Акыркы күндөрү улуттар аралык араздашуулар көбөйүп бараткандай сезилет. Жакында эле Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында кыргыздар менен даргин улутундагы адамдардын ортосунда жаңжал чыккан. Бул жаңжал эмнеден чыкканын иликтеп көрүүгө аракет кылдык.
“ЖӨН ЖЕРДЕН САБАП САЛЫШТЫ”
Окуянын башы Жаңы жыл түнү туугандарын жеткирип коюп келе жаткан 3 кыргыз баланын 20-хутор айылында машинасы бузулуп калып, аларды ошол жерден даргин улутундагы балдар сабап койгондон башталган.
Жаңы-Жер айылынын тургуну, азыр ооруканада жаткан Зарлык уулу Аралбай окуяны төмөнкүчө баяндап берди:
– Мен Эстек, Азамат аттуу досторум менен бирге Жаңы жылды тоскондон кийин туугандарымды үйүнө жеткирип коюп келе жаткам. 20-хутор айылынын жанына келгенде машинабыз бузулуп калды. Аны чукулап жатсак, 5-6 даргин бала келип Эстекти чакырып калышты. Сүйлөшүп турушкан, бир маалда бирөөсү Эстекти уруп жиберди. Карап турмак белек, чуркап барсак, алар бизди да сабап киришти. Машинаны да тепкилешкендиктен алдыңкы айнегинен жарака кетип, эшиги кыйшайып калыптыр. Менин мурдум сынып, көзүмдүн кан тамыры жарылып, мээм чайкалыптыр. “Нашаа таап бер” деп коркутуп, Эстектин телефонун, акчасын алып, анан машинанын дөңгөлөгүн жарып кетип калышты...
ЭКИ КҮНДӨН КИЙИН ОТ АЛЫП...
Кыргыз балдарды сабагандыгын угуп калган айылдаш балдар 2-январь күнү кечки саат сегиздерде спортзалга келген даргин улутундагы балдардын машинасынын дөңгөлөгүн жарып, ортодо “разборка” уланып кетет. Бул кабар даргиндерге тарап, жүздөн ашуун даргин чогула калат. Тирешип турган маалда айылдын участкалык инспектору келип калат да, кыргыз балдар качып кетишет. Ал эми даргиндер барган сайын көбөйө башташат. Элдин айтуусунда, 200дөн 400гө чейин даргин улутундагы адамдар топтолгон. Алардын колунда бычак, темир таяк сыяктуу ар кандай куралдар болгон. Жадакалса бирөөсү тапанча менен эки жолу атып жиберген. Бирин асманга, экинчисин бирөөнүн бут алдына аткан. Кийин окуя болгон жерден тапанча огунун гильзасы табылып, милиция кызматкерлерине берилген. Азырынча ал гильза газ тапанчасыныкы болушу мүмкүн экени айтылууда. Учурда баллистикалык экспертиза жүргүзүлүүдө.
Участкалык инспекторду да бычак менен коркутушканы тууралуу сөздөр бар, бирок ал муну четке кагууда. “Жаштар чыкса күчөп кетет” деп жаштарды чыгарбай, аксакалдар, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жана участкалык инспектор болуп сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, эки тарапты таратууга жетишишет. Окуядан кийин Жаңы-Жер айылына кошумча Сокулук РИИБинин кызматкерлери да тартылган.
МИЛИЦИЯ ЭМНЕ ДЕЙТ?
Чүй ОИИБинин Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы Рустам Мамыров төмөнкүлөрдү билдирди:
– 2-январда эки айылдын жаштарынын ортосунда мушташ чыккан. Бул факт боюнча 8 жаран кармалып сурак берүүдө. 2 киши Сокулук райондук ооруканасына жаткырылды. Иликтөөдө улуттар аралык чыр эмес, жөн гана түшүнбөстүктөн келип чыккан жаштар арасындагы мушташ экендиги билинди.
Улуттар аралык чыр чыгып кетпеши үчүн айыл өкмөтүнүн аймагында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Учурда абал туруктуу жана көзөмөлдө. Бул факт боюнча “бейбаштык” беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
“ЖАМАН АДАМДАР БАР, БИРОК ЖАМАН ЭЛ ЖОК”
20-хутор айылынын старостасы Хидри мырза:
– Чыр болгонун угуп барсак, мектептин жанында колдоруна таяк кармаган бир топ жаштар топтолуп турушуптур. “Эмне турасыңар? Бул көйгөйдү аксакалдар чечет, силер кеткиле!” деп аларды таратып жибердик.
Эки-үч адамдын мушташканын эки улуттун мушташканы деп кабыл албоо керек. Биз мурунтан эле ынтымактуу жашап келгенбиз. Жаман улут болбойт, жаман адамдар бардык жерден табылат. Бул чырды иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлүп, ага эки улуттун өкүлдөрү кирген. Азыр баарыбыз ошонун жыйынтыгын күтүп жатабыз. Эгер бирөөнү күнөөлүү деп таап жазаласа, ага эч ким тоскоол болбойт. Колу менен кылганын моюну менен тартсын да. “Бирөө тапанча менен атыптыр” деп да жатышат, аны ким атканын милиция кызматкерлери иликтешүүдө.
Биздин айылда эркек балдар жана кыздар үчүн эки медресе бар. Анда бардык аймактан балдар келип окушат. Аны мамлекет каржылабагандыктан, шарият мыйзамына ылайык, тапкан пайдабыздын он пайызын берип биз каржылайбыз. Алар исламды окуп, биз менен достук мамиледе.
Мен кыргыз тилин жакшы билбейм, ушуга абдан өкүнөм. “Канчалык көп тил билсең, ошончолук байсың” деп коюшат эмеспи...
ӨКМӨТТӨ ДА ТАЛКУУЛАНДЫ
Лейлектин Андарак айылында жана Жаңы-Жер айылында болгон чырдын себептерин иликтөө боюнча 10-январда премьер-министр Өмүрбек Бабанов күч органдарынын жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда ал: “Чыр жаштардын ортосундагы мушташтан улам келип чыккан. Жөнөкөй эле мушташка убагында чара көрбөгөндүгү үчүн укук коргоо жана жергиликтүү бийлик органдары күнөөлүү деп эсептейм”,- деди. Ушул себептүү өкмөт башчысы укук коргоо органдары жергиликтүү бийлик менен бирге иштешүүнү күчөтүүнү жана бардык аймакта коопсуздукту камсыз кылууну чечүүдө ачык план болушун тапшырды.
СӨЗ СОҢУНДА...
Бирок “бийлик, укук коргоо органдары дагы деле улуттар арасындагы мамилеге олуттуу көңүл бөлбөй жатат. Эгер чатактарга көңүл кош карап “жабылуу аяк жабылуу бойдон калсын” дей берсек, кийин чоң чыр-чатактарга алып келиши мүмкүн” дегендер да чыгууда. Чынында, акыркы убактарда өлкөбүздө аз сандуу улуттар менен болгон чыр-чатактар көбөйүүдө. Андарак айылындагы да, Жаңы-Жер айылындагы чыр да башка улуттагы балдардын кыргыз балдарын сабап койгонунан келип чыккан. Биринде топтолуп келип күнөөлүү деп кармалгандарды бошотуп кетишсе, экинчисинде кичинекей чырга курал көтөрүп келип топтоло калышкан. Мүмкүн, алар чогула калса эле күнөөлүү экенине карабай коё берип жүрүп милиция кызматкерлери жаман көндүрүп алышкан чыгар?
Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg
КЫРГЫЗ ТИЛИН БИЛЕСИЗБИ?
Селим Югазиев,
мугалим:
– Менин улутум – дунган. Кыргызстанда төрөлүп-өстүм. Бала кезимден эле кыргыз элинин каада-салтын билем, кыргыз тилинде эркин сүйлөйм. Өмүрлүк жубайым болсо кыргыз кызы. Кыргыз тилинин менин жашоомдогу орду абдан чоң.
Татьяна Алексеева,
студент:
– Улутум – орус. Кыргыз тилин билбейм. Түшүнөм, бирок жооп кайтара албайм. Чынында, Кыргызстандагы башка улут эмес, айрым кыргыздар өздөрүнүн тилин билишпейт. Сүйлөмөк турсун, кыргызча кепке түшүнбөгөндөрү да жок эмес.
Парда Сарадахи,
студент:
– Мен – индусмун. Эл аралык университетте окуп, төрт жылдан бери англис тилин жакшы өздөштүрдүм. Аны менен бирге орус тилин чала-була үйрөндүм. Ал эми кыргыз тилин үйрөнгөнгө аракет кылып, бирок жакшы өздөштүрө албай жатам.
Тамара Иванова,
пенсионер:
– Мен орус улутунанмын. Мурда кыргыз тилин билчүмүн. Себеби апам Орто Азия өлкөлөрүнө көп барып, көп тил билчү, мага да үйрөтчү. Азыр жакшы билбей калдым. Кыргызча көп нерсени түшүнөм, бирок жаш өткөн сайын кабыл алуу кыйындап калат экен.
Александр Трофимов,
китепканачы:
– Орусмун, кыргыз тилин билбейм. Мектепте чала-була окутушкан. Чынында, ал билим менен тилди үйрөнүүгө болбойт. Эң негизгиси, балдарга мектеп жашынан баштап тилди сүйүүнү үйрөтүш керек. Ошондо гана кандайдыр бир стимул пайда болуп, тил үйрөнүүгө аракет пайда болот.
Евгения Огай,
үй кожойкеси:
– Өзүм корей кызымын. Мектепте, ЖОЖдо окуп жүргөндө кыргызчаны үйрөнгөм. Түшүнөм, бирок эркин баарлаша албайм.
Володя Костенко,
жумушчу:
– Улутум – украин. Мектепте да, жогорку окуу жайында да, кыргыз тилин үйрөтүүгө басым жасалбай келет. Ошондуктан көптөр кыргыз тилин үйрөнүүгө аракеттенбейт.
Мальвина Уметбекова