Азыр көпчүлүк кино сүйүүчүлөр саатты карап, жаш-кары дебей «Тангем башталар убакыт болдубу?» деп калышты. Минтип кинону күтүп зарыккандар үчүн бул кино тууралуу баян курууну чечтик. Анда эмесе, сиздер сүйгөн «Сарай бермети» сериалы тууралуу айтып берели.
Өлкөсү – Түштүк Корея
Чыккан жылы – 2003
Жанры – Тарыхый мелодрама
Режиссёру – Ли Бён Хун
Продюсери – Чо Чун Хён
Сценарийдин автору – Ким Ён Хён
Башкы ролдордо – Ли Ён Э, Чи Чин Хи, Хон Ли На, Им Хо, Ян Ми Гён, Кён Ми Ри жана башкалар
Сериялардын саны – 70
Бюджети – 15 миллион доллар
Сатыктан түшкөн каражаты – 40 миллион доллар
ТЫРЫШЧААКТЫК ИЙГИЛИККЕ ЖЕТКИРЕТ
Окуя XVI кылымдагы Кореядагы Чосон династиясында болуп өтөт. 8 жашар Тангем ата-энесинен ажырагандан кийин апасынын керээзи боюнча падышанын сарайында жашап, ал жактан эң мыкты ашпозчу болууга бүт аракетин жумшайт. Ишин мыкты аткарган Тангемди көрө албагандар пайда болуп, аны сарайдан кууп салышат. Күчтүү жана эрктүү адамдар өз жолунан баш тартпай, кыйынчылык келген сайын күчтөнгөндөн күчтөнөт эмеспи. Анын сыңарындай, баш каарман кыйынчылыктарга моюн сунбай, жашоосун Чечжу аралына барып уланта берет. Ал жакта малай болуп кара жанын багып жүрүп, табыпчылыкка кызыгуусу артат. Тырышчаактыгы, өжөрлүгү менен эмгекти айкалыштырып жүрүп, аралдагы эң мыкты айым-табып атыгат.
Бир канча убакыт өткөндөн кийин мурда иштеп кеткен сарайга кайтып келет. Медицинадагы билими падышаны таң калтырып, акыры ал падышанын жеке дарыгерине айланат. Тасманын кульминациясы ушул жерде. Анткени Кореяда ал убакта эркектердин бийлиги өкүм сүрүп, эркектер гана күчтүү деп эсептелинип, айымдар анчалык укукка ээ эмес болгон кезде Тангем чоң бурулуш жасайт. Бул учурга чейин эч качан падышанын сарайында айымдар табып болгон эмес. Тангем сарайда айымдардын арасындагы алгачкы табып атыгат. Ошондуктан ага Де (Улуу) деген ат ыйгарылып, ал Улуу Тангем атка конот. Улуу Тангем падышанын жүрөгүнө да чок салат. Бирок падышанын сүйүүсүнө жооп бере албайт. Анткени ал кыйын учурларда жардамын берип жанында жүргөн сарай сакчысы Мин Чун Хону сүйөт.
Тасманын аягында падышанын он эки эли ичегисине операция кылыш керек болуп калып, ал «мындай операцияны айымдар жасабаш керек» деп макул болбой койгондуктан, оорусу күчөп каза табат. Өмүрү бүтүп баратканын сезген падыша Тангем менен Миндин сарайдан чыгып кетүүсүнө буйрук берет. Сарайдан чыгып кеткен экөө үйлөнүп, кыздуу болушат. Кызы Со Хён 8 жашка чыкканда ханыша алардын ушул эле айылда жашап жатканын угуп калып, Тангем менен Минге сарайга кайтып келүүнү сунуштайт. Бирок алар бул сунуштан баш тартышат. Анткени Тангем карапайым, оорулуу адамдарга жардам берип жашагысы келет.
УЛУУ ТАНГЕМ ЧЫН ЭЛЕ ЖАШАГАНБЫ?
XVI кылымда Кореяда Чосон династиясынын учурунда Тангем аттуу легендарлуу айым жашаган. Тасмада ошол айымдын тагдыры чагылдырылат. Тангем Чосон династиясынын жылдык отчётторунда жети жолу эскерилет. Падыша Сончжон Тангемдин медициналык билимине таң берип, алгачкы жолу айым-табыпка ишенип, өз үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугун да ушул адамга тапшырган экен. Ушул окуядан кийин Тангем Улуу Тангем атына татыйт. Окумуштуулар азыркы күнгө чейин Тангем деген адам чындыгында эле жашагандыгын же жашабагандыгын талашып-тартышып келишет.
«САРАЙ БЕРМЕТИНИН» ТОЛКУНУ ДҮЙНӨНҮ КАПТАДЫ
Тасма корей маданиятын таанытуу менен бирге ушул калктын элдик медицинасы жана ошол учурдагы ашканасына басым жасайт. Тангемдин окуясына багытталган бул тасма Кореяны таанытып гана тим болбостон, туристтердин санынын жогорулашына да салым кошуп жатат.
«Сарай берметин» дүйнөнүн булуң-бурчу көргөндүгү көпчүлүктү таң калтырбаса керек. Тасма Кытай, Тайвань, Малайзия, Сингапур, Бруней, Япония, Индонезия, Филиппин аралдары, Таиланд, Вьетнам, Австралия, АКШ, Швеция, Орусия, Канада, Индия, Израиль, Венгрия, Жаңы Зеландия, Украина, Иордания, Египет, Дубай, Түркия, Нигерия, Зимбабве, Перу, Колумбия, Мексика, Венесуэла, Коста-Рика, Пуэрто-Рика, Тринидад жана Тобаго, Румыния, Босния жана Герцоговиня, Венгрия, Англия, Иран, Өзбекстан сыяктуу көптөгөн өлкөлөрдө көрсөтүлгөн. Дагы да болсо бул катарды толуктаган өлкөлөр бар. Мисалга алсак, бизде.
«ТАНГЕМ» АЗЫР ЭГИЗ БАЛАЛУУ
Тасманын баш каарманы Тангемдин ролун корей актрисасы Ли Ён Э аткарган. Ал 1971-жылдын 31-январында Түштүк Кореянын Сеул шаарында туулган. Мындан башка көптөгөн тасманын көркүн ачкан корей жылдызы 2009-жылы корей улутундагы америкалык ишкерге турмушка чыгып, үйлөнүү тоюн АКШда өткөргөн. Азыр актриса эгиз балдардын энеси.
САУНДТРЕГИ – “ONARA”
“Onara” – эски корей ыры. Бул ыр да көптөгөн дискуссияларды жараткан. Эски корей тилинде болгондуктан, аны которуп түшүнүү, маанисин чечмелөө кыйынга турган. Ыр Чосон династиясынын учурунда пайда болгон жана XIX кылымда популярдуу болгон пхансори стилинде.
Ырда жетпей калган сүйүү тууралуу айтылат. Башка өлкөлөргө сериалдын жайылышы менен саундтреги да ар кайсы тилдерге которулуп, тасма менен кошо ырдалып келет.
ТАСМА ТУУРАЛУУ КЫЗЫКТАР
Перизат Музуратбекова
kino@super.kg