ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Азиреттин суранычы менен Аскар Азаматтын ишин кайрадан каратууга макул болду. Балким, көңүлүнүн түпкүрүндө анын күнөөсү жок экенин ал деле билсе керек. Бирок уулунан жаңы айрылган учурда ага баары бир болчу. Азаматтын күнөөсү барбы же жокпу, териштиргиси келген эмес. Дүйнөгө, адамдардын кайгысына кайдигер карап калган эле. Өз уулун жоготуп жатканда башканын уулу тууралуу ойломок турсун, дүйнөңдү сел алсын дегендей абалда эле. Азирет “ата, өз башыңдан деле өткөн экен. Сени да бир кезде күнөөсү жок эле түрмөгө салып коюшса, анын абалын менден да жакшы түшүнүп турасың. Ал жигит менен жолугуп келдим. Менимче, ал – ак. Эгерде аны чыгарып алсак, чыныгы кылмышкерди табуу да оңой болчудай” деп кайра-кайра айтып жатты. Акыры Аскар Азиреттин сөзүнө муюду. Бул иштин башталышы гана болчу. Азирет эми Аскаттын ар бир досуна жолугуп, ал тууралуу билгенге аракет кыла баштады. Бирок ага ачык кастарын тиккен деле адам жок экенин билди. Эч кандай илинчек таппаганынан улам окуя болуп өткөн жерге, Ысык-Көлгө жөнөмөк болду. Бирок ага чейин апасын жайгаштырышы керек. Антпесе көңүлү тынгыдай эмес.
– Апа, мен экөөңдүн тең уулуңмун. Андыктан экөөңө тең керекмин. Мени экиге бөлүп ала албагандай эле, экөөңдүн тең мага болгон сүйүүңөрдү бөлө албайм. Мен атама да, сага да керекмин азыр. Эмнеге чогуу жашоого болбосун?..
– Дагы эмнени баштаганы турасың, уулум? Тынч эле кетип калалычы, суранам. Эмнеге минтип көжөлүп жатасың? Экөөбүз жаман жашадыкпы?
– Апа, мен сенден эч качан эч нерсе сурап көргөн эмесмин. Ушу суранычым биринчиси да, акыркысы да болсун. Андан да биз ал жакка түбөлүккө калып жаткан жокпуз да.
Мариям эч нерсеге түшүнө албай турду. Анын жашоосу минтип түп тамырынан өзгөрүп кетишине өзү да даяр эмес эле.
Бул учурда Аскар менен Аиданын ортосунда да айыгышкан күрөш жүрүп жаткан. Азирет менен Мариямдын бул үйдө турарын укканда Аиданын көздөрү чоңоюп кетти.
– Кандайча?
– Азирет менин үйүмдө, жанымда болушун каалайм. Ал болсо апасын жалгыз таштабасын айтып жатат. Бул аз эле убакытка, анан өздөрүнө үй сатып берем,- деди Аскар токтоо гана.
– Сенин азыр деле сатып берип койгонго мүмкүнчүлүгүң бар го...
Аиданын муздак каректери жарк эте жаалданып кетти. Биринчи жолу чектен ашып кыжырланып, эмоциясын жашыра албай турганы ушу.
– Түшүнсөң, мен уулумду 21 жылдан кийин таптым. Анын өзүмдөн алыс болушун каалабайм. Аны күндө көрүп тургум келет. Эртең менен чогуу тамак ичип, кечинде коңшу бөлмөдө уктап жатканын сезгим келет. Аскатты жоготуп алгандагы абалымды билесиң.
– А мен тууралуу ойлонуп көрдүңбү? Сенин мурунку аялың менен чогуу жашай албасымды түшүнөсүңбү?
Аскар ага кайдигер тигилип койду. Оюнда “ал биринчи сени менен турууга макул болот болду бекен? Азыр мени ошол нерсе көп тынчсыздандырып жатат!” деп санаасы сапырылып жатты. Мойнуна алышы керек, канча жыл бул аялга деген жек көрүү муунтуп келсе да, жүрөгүндө бир ысык нерсе калган экен.
– Мен Азиреттин мында жашашына араң макул болгом. Өлдү деген адам эле маңдайымда көзүн бакырайтып турганына араң көнүп келе жатсам, эми мунусу... Жок, мен чыдай албайм.
Аскар жаш аялды бир тигилип тиктеп токтотту. Көз карашында ушунчалык кыжырлануу, араң чыдап тургандай жатыркоо бар эле.
– Токтот! Баары мен айткандай, мен чечкендей болот! Эгерде көңүлүңө жакпаса, анда...- деп колун жайып коюп бөлмөдөн чыгып кетти.
Мындайды күтпөгөн Аида шалдырай отуруп калды. Чын эле, эгерде каалабаса эмне кыла алат? Жок дегенде баласы болсо, сөзү чоңураак болмок. Азыр көңүлүнө жакпаган иш кылса, ажырашам дегенден кайра тарта турган түрү жок. Анда кайда барат? Жыргал турмушка, эч нерсени ойлобогон, эртеңки күндүн камы жок жашоого эбак көнүп алган. “Эмне үчүн Аскардан балалуу болуунун камын көргөн жокмун? Аскардан азыр балам болгондо бардык көзүрлөр менин колумда болмок. Эми эмне кылуу керек? Тиги аялдын бул үйдө жашашына жол беремби?” Аиданын мээси тынбай иштеп жатты.

ххх

– Кел, кош келипсиң, Мариям.
– Аскар, кечирип кой. Сага оордук кылайын же жашооңо кийлигишейин деген оюм жок эле. Бир ойлогонум Азирет...
– Мен дагы Азиретти ойлогонумдан макул болдум.
Мариям башын чайкай жумшак күлүп койду.
– Эмне болду?
– Ал мага “бул идеяны атам айтты. Мен макул болдум” деген эле. Бирок демилге өзүнөн чыкканын айтпаса деле түшүнүп тургам. Уулумдун айлакерлигине күлдүм.
– Уулубуздун де, Мариям, уулубуздун...
Аскардын үнү катаал чыкты. Мариям ага таң кала тиктеп алып, айласыз курч көздөрдөн тайсалдай карегин ылдый түшүрдү.
– Мени жек көргөн адамыңдан да жаман жек көрсөң керек, ээ?- деди акырын гана.
– Жок, мен сени көбүрөөк аясам керек. Аялдык акылсыздыктан үч эркектин тагдырын бүлдүрдүң. Сени аяйм, анткени Аскаттын жанында болгон жоксуң, анын кандай адам экенин, анын жеңиштерин, анын сүйүүсүн сезе албадың. Аскат – менин жашоомдогу эң чоң жеңишим жана бактысыздыгым. Эне катары...- Аскар дагы кызуулана бир нерсе деп баратып, Мариямдын жүзүндөгү салаалаган жашты көрүп унчукпай калды.
– Уланта бер.
– Сен туура эмес кылгансың, Мариям. Барып турган акылсыздык...
– А сен менин ордумда болгондо эмне кылат элең? Эки баланын бирин бутуна тургузуп кетсем, ошо олжо дедим мен. Менин жалгыз эгиз балдар менен калган абалымды элестетсең... Бирөөнү күнөөлөш оңой, Аскар.
– Мен өлүп калбайт элем го. Сен мага ишенген жоксуң. Ак экениме ишенген жоксуң. Алдың да, баланын бирин таштай салып, бет келди качып жөнөдүң. А мен сени күчтүү аял деп ойлочумун. Болуптур, ал ал болду, эмне үчүн мага Азирет тууралуу айткан жоксуң? Эгерде бактылуу кокустук болбогондо, мен уулумду өмүр бою көрбөй калмак экенмин да, ээ?
Ушул учурда эшик шарт ачылып, күлүп-жайнаган Азирет кирип келди. Анын аркасынан Аида...
– Апа, сенин бөлмөң менин оң жагымда, ал эми атамдыкы сол жагымда. Чыныгы керемет эмеспи...- деп келе жатып, тиги экөөнүн өңүн байкай калып токтоду.
– Эй, силерге не болду?
Аскар ачуусун токтото берип, Азиретке күлүмсүрөй тиктеди.
– Эч нерсе, апаң Аскат тууралуу бир нерсени сурады эле, айтып берсем, ошого капа болуп турган кези. Мариям, таанышып кой. Бул – үйдүн кожойкеси, менин сүйүктүү жарым Аида.
Аскардын үнүндөгү какшыкты Мариям гана эмес, Азирет да туйду. Мариям башын көтөрө берип, өзүн тикчие тиктеп турган Аиданы көрдү. Мариям өз учурунда психология илимин да жакшы өздөштүргөн. Алдында турган суйкайган келинди бир тиктеп эле кандай адам экенин түшүндү. “Эх, Аскар, жетер жериңе жеткен экенсиң да” деп ойлоп турду ичинен.
– Ата, азыр айтып коёюн. Апама бул үйдө эч кандай кысым көрсөтүлбөсүн, үй-бүлөнүн кадимки мүчөсүндөй кабыл алышыңыздарды сурайм. Болбосо, апам менен башка үй караштырууга туура келет. Эрте айтып коёюн дедим силерге. “На всякий случай” дегендей,- деп тамашалай сөзүн бүтүрдү Азирет.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
aminali
2011-12-30 21:33:50
Сонун чыгарма,кино кылса элдин бары күтүп жатып жарылып кетпесек болду.Элестетип алып эле жарылайын деп араң турам.
0
Elit
2011-12-31 14:18:46
aminali, даа мен да сага кошулам 10000000000%
0
love_girl
2011-12-31 16:03:42
uffff... daaagy bir juma...
0
Tareg
2011-12-31 18:50:20
ooo kudai ai... Emi dagy 1 juma... Oi olup ketem go....
0
jonne
2012-01-02 14:36:59
Марияидын кылганы туурабы достор?...
0
bopos
2012-01-02 21:11:48
jonne,туура эле го менимче,ал да баласынан болунгусу келбей жатат да.ал эми Аида бир нерсе кылса керек коркконуна караганда.эрте отсо экен бир жума.
0
zzz---zzz
2012-01-02 21:16:16
Эгер кино болуп тартылса мени алар бекен
0
nurgula
2012-01-04 15:40:14
Аскар жеке озунун кызыкчылыгын ойлогон акмак да
0
Sulamita
2012-01-07 16:31:21
Мамам башын айтып берип кызыктырып коюп эми мен минтип бул жака кирип окуй баштадым )
0
ernis_07
2012-01-07 23:14:09
Эмоцияны ичке катабыз урматту окурмандар бул болгону корком чыгарма да.Бирок,жакшы чыгарма мен да интернеттен узбой окуйум
0
Tareg
2012-01-08 21:45:36
men birinchi jolu ushul serial degenge kabyldym da... Bugun chydabai kaira ele teksherip okup atam, janysy je bir chykpait eken, eeek, emi ertenkige chein kantip uktaim ya?
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан