«Апрелчилер»: «СУДЬЯ ОҢОЛБЕКОВ КЕТСИН!»

УКМКнын экс-башчысы Мурат Суталинов боюнча соттук процедурага төрагалык кылып жаткан Дамир Оңолбековдун кызматтан кетишин “Мекен шейиттери” жана “Айкөл Ала-Тоо” уюмдары талап кылышууда. Жогорку Сот Суталиновду үй камагына чыгаргандан кийин аталган уюмдардын мүчөлөрү анын баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы менен кайрылышкан. “Бирок биздин өтүнүчтү канааттандырбастан жана Биринчи Май райондук соттун өкүмүн эске албай, кайрадан үй камагына чыгарып койду. Бул маселеге олуттуу көз караш менен мамиле кылуунун ордуна оюн уюштуруп жатышат”,- дейт “Мекен шейиттери” уюмунун төрагасы Осунбек Жамансариев.
Эске салсак, 19-декабрь күнү Биринчи Май райондук соту Суталиновду “Апрель окуясынан кийин өлкөдөн качып кеткен жана чек арадан мыйзамсыз өттү” деген айыптар менен 2 айга камакка алган болчу. “Мындай мыйзамсыз баш аламан чечимдеринен улам эми башка судья келип, иш кайра башынан каралуусун талап кылып жатабыз”,- деп кошумчалады Жамансариев.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
BEKTUR AZHO
2011-12-27 00:57:50
Биринин этин бирин жегилечи
0
iamfirst
2011-12-27 10:53:59
Онолбой калдык го!!!
0
Sahalin
2011-12-28 15:36:11
Уят сотторго!
0
№ 477, 23-29-декабрь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан