КУМДАГЫ СУЛУУ

Эропозия

Шайлообек Дүйшеев

Кызгылт кеч. Аптап эзилген,
Кызгылт от агат четинден.
Элеңдеп суудан кыз чыкты,
Энеден туума чечинген.

Аягын шилтеп абайлап,
Ал чыкты секин, аярлап,
Жалдырап тиктеп калышты,
Жалбырак, токой, жалаң бак.

Ак балтыр аста ачылган,
Алакан аяр жашырган.
Агылган айдың чачы анын,
Акырек ылдый чачылган.

Чачырап күн да кактады,
Чатырап сулуу басты ары.
Чалкадан түшүп... денесин,
Чалкыган кумга таштады.

Айтсам дейт таш да тил жасап,
Ай, Кудай! Мында ким жатат?
Апачык таштап дүйнөсүн,
Алоолоп сулуу тим жатат.

Шыбактар желге агышкан,
“Шырп” этпей токтоп калышкан.
Чолпусун каккан дайра да,
Чочулап турат агыштан.

Көкшүнү суубай тал карайт,
Көгүш нур тынбай аймалайт.
Көгүчкөн тумшук мамагы,
Көзү жок Барпы кайдалайт?..

КУСА БОЛУП КУМАР ОТУ ТАРАБАЙ...

(Жапакеңдин чөнтөк дептеринен)

Бир убакта сүйдүм, сүйдүң ченебей,
Минутуңду миң жылдарга теңебей!
Калың бактуу, буйгат жерге токтолуп,
Көксөп көңүл, сезим оту козголуп.
Көзүңдү жумуп, көндүң ыкка, секетим,
Көп анчалык каршылыгың жок болуп.
Жая салып болгондорду алдыга,
Ыштаныңды такыр чечип таштадың.
Ошол жерге барып жүрдүк дайыма,
Убакыт таап, калса колдор бош болуп...

КОЛДОРУМ СОЙЛОЙТ ШОК БОЛУП

Жытынан, ай, кумардуу сенин денеңдин,
Кучактап сени эсимден танып кетемин.
Кышкы түн узун, шашпастан жай кыймылдап,
Кийимиңдин баарын калтырбай бирден чечемин.

Моюндан тиштеп, кытыктап назик тил менен,
Белиңден тартып, денеңди бери имерем.
Торсоюп турган кош алмаң мени азгырып,
Чыдабай кетип, өпкүлөп, эмип жиберем.

Кышкы түн узун, шашканда эмне, ашыкпай,
Өпкүлөп чыгам эч жерден чоло калтырбай.
Көзүңдү жумуп, кыңкыстап, назик жалынып,
Жата тур дагы, кышкы түн узун, шаштырбай.

Уйпалап менин ансыз да тармал чачымды,
Тырмагың жонго беш салаа изин калтырды.
Жытың бир сонун, махабат даамы даамданган,
Кумарым канбай, эсимден мени тандырган.

Колдоруң ысык, денеме назик оролуп,
Эриниң балдай, өпкөндө ысык чок болуп.
Изилдеп сенин эрогендүү денеңди,
Ылдыйды көздөй колдорум сойлойт шок болуп.

СССР, 19.12.2009
(интернет форумдан)


Кызык экен 

ЭРКЕКТЕР ЭМНЕ ҮЧҮН БУТУ УЗУН КЫЗДАРДЫ ЖАКШЫ КӨРҮШӨТ?
Адатта эркектерге узун бут кыздар көбүрөөк жагат деп ойлойбуз. Бул ой туура же калпыс экенин билүү үчүн окумуштуулар изилдөөлөрдү жүргүзүп келишет. Айрым изилдөөлөрдө: “Кыздардын узун буту – жакшы ден соолуктун кабарчысы. Мындай кыздар бала кезинде жакшы тамактанып, бою менен кошо буту да өсүп отурган (же узун болуу генинде бар). Ден соолугу чыңдардан саламаттыгы жакшы балдар туулат.
Эркектердин көбү эмне үчүн өзүнө узун бут кыздар жагарын так билишпейт. Чындыгында, ага табият “ушундай кызга үйлөнсөң, чымыр денелүү, мыкты балалуу болосуң” деп шыбырап турат. Муну табигый тандоо десек жарашат”,- деп айтылат.
Узун буттуу кыздарды жакшы көргөн эркектердин өздөрүнөн себебин сураганда алар:
"Түндө моюнга асып алууга жакшы", "узун буттуулардан узун балдар төрөлөт", "катар басканда эл аялыңа суктана карашат" дегендей жоопторду беришкен.

КЫЗДАР ЭМНЕ ҮЧҮН АКЧАЛУУ ЭРКЕКТИ БААЛАШАТ?
Ооба, кыздар акчалуу эркектерге турмушка чыгууга аракет кылышат. Көрсө, бул жөн жерден жаралган ой-кыял эмес экен. Илимпоздордун жыйынтыктарына таянсак, анда “эркектин биологиялык милдети бул – аялзатын багынтуу. Андыктан атаандашын жеңе билүү эркектин генинде бар. Ургаачы үчүн ал баарына даяр: мушташууга, интригага...
Аялзаты болсо, эркектер өзү үчүн курмандыкка кантип барып жатканын байкап, карап турат. Анан эң күчтүү, кыйынын тандап алат. Анткени табият ага ушундай мыкты эркектен саламаттыгы чың бала төрөлө тургандыгын айтып турат. Болгону, учурда эркектин кара күч жагынан артыкчылыгы анча роль ойнобойт. Маанилүүсү, болочок ата балдарын үй, тамак-аш менен жабдуусу керек. Андыктан акчалуу эркектер акчасыздарга караганда көбүрөөк жагат. Муну кээ бирлер “расчёт” менен тийди” дешери мүмкүн. А чынында, бул “генетикалык программа”,- деп айтылат.


Эротикалык окуя

СҮРӨТТҮН ШЫЛТООСУ

– Кесибим сүрөтчү болгондуктан, көчөдө отуруп сүрөт тартам. Каалоочулар бет маңдайыма отуруп, портретин тарттырып кетишет. Бир жолу ошентип отурсам толук, сулуусымак бир келин келди. Ачык неме экен, маңдайыма отургандан тиги-мунуну сүйлөшүп, бат эле ымалалашып кеттик. Күйөөсү Орусияга иштегени кетиптир. Байкасам жылмайып, кашын кагып, мени жактырып калгандай түр көрсөтөт. “Колго түшкөн коёнду, коё берген оңобу?” деп мен да тийишип кирдим. Колун кармалап, тизесин сылагылап койсом, назданат, тимеле чиркин. Аңгыча жамгыр жаап кирбеспи. Келин “ий, суу болобуз го. Эй, жигит, мынча болду, биздикине барбайлыбы? Үйдөн сүрөттүн калганын бүтүрөсүң...” деп көзүн сүздү. Жым дей түшүп эле “кеттик” дедим. Ошентип, үйүнө бардык. Дасторконду жайнатып, коньяктан бирди алып келди. Бири-бирибизге тийишип, анда-санда өбүшүп жатып, тигини жартылаттык. Кызып калганыбызда чечиндик да, төшөккө култ койдук. “Толук аял менен болуп көрө элек элем, бир көрөйүнчү” деп коём ичимен. Денеси жумурткадай аппак, анан жумшак экен. Аймалап бетинен, мойнунан, мамагынан өөп жатам. Ал да мага чаптала жабышып, туш келди жеримен өөп, алаама колун салып, кармалап, ахалап-охолоп кирди. Көзүм тумандап эле басып жыгылдым. Сексуалдуу неме экен, ыкмалардын түрүн көргөзүп, эсимди оодарды. “Ох, жаным, өлүп кетем го. Минтип мени эч ким жыргалга батыра элек. Жаным, ой, жаным, дагы, дагы...” деп сыга кучактап, жалынып да жатат, жалбарып да жатат...
Ошентип, түнү менен тынбадык. Эртеси узатканда “эртең да күтөм, жаным. Эми сени эч кимге бербейм” дейт. Ошондон бери ага байландым да калдым. Сүрөт болсо али тартылып бүтө элек.

ЖАНЫБАРЛАРДЫН ТӨШӨК ОЮНУ

  • Эң укмуштуу жаныбар бул – мите курт-солитер. Анткени анын жыныстык мүчөлөрү абдан көп. Тактап айтканда, денесинин ар бир муунунда (сегментинде) ургаачы жана эркек жыныстык мүчөсү бар. Мындай курттардын узундугу жөн койсо өсүп кете берип, 70 метрге чейин жетет. 70 метрлик курттун муундарынын саны 11 миңге жетет. Демек, анын 11 миң эркек жана ургаачы жыныстык мүчөсү бар. Андан да шумдугу, ар муундагы жыныстык мүчөлөр өз ара жыныстык катнашка барып, жумуртка таштайт.
  • Эң ири жаныбар болгон пилдин эркектери эң назик, чыдамкай кавалерлер. Алар өзүнө керектүү ургаачыны 3-6 ай аралыгында издеп табышат. Андан соң ургаачы пилдин көңүлүн бурдуруу үчүн түрдүү азык ташыйт. Мисалы, банан. Ургаачы пил аны артынан ээрчитип жүрүп, 1 айдай убакыт өткөндө гана макулдугун берет.


Юмор 

КИМ ЭМНЕГЕ ДАТТАНАТ?

  • Ал тээ башынан эле мага буюмдай мамиле кылчу. Конокко барганда да унутуп кетчү.
  • Аялым көзүмө чөп салабы байкап көрөйүн дедим. “Командировкага кеттим” деп коюп, 2 сутка жер төлөдө отурдум. Ага эч ким келген жок, бирок көчүгүмө сыз өтүп, “алигим” көпкө иштебей калды.
  • Мен аскерге кетип жатканда айылдаш кызым “менин кыздыгымды кантип алганыңды, келериң менен мага үйлөнөрүңдү унутпа!” деп булганган трусасын берген эле. Кызмат өтөп жүрсөм, досум катында ошол эле кыз ага да ошондой труса берип, ошондой сөздөрдү айтканын жазыптыр. Эми мага кыздыгы бар кыздар бекер тием десе да албайм.
  • Аялым кайсы бир жерден “үй-бүлөлүк маселелерди түшкү тамактан кийин, секс учурунда талкуулоо керек” дегенди окуп калыптыр. Жыйынтыкта мен семиз жана импотент болуп калдым.


Алигидот 

Эркек сойкуканага келип, аялга кайрылат:
– Мага кара чачтуусунан бирди, бирок унчукпай турганынан.
– Пожалуйста, 16-бөлмө, кыз сизди күтүп жатат.
Эркек кирет да чечинип, кумарын кандырат. Кыз унчукпайт, бирок мурду агып жатат, сыягы, суук тийип калган окшойт. Эркек анын мурдун аарчыйт да, кайра төшөк оюнуна киришет.
Эртең менен эркек кетип жатат.
Аял: – Кандай, ыраазысызбы?
– Баары жакшы, бирок мурдунан агып жатат, тумоолоп калган окшойт,- дейт да кетет.
Аял: – Эй, ким бар, 16-бөлмөдөгү манекенди алмаштыргыла. Толуп калыптыр!

Астра Айдарова
erotika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (28)
koni-koni
2012-01-20 21:13:13
aligidot jakshy eken :))
0
Nurasan
2012-01-21 08:53:34
Кызык экен
0
Eldiyar
2012-01-21 14:44:14
Шакемдин поэзиялары жакты!!!
0
Sanjarbratt
2012-01-21 15:01:10
Канча убакытта жазды болду экен ырларын
0
aidinaernur
2012-02-04 02:31:37
ушу кыргыздын жаштары жок дегенде пилдей болуп бир ай дегенде тошоко барса болоор беле таанышканда эле жата калбай!!!
0
Begimkyz
2012-02-06 18:36:49
тартыла элек сурот...хе-хе озунчо эле юмор го... Бир коргон адам менен эле жата беришсе кыз,келиндер онбойт го деймда, же ойдон чыгарылып жазылды бекен...
0
Santana
2012-05-30 02:47:06
Begimkyz, а сен ишенип калдынбы?жаза беришет оюна келгенин
0
bakutboy
2012-02-09 00:30:13
идеал менен башталып одеал менен буткон сурот болот го тартып бутсо
+1
Nurtotash
2012-02-21 20:44:45
fuuu. manekeni juroktu ailantat go
0
workaholic
2012-02-28 14:47:05
анекдот ужас экен
жазбай эле койбоптур.
конул айлантпай
0
aelinaaa
2012-03-23 01:55:17
бой узунбу кичинеби ал Аллах тараптан жаралган
-1
Gulnisa
2012-04-26 18:54:38
поэзиялар жакшы жазылган.
0
bektursun2010
2012-07-25 15:11:36
анегдотту айал киши жазса керек
0
Krasnyi.kg
2012-11-21 14:18:42
Шумдук келин экенсин
0
aizish
2013-01-25 07:12:29
Манты эле жай беремби самса деле жейин деп жатып маникен экенин да байкабайсынар эркектер
+2
Zverchik
2013-04-26 14:56:50
andai bolso baikap korgulo kyzdar
+1
№ 480, 13-19-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан