МОЮН ОРОГУЧ

Мода дүйнөсүндө

Урматтуу айымдар, гезитибизден атайын сиздер үчүн “Мода дүйнөсүндө” деп аталган жаңы рубрика орун алды. Мындан ары сиздерге мода жаатындагы кызыктуу жана пайдалуу макалаларды берип турмакчыбыз. Бул жолу айымдарга моюн орогучту байлоонун түрлөрүн үйрөтөбүз.

ТАРЫХЫНАН
Моюн орогучтардын тарыхы 2000 жылдан ашуун убакытты камтып, мекени катары Кытай саналат. Кытайлык археологдор 1974-жылы жер астынан 2000 жыл мурун каза тапкан 7500 аскердин айкелин табышкан. Кызыктуусу, алардын баарынын моюнуна узун кылып кесилген кездемелер оролгон. Ал кездемелерди аскерлер сууктан коргонуу үчүн колдонушкан экен.

УЧУРДА МОДАДА
Моюн орогуч – айымдар колдонгон башкы аксессуарлардын бири. Быйылкы жылкы модасы өзгөчөрөөк деп айтууга болот. Себеби күн суукта, өзгөчө кышкысын качан да болсо актуалдуулугун жоготпогон токулган, жүн моюн орогучтардан тышкары түстүү, абстракттуу сүрөттөр түшүрүлгөн шифондон жана жибектен жасалгандар да модада. Ошондой эле быйылкы кышта табигый мех моюн орогучтар айымдардын кызыгуусун арттырып турган чагы. Алтын жана күмүш түстөрү быйыл модада.

Чолпон Сүйүнбаева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Моюн орогучту кооздоп байлоону үйрөнөбүз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Gumaw
2012-01-23 12:09:36
Бул кайсы магазин????????
0
janet
2012-01-24 00:07:07
стилисттин кыргызча акцентинен ий!
0
saya4ka
2012-02-29 15:29:40
Жакшы кенеш экен, рахмат!
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан