2012-ЖЫЛГА ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ

КОЙ

Иш, финансы. Жылдын алгачкы эки айы окуяларды, жолугушууларды тартуулайт. Айлыгыңыз да көбөйөт. Бизнести кеңейтүүгө же жаңы ишти өздөштүрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Май айында карыздарды кайтарышат же ал карыздарды кечип коюшуңуз мүмкүн. Жыл аягында материалдык байлыкка ээ болуп чыга келесиз.
Ден соолук. Жылдын башы хирургиялык операцияларды жасатууга ылайыктуу. Бул учурда организмиңиз бат калыпка келет. Январда жүрөк, февралда бел ооруларына кабылуу коркунучу бар. Апрелде муундарды сактоо кажет.
Жеке жашоо. Жалгыз бойлор жайдын аягында өзү күтпөгөн жерден сүйүктүүсүнө жолугат. Сентябрь жана декабрда жеке мамилелерге көлөкө түшүп, сүйүү азабы күтүлөт.

БУКАЧАР

Иш, финансы. Январда финансылык операциялар жакшы жүрөт. Бирок акчаны үнөмдөө керек. Июнь – жаңы ишке орношууга ылайыктуу ай. Августта кыймылсыз мүлк маселелерин чечүү оңойго турат.
Ден соолук. Январда кайсы жерде ооруңуз болсо, айкын билинет. Андыктан текшерүүдөн өтүңүз. Мартта аялдардын сүт бездери ооруга жакын болот. Мүмкүн, сезгенүүлөр жаралып, дарыланат. Апрелде тамак ооруларына кабылбоого аракет кылуу зарыл.
Жеке жашоо. Жылдын биринчи жарымында туугандар арасындагы чырга аралашып, кимдир бирөөсү менен узакка кол үзүшөсүз. Апрелде бойдоктор кыялындагыдай адамга жолуга алышат. Июлдагы таанышуу жан дүйнө кыйноосуна гана салып, оң жыйынтык бербейт.

ЭГИЗДЕР

Иш, финансы. Жаңы ыкмаларды, жаңы иштерди өздөштүрүүдөн коркпоңуз, алар сизге мыкты жыйынтык алып келет. Бирок кыймылсыз мүлк, оңдоп-түзөө иши узакка созулуп, кыйынчылык алып келиши мүмкүн. Январда, октябрда чоң буюм сатып алууңуз күтүлүүдө.
Ден соолук. Мартта табарсык, бөйрөк оорулары курчушу мүмкүн. Декабрда уулануунун алдын алуу үчүн ашыкча ичимдик ичүүдөн, шектүү тамак-аштардан баш тартыңыз.
Жеке жашоо. Бойдокторго күз жакшы тааныштарды тартуулайт. Алардын ичинен сүйүктүүсүн таба алышат. Үй-бүлөлүүлөр үчүн жооптуу мезгил – жайдын аягы, күздүн башы. Ушул убактарда чырлардын алдын албаса, узакка созулуп, жүдөтөт.

БӨЙӨН

Иш, финансы. Жыл ичинде жамаатка, досторго жана жакындарга таянуу менен ийгиликтерге жете аласыз. Февралда демөөрчүлөр колдоо көрсөтүшөт. Чет элдиктер менен иштешесиз же чет элдик ыкманы өздөштүрөсүз. Июнда фортуна колдоп, каалагандай суммада акчага ээ болосуз.
Ден соолук. Январда заара чыгаруу жолдорунун ооруларына кабылбоого аракет кылып, жылуу жүрүңүз. Январь – диета кармап, арыктоого ылайыктуу мезгил.
Жеке жашоо. Бул жыл өзгө­рүүлөрдүн жылы, окуялар биринин артынан бири болуп турат. Февраль жашооңузду түп-тамырынан өзгөртүшү мүмкүн. Бойдокторду күз айлары жаңы сезимдер толкунуна чөмүлтүп, жашоолорун шаңга бөлөйт.
Үй-бүлөлүүлөрдө мамиле жы­луу-жумшак болот.

АРСТАН

Иш, финансы. Кошумча акча булагына ээ болгуңуз келсе, бай адамдарга жакын болуп, алардын ийгилик сырлары менен таанышыңыз. Жыл ичинде кыймылсыз мүлккө байланышкан чыгашалар күтүлөт. Февралда акчанын баарын сарптоочу чоң иш чыгышы ыктымал. Июлда кандайдыр бир чоң буюмга күтүлбөгөн жерден ээ болуп, кабагыңыз жаркыйт.
Ден соолук. Жыл башында көз оорулары курчуйт. Июнда нервге күч келтирүүчү иштер көп чыгат. Стресстен адистин жардамы менен чыкканыңыз оң.
Жеке жашоо. Жайында сизди баалуу кеңеш берип, колдоо көрсөтүүчү абройлуу адам менен таанышуу күтөт. Күздүн башы жашооңузга жарык тартуулап, сиз күткөн адам менен кезиктирет.

БИЙКЕЧ

Иш, финансы. Мартта авантюралар менен күмөндүү иштерден коркпоңуз. Октябрда чыр-чатактуу окуянын сизге тийиштиги болот. Бул аброюңузга доо кетириши мүмкүн. Апрелде бирөөлөрдүн алдап кетүүсүнөн сактаныңыз. Июль – кирешелер менен чыгашалардын айы.
Ден соолук. Февралда тамак жана ашказан ооруларына чалдыкпоого аракет кылуу кажет. Июнда жаракаттарга кабылуу коркунучу чоң. Өзгөчө үйдөн алыс жүргөндө сак болуу зарыл. Июнда варикоздон дарылануу жакшы натыйжа берет.
Жеке жашоо. Иштин көптүгү үй-бүлөлүүлөргө түгөйүнө калыптагыдай көңүл бөлүүгө мүмкүндүк бербейт. Андыктан улам майда чыр чыкпасы үчүн бири-бирин түшүнүүчүлүк керек. Бойдоктордо сүйүү романдары жазда башталып, жайдын аягында баш кошуу менен аякташы күтүлүүдө.

ТАРАЗА

Иш, финансы. Жыл жагымдуу окуялар менен башталат. Мындан улам жүзүңүз нурданып, жашооңуз жаркый түшөт. Жылдыздар жыл ичинде жумуш орунду алмаштырбоого кеңеш беришет. Май айында жамаатта сизге атаандаш чыккандардын кылыгына чыдоо керектелет. Июнда, октябрда күтүлбөгөн ийгиликтер оң энергия тартуулайт.
Ден соолук. Май айында өпкө, өт, ашказан, ичегилерге жакшылап көңүл буруу кажет. Жыл аягында өт, уйку без оорулары козголуп, курчушу мүмкүн.
Жеке жашоо. Январь-февраль сиздин көңүлүзгө толорлук таанышууну тартуулап, сезимдерди жандырат. Июнь, ноябрь – баш кошууга ылайык айлар. Үй-бүлөлүүлөрдө мамилелер апрелде жана ноябрда салкындап барып калыпка келет.

ЧАЯН

Иш, финансы. Акча­ табуунун көптөгөн жолдору ачылат. Мартта сараңдыктан качыңыз. Жамаатта иштегендерге ич күйдүлүк кылуу жакшылыкка алып келбейт. Жылдын экинчи жарымында банктан насыя акча алып, аны керектүү ишке салууга мүмкүнчүлүк бар. Жакындарыңыз колдоп, чоң тилегиңизди ишке ашырышат.
Ден соолук. Январда канда канттын деңгээли жогорулашы мүмкүн. Ушул себептүү текшерилүү кажет. Майда инфекциялык ооруларды жуктуруу коркунучу жогорулайт, абайлаңыз.
Жеке жашоо. Сүйүү фронтунда күчтүү сезим алоолонот. Мунун аягы көпчүлүк Чаяндарды никелешүүгө жеткирет. Үй-бүлөлүүлөрдө февралда, августта мамилелердин салкындашы күтүлүүдө. Андыктан чыдамдуу болуп, ортодогу сыйды сактоо зарыл.

ЖААЧЫ

Иш, финансы. Жеңиштерге тез жетүүнү кыялданбай туруңуз. Кирешени көбөйтүү же чыгымды азайтуу жаатындагы идеялар январда жаралат. Мартта иш которууну ойлогондорду ийгилик жылоолобойт. Июнда финансы маселелери бат чечилет. Жашоо шартын жакшыртам дегендердин кыялы күзгө таяп ишке ашат.
Ден соолук. Жылдын биринчи жарымында иштин көптүгү өнөкөт чарчоого туш кылып, ооруларды козгошу мүмкүн. Эс алууга убакыт бөлүңүз. Декабрда муун оорулары козголуусу ыктымал. Алдын алыңыз.
Жеке жашоо. Жазында сүйүктүүлөр арасында акча маселесинен же убадага турбагандыктан чыр чыгат. Кырдаал курчуп, мамилелер каалаган убакта үзүлүп кетиши ыктымал. Андыктан абалды оң нукка буруу сиздин колдо.

ТЕКЕЧЕР

Иш, финансы. Каалоо, тилектерди жарыя кылбай туруңуз. Бут тосууларды жарата тургандар чыгат. Лидерлик позицияны ээлөөңүз мүмкүн. Январда шаарда (же айылда) болуп өтө турган бир чоң окуяга сиз да аралашасыз. Киреше июндан кийин гана аздап өсө баштайт.
Ден соолук. Ашыкча салмактан арылууга апрелде киришпөө дурус. Анткени арыктоо бир топ ооруларды алып келүүсү мүмкүн. Июлда сезгенүүгө кабылуу коркунучу чоң. Кээ бирөөлөрдөн кызыл жүгүрүк оорусу табылышы ыктымал.
Жеке жашоо. Мамилелер сизге жакпаган нукта өнүгүүсү мүмкүн. Мамилени сактап калуу же уратуу сиздердин каалоодон көз каранды. Үй-бүлөлүүлөрдө мамиле жаздын башталышында жагымдуу өзгөрүп, көбү балалуу болууну пландайт.

СУУПЕРИ

Иш, финансы. Башка ишке өтсөңүз да, жаңы долбоор баштасаңыз да, сиз жасаган иштер бааланат. Андыктан жыл ичинде өзүңүздү материалдык жактан ишенимдүү сезесиз. Чоң нерсе сатып алам дегендерди май айы кубантат. Сентябрда өзүн актабаган иш-чараларга кабылууңуз ыктымал.
Ден соолук. Келбетти жакшыртуу максатта арыктар толуп, толуктар арыктоосу мүмкүн. Жыл ичинде өнөкөт оорулар эле убак-убагы менен өзүнөн кабар бербесе, ден соолугуңуз чың болот.
Жеке жашоо. Сүйүшкөндөр жайдын ортосунда ойлонулбаган кадамдарынан азап тартышат. Бири-биринен кечирим суроо убактылары да узарып, күздө жарашып же кол үзүшүп тынышат. Үй-бүлөлүүлөрдүн мамилеси күздө бир топ салкын тартат, бирок жагымдуу чоң окуя сезимдерди кайра бекемдейт.

БАЛЫК

Иш, финансы. Ишкер мамиледе пассивдүү позицияда болуу оң. Иште чыңалууну жараткан абалдар көп чыгат. Андыктан баш-оту менен иштөөгө туура келет. Январдагы бизнестеги кемчиликтер февралда калыпка келет. Июнда финансы жаатында алдамчылардан сак болуу кажет. Октябрь, ноябрда кирешелер көп болуп, кыялдарыңыз орундалат.
Ден соолук. Июль, октябрда боор оорулардын курчушу күтүлүүдө. Жеп-ичкендериңизге көңүл буруп, жеңил тамактарга ыктаңыз.
Жеке жашоо. Жазгы мамилелер сүйүүгө өсүп жетпейт. Күз – бойдоктор үчүн да, үй-бүлөлүүлөр үчүн да сүйүүнүн алоолоп жанган учуру. Көп тилектер ишке ашат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
snnt
2011-12-31 00:46:30
Мага абдан жакты
0
NUKESHKA
2011-12-31 01:00:41
Vaaaaaaaaaaaa;)maga a9bay jakti:)
0
Guljamal
2011-12-31 07:33:31
Саламатсынарбы урматтуу мекендештер баардыгынарга кудайым колдоо коргоссун эгер ушул жылдык толго чын болсо анда мен кубанычтамын!!!!!
0
uulkyz
2011-12-31 17:47:26
nonsens
0
NADUW
2011-12-31 22:28:43
ukmuw tim ele
0
romayana
2012-01-06 01:28:06
Жыл ичинде коробуз, чынбы же жалган....
0
tursun
2012-01-06 17:56:01
Жакпай калды
0
Nursaikal
2012-01-07 00:39:15
Жакты, жакшы эле, бирок жетиштуу эмес...
0
nazi-88
2012-01-07 15:24:37
башы жакшы башталып,акырын келтирип коюпсуз го менин жылдызым,бирок баары бир мен ишенбем го
0
MIRlan
2012-01-08 11:08:50
Ден-соолук чо-то жакпады!
0
sahalin2011
2012-01-08 16:49:42
ото жакшы,!
0
A_l_i_b_e_k
2012-01-09 00:55:28
Мен ушундайларга абдан ишенемда тимеле каты ишенем! (тескер.) Аябай окшоштурган экенсиңер. Бааръ бир гана Алла Талладан. Мындайларга ишенүү Аллага шек келтирүү болуп эсептелет. Аллага шек келтиргендер бейиштин туткасында көрүшпөйт. Ошондуктан пенделер мындайлардан колдон келишинче алыс болсоңуздар.
0
Peri91
2012-02-10 12:37:23
оооооооо неужели, менин толгоом биринчи жолу туура чыкты! Аябай жакшы, рахмат!
0
Nurasan
2012-02-23 20:12:14
Мен ишенбейм,кудайдын айтканындай болот
0
№ 478, 30-декабрь - 5-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан