Өлкөсү – АКШ
Чыккан жылы – 1998
Жанры – Комедия, драма, мелодрама
Режиссёру – Крис Коламбус
Продюсерлери – Уэнди Файнермэн, Крис Коламбус
Сценарийдин авторлору – Жиджи Леванджи, Жесси Нельсон
Башкы ролдордо – Жулия Робертс, Сьюзен Сарандон, Эд Харрис, Жина Мэлоун, Лайэм Эйкен
Оператору – Дональд М.МакЭлпайн
Композитору – Жон Уильямс
Узактыгы – 2 саат
Бюджети – 50 миллион доллар
Дүйнөлүк сатыктан – 160 миллион доллар тапкан
КЫСКАЧА СЮЖЕТ
Жекки аттуу редактор айым күйөөсү, юрист Люк Харрисон менен ажырашып, ортодо эки баласы – 12 жаштагы Энн жана 7 жашар Бен калган эле. Ата-энесинин көп жыл бирге түтүн булатып, кийин минтип эки ача жолго түшкөнү кызы Эннге көп жага бербейт. Андан да жагымсызы, атасынын апасына караганда жаш, өзүнө ишенген, чырайлуу фотограф Изабел Келлини үйүнө алып келгени болчу. Бул көрүнүш, албетте, апасы Жеккинин да кыжырын кайнатары турган кеп эмеспи. Изабел балалуу болуу тууралуу ойлонгон да эмес, бирок сүйүктүүсү Люк үчүн баарына даяр экенин жашырбайт. Өгөй балдары Изабелди ачык эле жек көрүшчү, өзгөчө улуусу Энн “сенден аллергиям бар!” деп заар чачып турар эле. Канчалык жини келсе да, Люкка болгон тунук сезими Изабелдин эрке өскөн балдарга чыдашына түрткү болот. Жалгыз бой калган Жекки кызганычын, кыжырдануусун балдарын Изабелге каршы үндөө менен чыгарып келет. Ошентип, эки айымдын ортосунда балдарга ким мыкты экенин далилдөө үчүн ич ара күрөш жүрөт. Бири мээримдүү эне болуу колунан келерин далилдегиси келсе, экинчиси өзүнүн энелик статусун жоготуп алгысы келбейт.
Люк кийинчерээк сүйгөнү Изабелдин колун сурайт. Кубанычы коюнуна батпаган Изабел өгөй балдарынын келечегин моюнуна алуу жоопкерчилигин сезет.
Көп өтпөй Жекки айыккыс дартка чалдыкканы билинет. Канчалык дарыланбасын, жыйынтыгы кубантарлык эмес эле, анын ичер суусу түгөнүп бараткан. Акырында көп сыноодон кийин Жекки каалабаса да, аргасыздан балдарын Изабелдин колуна тапшырат.
ТАСМА КОЛАМБУСТУН ЭНЕСИНЕ АРНАЛГАН
Тасмада сүйүү үч бурчтугу, жалгыз бой калган айымдын аянычтуу тагдыры, жаш өспүрүмдөрдүн өгөй энеге болгон мамилеси тууралуу баяндалат.
“Өгөй эне” тасмасынын режиссёру Крис Коламбус бул фильмди өз энеси Ирен Коламбустун элесине арнаган экен. Анын энеси да тасмадагы Жеккидей рак дартына чалдыгып, акыры шум ажал алып тыныптыр. “Өгөй эне” тасмасы сатыкка чыгарга бир жыл калганда режиссёр энесинен ажыраган.
ИНДИЯЛЫКТАР РЕМЕЙК ТАРТЫШКАН
“Sony Pictures” компаниясы Индияда “Өгөй эне” тасмасына ремейк тартышкан. Аны индиялык режиссёр Каран Жохар жоопкерчилигине алган. Тасмада Сьюзен Сарандон аткарган ролду белгилүү актриса Кажол, ал эми Жулия Робертс аткарган ролду Карина Капур ойногон. Бул тасма да көрүүчүлөр аркылуу жакшы кабыл алынып, үй-бүлөлүк мыкты тасма катары бааланган. Америкалык “Өгөй эне” “Биз үй-бүлөбүз” деп индияча аталып, ремейктин съёмкалары Австралияда болуп, 2010-жылы сатыкка чыккан.
КЫЗЫКТУУ ФАКТЫЛАР
Гүлжамал Бөрүкулова
kino@super.kg