“Балаты астындагы эротикалык оюндар“ деген макала жазсам, бир интернет колдонуучу “биздикилер мунун бирин да жасабайт. Жаңы жыл кирип келгенче эле мас болуп уктап калат” деген билдирүү калтырыптыр. Андыктан, мырзалар, бул сөздү жокко чыгарып, сүйүктүүңүзгө майрамдык сюрприздерди тартуулаңыз.
АЯЗ АТАДАН ШАМПАН
Сүйүктүүңүз ашкана тарапта жүргөндө жарым жылаңач денеңизге Аяз атанын кийимин кийиңиз да, ал тарапка бет алыңыз. Албетте, колуңузда шампан куюлган эки бокал жана закускеге шоколад болсун. Жанына жыла басып барып, белинен аяр кучактап, көздөрүңүздү ойноктото “Жаңы жылың менен, жаным!” деп кулагына жагымдуу шыбыраңыз. Шампан ичкенден кийин оозуңуз менен шоколад жегизиңиз.
ГҮЛДЕСТЕ ЖАНА ИЧ КИЙИМ
Бул майрамда сөз менен гана куттуктоо айымдар үчүн аздык кылат. Андыктан Аяз атанын баштыгынан алдын ала даярдалган белегиңизди сүйүктүү жарыңызга бериңиз. Мисалы, ызгаардуу кышта бажырая ачылган роза гүлүн алуу кимди гана кубантпасын?! Андыктан роза гүлүн жана анын өңүндөй ич кийим же болбосо зер буюмдардын топтомун белекке бериңиз. Бул сүйүктүүңүз үчүн өзгөчө белек болоруна ишенип коюңуз.
ЭРОТИКАЛЫК ОЮНДАР
Белек берип гана тим болбостон, ар кандай эротикалык оюндарды уюштуруңуз. Мисалы, шахмат, шашки, карта оюндарын ойноого болот. Жеңилген адам сөзсүз атаандашынын каалоосун орундатууга тийиш. Мүмкүн болушунча жан биргеңизге жеңилип берип, анын каалоолорун чын ниетиңизден аткарыңыз, жыйынтыгы жемиштүү болот.
ФОТОСЕССИЯ
Ооба, алдын ала фотоаппаратыңызды “октоп” коюңуз да, балатынын фонунда өзгөчө фотосессия жасаңыздар.
ЭРОТИКАЛЫК МАССАЖ
Шоколад массажын колдонуу ар бир эле айымдын кыялында. Андыктан эритилген шоколад менен түгөйүңүздүн чоло жерин калтырбай сүйкөп, жонуна “Мен сени сүйөм!” деп тилиңиздин учу менен жазыңыз. Массаждан соң шамдар жагылган жуунуучу жайга чакырыңыз. Мындан аркы сюрприздерди кыялыңызга жараша улантып кете берсеңиз болот.
Сайракан курбусуна айтып жатат:
– Кечээ үйгө Эшмат келиптир. Көпкө унчукпай отурду. Бир убакта мага жабышып кирсе болобу! Моокумун кандырды да, үндөбөстөн кетип калды... Эмнеге келгенин да айткан жок. Силерде да меникиндей суроо жаралбасын үчүн эмнеге келгенимди айтып коёюн, Жаңы жылыңар менен куттуктайын деп баш баккам. Кирип келген Балык жылыңар менен!
Бир кишиден “эмнеге бутуңду кыскан батинке кийип алгансың?” деп сурашса, тиги:
– Аялымдын өңү серт. Анысы аз келгенсип төшөктө да канааттандырбайт. Өзүм жакшы эле аракеттенейин десем, кайдан-жайдан кайненем же уулум пайда болот да, тоскоол болушат. Менин бир гана кубанычым – ушул батинкемди чечүү,- деп жооп бериптир. Ушул жылы бизди төшөктө да кубанычтар коштоп турсун! Келгиле, ошон үчүн бокалдарды кагыштыралы.
Көзү илинип кеткен бир киши түш көрөт. Түшүндө ай десең айдай, күн десең күндөй сулуу кыз менен төшөктө жаткан болот. Экөө эзилишип махабаттын туу чокусуна чыгышат. Ошентип, дагы бир жолу ырахатка батайын деп жатканда “тырайып уктап жатканын кара мунун! Тур, эй!” деген аялынын ачуу үнүнөн чочуп ойгонуп кетиптир. Келгиле, ушул жылы жакшы түштөрдүн баары орундалсын!
Апасы бойго жеткен кызынан сурап жатат:
– Кызым, Жаңы жылдан эмнени күтөсүң?
– Бир нерсени каалап жатам... Ммм... семичке же күйөө...- дептир.
Андыктан ушул жылы семичке да, күйөө да, жана башкалар да болсун!
Келгиле, ушул жылы тамак-аштын молдугунан үстөлдөр, ак сүйүүдөн керебеттер сына берсин! Ошон үчүн ичип коёлу, достор!
Астра Айдарова
erotika@super.kg