Парламенттин спикерлиги Асылбек Жээнбековго буюруп, аны өлкөнүн экинчи адамынын ордуна 78 депутаттын добушу бекитти. Бабанов болсо Жогорку Кеңештен Жаңы жылдын алдында өкмөт башчылыкты күтүп жатат.
ИНИСИ – ТӨРАГА, АГАСЫ – ГУБЕРНАТОР
Келдибековдун кел-кели бүтүп, трибунадан түшүп, “ата журтчу” депутаттардын арасындагы ордуна барды. Ызы-чуу менен кызматтан ыргуусу аны анчалык деле камтама кылбаган окшойт, Ахматбек мырза соңку күндөрү жыйындарда көңүлү куунак отурат.
Анын ордуна келген Асылбек Жээнбеков азырынча “креслонун” ыңгайлуулугун сезе элек. КСДПнын депутаттык төш белгиси гана төрага болууга жардам бербесе, көпчүлүк бул адамдан өзгөчөлүктү көрө албай турат. Айтмакчы, “түштүктүн кулуну” деген чоң мандеми да бар. Бирок түштүктүк аксакал-көксакалдар “биз жакта кыйраткан деле кадыр-баркы жок, бул Асылбектин” деп жатышат” дейт.
Спикердин бир тууган агасы Ош облусунун губернатору Сооронбай Жээнбеков экенин баарыбыз билебиз. КСДП үй-бүлөлүк режимди кулатуу үчүн канча күч жумшап, ондогон тарапташтарынын көкүрөгүн окко тосконун эске алсак, “эми агасы кызматын өткөрүп береби же жокпу?” деген суроо жаралат.
БАБАНОВ ПРЕМЬЕР БОЛСОМ ДЕЙТ
КСДП, “Ар-намыс”, “Ата Мекен” жана “Республика” партияларынан турган кеңири коалиция түзүлгөн соң жаңы өкмөттүн курамы аныктала баштады. Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Өмүрбек Бабановдун ортого салган долбоору боюнча, 15 министрлик, 1 мамкомитет, 5 мамагенттик, 8 мамкызмат, 2 инспекция жана 3 фонд түзүлмөкчү. Бул өкмөт курамы 3260 кызмат орунун кыскартууга жана бюджеттен 1 миллиард сом чыгашанын чылбырын тизгиндөөгө өбөлгө түзөрүн билдирет Бабанов.
ЖК премьерди кийинки жумада дайындамай болду. Бирок алдын ала тараган маалымат боюнча, коалиция жаңы өкмөттүн долбоорун төмөндөгүчө даярдаган. Өкмөт башчылык Өмүрбек Бабановдо, биринчи вице-премьерлик Аалы Карашевге тийсе, экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер Жоомарт Оторбаев, социалдык маселелер боюнча вице-премьер Гүлнара Асымбекова болот деп айтылууда.
Каржы министри – Акылбек Жапаров, Экономика жана монополияга каршы саясат министри – Темир Сариев, Адилет министри – Алмамбет Шыкмаматов, Өзгөчө кырдаалдар министри – Калыбек Султанов, Саламаттыкты сактоо министри – Динара Сагынбаева, Транспорт жана жолдор министри – Эркин Сакебаев, Социалдык коргоо министри – Равшан Сабиров, Айыл чарба министри – Сапарбек Тынаев көрсөтүлүптүр.
Азыркы министрлердин арасында ордунда калуучулар да бар. Алар: Аскар Шадиев, Зарылбек Рысалиев, Руслан Казакбаев, Канатбек Садыков, Алиясбек Алымкулов, ал эми Ибрагим Жунусов Маданият министрлигине каралууда.
ӨМҮРБЕК БАБАНОВ,
өкмөт башчылыкка талапкер,
41 жашта.
Талас облусунун Кара-Буура районунда туулган.
Айыл чарба жана Юридикалык академияны аяктаган.
Үй-бүлөлүү, 3 баланын атасы.АСЫЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВ,
Жогорку Кеңештин спикери,
48 жашта.
Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган.
Кесиби – агроном жана экономист.
Үй-бүлөлүү, 6 баласы бар.