– Азат, канча жашыңдан бери ырдап келатасың?
– Негизи, мен 7 жашымдан бери ырдап жүрөм. Алгач орус, англис тилдериндеги ырларды ырдаганга аракет кылып, өзүмчө кыялданып ырдай берчүмүн. Кийинчерээк өз алдымча ыр жаза баштадым. Ошентип, чоңойгон сайын ырга болгон кызыгуум өсө берди. Бирок, эмнегедир чоң сахнага ырдап чыгып, ырчы болом деп такыр ойлогон эмесмин. Анткени, ырчылыкты жөн гана хобби катары кабыл алчумун. Бирок, музыкага болгон шыгымды байкаган ата-энем чыгармачылыкка баш отум менен аралашып калганыма түрткү болушту.
– Демек, сенин чыгармачылыгыңды ата-энең колдойт тура?
– Ооба, анткени атам да, апам да чыгармачылык эмне экенин жакшы түшүнүшөт. Абам, башкача айтканда, атамдын бир тууган агасы обончу болгон. Ал эми апам Лариса Асанбекова – акын. Ыр жазып калганым апамдан, ал эми обон жаратканым абамдан жукса керек. Ошондон улам үйдөгүлөр мени толук түшүнүшүп, колдоо көрсөтүп келишет.
– Өчүп калбастан, келечекте популярдуу ырчы болом деп өзүңө ишенесиңби?
– Албетте. Талыкпас эмгек менен көп изденүүнүн аркасында алдыга койгон максаттардын баарысына жетсе болот.
– Көңүлүңө жаккан кызың барбы?
– Бар болчу, бирок азыр жок. Анын үстүнө азыр кыз жетелеп жүргөнгө убактым жок.
– Кыздарды улутуна карап жактырасыңбы?
– Жок. Улуту мен үчүн роль ойнобойт. Негизгиси, түшүнүктүү, чынчыл, жароокер болсо болду да. Эгерде улуту башка кыз көңүлүмө жагып, чын жүрөктөн сүйүп кала турган болсом, анда ал кызга үйлөнүшүм шексиз.
– Тийишкен кыздарга кандай жооп кыласың?
– Ороңдобой, жумшак жооп бергенге аракет кылам.– Көңүлүңө толгон белек алдың беле?
– Былтыр ата-энем мектепти бүтүшүң менен деп “Ауди 80” маркасындагы машина белек кылышкан. Ошондо сүйүнгөнүм азыркыдай эсимде.
– Окууңду бүтүп, өз кесибиң менен иштейсиңби?
– Иштейм. Азыр окуп жаткан кесибим мага абдан жагат. Келечекте ушул кесип боюнча мыкты адис болуп чыгуу – тилегим. Окуумду бүтөөрүм менен болбосо да кийинчерээк өз кесибим менен иштейм.
– Кыялыңда эмнеге жетпей жүрөсүң?
– Чыгармачылык бийик деңгээлге. Бирок, баары алдыда эмеспи.
– Жайды кандай өткөрүп жатасың?
– Учурда мен чыгармачылыктын үстүндө катуу иштеп жатканымдан эс алганга убакыт жок. Ошентсе да убакыт таап эки-үч күнгө кереметтүү Ысыккөлгө барып энергия топтоп келишим керек.
Маектешкен Жаркынай Нусубалиева