реклама
Архив
792   793   794   795   796   797   798   799   800   801   802   803   804   805   806   807   808   809   810   811   812   813   814   815   816   817   818   819   820   821   822   823   824   825   826   827   828   829   830   831   832   833   834   835   836   837  
740   741   742   743   744   745   746   747   748   749   750   751   752   753   754   755   756   757   758   759   760   761   762   763   764   765   766   767   768   769   770   771   772   773   774   775   776   777   778   779   780   781   782   783   784   785   786   787   788   789   790   791  
687   688   689   690   691   692   693   694   695   696   697   698   699   700   701   702   703   704   705   706   707   708   709   710   711   712   713   714   715   716   717   718   719   720   721   722   723   724   725   726   727   728   729   730   731   732   733   734   735   736   737   738   739  
635   636   637   638   639   640   641   642   643   644   645   646   647   648   649   650   651   652   653   654   655   656   657   658   659   660   661   662   663   664   665   666   667   668   669   670   671   672   673   674   675   676   677   678   679   680   681   682   683   684   685   686  
583   584   585   586   587   588   589   590   591   592   593   594   595   596   597   598   599   600   601   602   603   604   605   606   607   608   609   610   611   612   613   614   615   616   617   618   619   620   621   622   623   624   625   626   627   628   629   630   631   632   633   634  
531   532   533   534   535   536   537   538   539   540   541   542   543   544   545   546   547   548   549   550   551   552   553   554   555   556   557   558   559   560   561   562   563   564   565   566   567   568   569   570   571   572   573   574   575   576   577   578   579   580   581   582  
479   480   481   482   483   484   485   486   487   488   489   490   491   492   493   494   495   496   497   498   499   500   501   502   503   504   505   506   507   508   509   510   511   512   513   514   515   516   517   518   519   520   521   522   523   524   525   526   527   528   529   530  
427   428   429   430   431   432   433   434   435   436   437   438   439   440   441   442   443   444   445   446   447   448   449   450   451   452   453   454   455   456   457   458   459   460   461   462   463   464   465   466   467   468   469   470   471   472   473   474   475   476   477   478  
374   375   376   377   378   379   380   381   382   383   384   385   386   387   388   389   390   391   392   393   394   395   396   397   398   399   400   401   402   403   404   405   406   407   408   409   410   411   412   413   414   415   416   417   418   419   420   421   422   423   424   425   426  
322   323   324   325   326   327   328   329   330   331   332   333   334   335   336   337   338   339   340   341   342   343   344   345   346   347   348   349   350   351   352   353   354   355   356   357   358   359   360   361   362   363   364   365   366   367   368   369   370   371   372   373  
264   265   266   267   268   269   270   271   272   273   274   275   276   277   278   279   280   281   282   283   284   285   286   287   288   289   290   291   292   293   294   295   296   297   298   299   300   301   302   303   304   305   306   307   308   309   310   311   312   313   314   315   316   317   318   319   320   321  
217   218   219   220   221   222   223   224   225   226   227   228   229   230   231   232   233   234   235   236   237   238   239   240   241   242   243   244   245   246   247   248   249   250   251   252   253   254   255   256   257   258   259   260   261   262   263  
176   180   181   182   183   184   185   186   187   188   189   190   191   192   193   194   195   196   197   198   199   200   201   202   203   204   205   206   207   208   209   210   211   212   213   214   215   216  
Популярдуу макалалар
Akbuura gazeta

БЕШИК БАЙЫРТАДАН КЕЛГЕН ТАБЕРИК

№480 13-19-январь, 2012-жыл


Мезгил өткөн сайын адамзаттын жашоого болгон көз карашы да өзгөрүп келет, аны менен бирге күнүмдүк жашоодо колдонуучу буюмдар да замандын талабына жараша өзгөрүүдө. Ал эми кээ бир буюмдарды кылымдар бою пайдаланып келебиз. Алардын бири касиеттүү Умай энеден калган таберик – бешик.

КӨЧМӨН ТУРМУШКА ШАРТТАЛГАН
Ата-бабаларыбыз көчмөн калк болгондуктан, бешик биринчи ирет көчмөн турмуш үчүн шартталган. Көчкөн кезде бешикке салынган наристени өз энеси өңөрүп жүрчү. Ошондой эле бешик энелерге наристени бакканга, таза кармаганга, уктатканга бир топ ыңгайлашып, күнүмдүк жашоодогу эң чоң жардамчысы болуп келгени талашсыз. Бешик жасоодо байыркы усталар бардык ыңгайлуулуктарды эске алышкан. Байкасаңыздар, баш жагындагы алкакка тирөөч орнотулган. Ал эне бешикке салмагын салып эмизгенде тирөөч кармап туруусуна ыңгайлашкан. Ошондой эле бешиктин эки таманына жаа сымал жыгачтар ашталып, бешиктин термелишин жеңилдетет. Бешик төрөлгөн наристенин тазалыгы, денеси менен акылынын ойдогудай калыптанышына чоң жардам берет.

АРЧАНЫ АЛБАРСТЫ ЖАНДАБАЙТ
Бешик талдан, жаңгактан, арчадан жасалат. Эң баалуусу — арча бешик. Баланы бешикке бөлөөрдүн алдында алгач ар кандай оору, жин-шайтандар жашынып калбасын деп арча менен ичи-сыртын аласташат. Кээде бешикте жаткан баланын денесинде учу агарган майда-майда кызыл тактар пайда болуп калышы мүмкүн. Анткени күн жүзүн көрбөгөн бешиктин жыгачында курт пайда болуп, баланы чага башташы ыктымал. Андай учурда бешиктин олпогун күнгө жайып кургатышат. “Арчадан жасалган бешикке курт түшпөйт” деп эл арасында бааланып келет. Элибиз арчанын бекемдигин, чирибестигин, жайы-кышы көгөрүп турганын күнүмдүк турмушта байкап-билген. Ошондон улам бөлөнгөн баланын ден соолугу бекем, узун өмүр берсин деп арча бешикке бөлөп келишкен.
“Кир болсо, албарсты уялап алат” деген ишеним болгондуктан, бешикти илгертен таза тутуп келишет. Бешикти күнгө жайганда караңгыга калтырбайт. Себеби “караңгыда сыртта калган бешикке шайтан жатып алат. Ага жаткан наристе чочуп, ооруй берет” деген ишеним да бар.

ЫРЫМ-ЖЫРЫМ, ИШЕНИМДЕР
Ымыркай төрөлүп, киндиги түшкөн соң жети күнгө жеткирбей аны бешикке салышкан. Ал күнү жыт чыгарылып, атайылап бул жөрөлгөгө чаначтагы сары майдан томурулуп, мал-жан союлуп, коңшуларга, тууган-урукка тамак берилип, бата алынган. Наристени бешикке айыл ичинде сый-урматка татыган, кадыр-барктуу апалардын бири бөлөп, келген коноктор баланын бешигине боорсок жана таттууларды чачышкан. Мындай каада бүгүнкү күнгө чейин сакталып келүүдө. Бешикке салардан мурун анын ичи-сыртын аластап, жакшы тилектерин айтып, бешикти, шимекти суу май менен майлашат. Бөлөгөнгө чейин бешиктин ичине эркек балага балта же чот, бир нече чүкө, ал эми кызга кайчы, шуру же сөйкө салып коюшат. Бешиктен балта же чот, чүкөлөр түшүрүлүп, арча түтөтүлүп аластаган соң наристени бөлөгөнгө киришет. Балта же чот салуу – жаны темирдей бекем болот деген ишеним болсо, кайчы – кыздын колу уз болсун деген ниет. "Умай эне жаман жин-шайтандардан баланы сактайт" деген ишенимден улам чүкөнү бешикке байлап да коюшат.
Баланы бешикке саларда "шайтан кач, кач, кач, ээси келди!" деп жаткырышып, "Бешик апа, бек карма, Умай эне, уйку бер" деп таңуу керек. Илгери апалар эмгекти сүйсүн деген тилек менен кетмен, балта, чот баштаган жети эмгек куралын бешикти айлантып койгондугу жөнүндө да маалымат бар. Салт боюнча жуурканы, куржуну, кабы, баштыгы болуп тогуз нерсени бешикке жаап, төрөлгөн баланын таенеси берет.
Көп балалуу үй-бүлөнүн бешигин ырымдап көбүнчө баласы токтобогон аялга беришет. Андай келин бала төрөп калган учурда бешиктин ээсине белек-бечкек берип ыраазычылыгын алуусу керек.

БАШКА ЭЛДЕ...
Калмак элинин илгерки бешиктеринде баланын тизелерин эки тарапка түртүп туруучу атайын буюм бар болгон. Бурят калкында да бөбөктүн тизелеринин ортосуна тоголоктолгон терини же башка нерсе коюп бөлөп келишкен. Бул атайы баланын буту тайтайып өсүүсү үчүн жасалган чара. Андай буттар аттын капталына чып жабышып, ат жалында шамдагайлыкка шарт түзгөн.

БЕШИКТИН ЖАБДУУЛАРЫ

Бешиктин жабдуулары 1 миң сомдон өйдө. Учурда жабууларына, борткосуна ар түрдүү оймо-чиймелер түшүрүлүп, ал эми күлтүктөрү айнек, пластмассадан да жасалат.

Жабуулары – бешикти сыртынан жабуучу кездеме. Жайкы жабуу баланы чымын-чиркейден сактоо үчүн тордон тигилет. Кышкы жабуу балага жылуу болуш үчүн калың кездеме – баркыттан тигилет.
Бортко – баланы байлоо үчүн жумшак кездемеден тигилген жазы курлар. Бала муну менен эки жеринен: тизесинен жана төшүнөн таңылат. Төшүн таңуучу бортко узунураак жана кененирээк болсо, бутун таңуучу бортко кыска жана ичке болот.
Олпоктору – күлтүктүн орду оюлган үч кабат төшөк. Эң астыңкы олпоктун ичине арчадан салып тигишет. Бул баланы бешик курттан сактайт. Анын үстүнө баланын асты калың болуусу үчүн эки катар төшөк салынат.
Шимек – заара агып, күлтүккө түшүүгө ыңгайлашкан буюм. Жыгачтан жасалган жаңы шимекти кызып турган майга салып күйгүзүп алуу керек. Андан соң күнгө жакшылап кургатат. Ошондо жыгачтын майда таарындылары жоголуп, сыйда болот. Шимек эркек балага өзүнчө, кыз балага өзүнчө жасалат.
Күлтүк – баланын заарасы менен заңы түшүүчү идиш. Адатта бул идиш чоподон же жыгачтан жасалат. Бирок азыркы күндө айнектен, пластмассадан жасалган идиштерди да колдонуп жүрүшөт. Заара ары-бери чайпалып, чачырабаш үчүн күлтүккө топурак же күл салып коюшат.
Жаздык – баланын башына коюлат.
Бут ороосу – баланын бутунан белине чейин жабуучу жууркан.

БЕШИК МЕНЕН БАЙЛАНЫШКАН ИШЕНИМДЕР

  • Бош бешикти терметсе, балалуу болбой калат.
  • Бешикти бут менен тээп жылдырганга, үстүнөн аттап өткөнгө болбойт, наристени бешиктин үстүнөн алып бербейт.
  • Бир убакта эки адам эки башынан көтөргөнгө болбойт. Себеби бул сөөк койгондо табытты эки башынан көтөрүүгө окшоштурулат. Ошондой эле эки адам да бир учурда терметпейт.
  • Бешикти сыртка алып чыга турган болсо, биринчи аяк жагын чыгарат.

Мальвина Уметбекова
koom@super.kg



"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.

Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
16.01.2012. 16:16 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1
Катталган:
19-10-2011
Соӊку аракети:
05-01-2018 17:28
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
бишкек
0
Сонун маалымат экен, бирок май чаначта эмес карында болот. Ошон үчүң карын май деп айтылыт.
17.01.2012. 03:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
25
Катталган:
19-12-2010
Соӊку аракети:
17-03-2018 09:03
Жынысы:
Белгисиз
0
Обаа чаначта кымыз болот, сарымай эмес эле.
19.01.2012. 11:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
193
Катталган:
05-10-2010
Соӊку аракети:
16-11-2018 21:45
Жынысы:
Белгисиз
0
men bölögüm kelbeyt beşikke
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул макаланы окуду:

Макалалардын саны:
21471;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2018 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Күрөӊкеев көчөсү - 180
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: