык-айрым айта берет жадакалса уйуно барып мугалимдин зачет алган учурларда кездешет
0
Аида
2011-12-26 18:23:16
Башкасы акча менен бутсо да мед. факультеттин студенттери оз кучтору менен окуп алышпайбы,мээси жоктору окууну таштап салышпайбы дейм да,аларга корунуштон да коркосун азыр.
0
Nurjana1982
2011-12-27 15:29:47
ничего подобного товарищи, менин синдим ошол ОшМуда 1 курста окуйт,кечээ эле сессияда мугалимдер камерасы жок аудиторияларга кирип алышып,как положено эле ар бир студенттен уялбай эле 300-500 дон чогултуп эле алыптыр старостадан. Так что камеранын эч кандай пайдасы жок, просто списание денег,опять та же коррупция и обнаглевшие пИдагоги. Баса, синдим оз кучу менен алды зачетторун)))Ишенбегиле, это все -ТУФТА
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан