Быйыл кыш катуу болду. «Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен?» деп Асан Кайгы кайгыргандай, «кыштын ызгаарында селсаяктардын акыбалы не болду экен?» деген ой бизде да жаралды.
СЕЛСАЯКТАРДЫН ҮЙҮН АПАС ЖУМАГУЛОВ НЕГИЗДЕГЕН
Ош шаарында акыркы эки ай ичинде 5 селсаяк суукка тоңуп каза тапкан. Буга байланыштуу «Көчө» аталган рейд жүрдү. Анда селсаяктарды убактылуу жайларга жайгаштыруу иш-чаралары жүргүзүлгөн. Калаанын бардык селсаяктары үчүн убактылуу «мейманканалар» ачылган. Алардын бири – Бишкекте ачылган «Коломто» кайрымдуулук үйү. Бул жайдын тургундарынын абалын билүү үчүн «Коломтого» бет алдык.
Бул үй селсаяктар үчүн 5 жылдыздуу мейманканага тете жана жайы-кышы тынбай иштеп келет. Ысык-муздак суусу бар душ, 1 маал ысык тамак, телевизор, атүгүл медициналык жардам менен камсыздалган.
Эки кабаттуу үйдүн босогосун аттаарым менен жагымсыз жыт мурдумду жарып кетти. Деги эле бул жыт имараттын узун коридоруна сиңип калгандай.
Биринчи кабатта ордунан туруп баса албаган майыптар, карыялар баш калкалашса, экинчи кабатта тыңыраактары... Көпчүлүгү бул жайга бир түн жылуу-жумшак таң аттыруу үчүн келишет. Аларды милиция же «Тез жардам» кызматкерлери алып келишет. Барарга жери жок 1-2 айга чейин жашап калгандары да жок эмес.
Мени «Коломто» кайрымдуулук фондунун директорунун орун басары Сатымкул Молдалиев тосуп алып, көйгөйлөрүн айтып берди.
– Кайрымдуулук үйүңүздөр жөнүндө айтып берсеңиз...
– Биздин жай 1998-жылы Апас Жумагуловдун демилгеси менен негизделген. Бизге келип түшкөн адамдарды жуунтуп-тазалантып, медициналык текшерүүгө жөнөтөбүз. Себеби арасында туберкулёз же дагы башка оорулардан жапа чеккендер да бар. Биздин атайын комиссия менен флюорографиядан өткөрүп, канын текшертебиз. Катуу суукта буту-колун үшүккө алдырып алгандар да бар.
– Канча адам жашап жатат?
– Бүгүнкү күндө 77 адам бар. Катуу суук болгондо күнүгө 20га жакын адам келип жатты.
– Башка аймактардан келип, кандайча сиздерге түшүп калышат?
– Көпчүлүгү ал-күчтөн тайгандар. Таң калганым, кээ бирлерин балдары атайын шаарга алып келип таштап кетишет. Ал эми айрымдарын маршруткага салып жиберишет. «Пайдасы жок» дегендериби же ордунан туруп баса албаган ата-энени кароону чоң көйгөй катары көрүшөбү, айтор, азыркы жаштарды түшүнө албайсың. Орустар мерез десек, азыр кыргыз балдары деле өз ата-энесине таш боор болуп баратат.
– Сиздерге кайрылгандардын жашы канчадан канчага чейин?
– Бизге келип түшкөндөр 25тен 80 жашка чейинкилер. Аз убакыт мурун эле 18-19 жаштагы 4 кыз келип түшкөн. Төртөө тең аракеч экен, жытынан жанына тура албайсың.
ЖЕТИМИШТЕГИ ЭНЕНИН СҮЙҮҮСҮ
Канчалык сүйлөшкөнгө аракет кылсам да, аталган жайда убактылуу баш калкалап жаткандардын көпчүлүгү сүйлөшүүнү каалашпады. «Бул жайга кантип келип калдыңыз, абалыңыз кандай?» деп бул жайда көптөн бери жашагандардын эки-үчөөнү маекке тарттым.
Бекматов Бактыбек:
– Бул жакка келгениме бир айдын жүзү болду. Өзүм Жумгалдан ооруканага көрүнгөнү келгем. Шаарда туугандарым жок, көчөдө калбаш үчүн бул жакка келүүгө туура келди. Өзүм майыпмын, таяк менен жүрөм. Медициналык комиссиядан өтүш үчүн кайра ооруканага жатууга туура келип жатат. Буюрса, Жаңы жылдан кийин айылга кайтам деп турам.
Үчүнчү маектешим Надежда Холодованын улуту орус болгону менен, кыргызчаны таза сүйлөйт экен. «Мен кыргыз мектепте окугам» деп көптөгөн кызыктарды айтып, ортосунда кыргыз обондорун да созуп жатты.
– Жакында 70ке толом. Менин тагдырым абдан тайкы. Башымдан кандай гана күндөр өткөн жок. 7 жылдан бери болгон Карылар үйлөрүн кыдырып чыктым. Акыркы үч айдан бери ушул жайда жан сактап жатам. Кудайга шүгүр, мен баарына ыраазымын! Жаратканыма «аллоху акбар!» деп кыргызча да, орусча да сыйынып, жалынып турам.
Бир кызым бар, ал өз оокаты менен алек, мен ага таарынбайм. Бирок «азыркы балдар неге мынча таш боор, неге ата-энелерин карабайт?» деген суроого жооп таба албай кыйналам (ыйлап жиберди)! Канча кыйналсам да, жакшылыктан үмүтүм үзүлбөйт. Ырдап-ырдап эс алып калам. Мыскал Өмүрканованын ырларын жактырам,- деп обон созуп кирди.
«Сүйүү жашка карабайт» демекчи, сүйүктүүсү Карылар үйүндө жашаганын айтып, Надежда эне капаланып жатты.
«Акыркы төрт жылдан бери экөөбүз эки жакта жашап жатабыз. Мага Кудайым канча сыноо берсе да, мен сабырдуулук менен жеңем» деп ыйламсыраган энеге боорум ооруду. «Бардыгы жакшы болот, капа болбоңуз» деп коштошконума карабай, ал мени жол боюна чейин узатып, артымдан көпкө карап турду.
Мальвина Уметбекова
koom@super.kg