19-декабрь күнү Москваны көздөй сапар алган өлкө башчы Алмазбек Атамбаев Евразия Экономикалык Кызматташтыгынын Мамлекеттер аралык кеңешине жана ЖККУ менен КМШнын расмий эмес саммиттерине катышып келди. 7 өлкөнүн президенттери катышкан жыйын Кремлдин чоң залында өтүп, анда орчундуу маселелерди ортого салышкан өлкө жетекчилери бир нече келишимдерге кол коюшту.
Жыйындан кийин Алмазбек Атамбаев бир катар өлкө башчылары менен жолугушууларды өткөрдү. Казак президенти менен сүйлөшүү учурунда Назарбаев: “Мен өзүм да Кыргызстандын чек арасына жакын жерде туулганмын. Биз, казактар, кыргыздар менен боордош элбиз”,- десе, Атамбаев: “Сиз чек ара жөнүндө айттыңыз. Ал кезде чек аралар жок болчу. Азыркы чек аралар адамдардын жашоосун оорлотуп жатат”,- деп азыркыга чейин жабык турган айрым казак чек ара постторун ачуу маселесин көтөрдү. Буга чейинки жолугушуулардан айырмаланып, эки президент тең жолугушууда өз тилдеринде сүйлөштү. Бул Алмазбек Атамбаевдин президент катары чет өлкөгө болгон алгачкы иш сапары.