Гүлжигит Калыков, «Супер-Инфонун» тандоосу боюнча «Жыл жаңырыгы» наамынын ээси: «ЖЕҢИШИМДИ ЖУУП БЕРЕМ»

Кыргыздын шоу дүйнөсү бир дүң дей түштү окшойт, Гүлжигит Калыков “Евразия жылдызы” сынагынын жеңүүчүсү аталганда. Ал эмес, атактуу ырчылар “жууп” жүргөндөрү интернетке жайылып кетпедиби. Гүлжигит Калыков менен эс алып жаткан учурунда телефон аркылуу байланыштык.

– Гүлжигит, кандайсың? Жеңишиң кут болсун! Эс алуу кандай өтүп жатат?
– Рахмат. Баары сонун, көңүлдөгүдөй.
– Сынакта жеңишиңе канча пайыз ишеним болду эле?
– Чынын айтсам, жеңем деп көп деле ишенген эмесмин. Болгону, ар бир талаптарга олуттуу карап, катуу даярдангам. Анан күйөрмандардын колдоосу менен жеңиш мага буюрду.
– 30 миң долларды эмнеге жумшайын дегениң кызык болуп жатат...
– Эми аны чыгармачылыгыма жумшайм. Анан сөзсүз түрдө ата-энеме, жакындарыма белек ала барам, досторума “жууп” берем.
– Айрымдар "кыргыз-түрк достугун сактоо максатында саясат кылышты" деген кеп чыгарышууда. Бул тууралуу кандай пикирдесиң?
– Ал тууралуу мен билбейт экенмин. Бирок мен татыктуу эле жеңдим деп эсептейм. Анткени кайсы өлкөгө барбайын кыргыз студенттер, жердештер мага атайын жолугуп, “өзүңдү көрсөткүн, биз сага ишенебиз, биз сени ар дайым колдойбуз!” деп ишеним артып, моралдык жактан колдоо көрсөтүп жатышты. Ушул дух да аябай таасир этти.
– Сенин атың аталгандагы эмоцияң...
– Күтүлбөгөн жеңиш, толкундануу, кубаныч, элимдин атын чыгара алдым деген сыймык... Чынында, аны сөз менен айтып жеткире албайм. Гүлжигит Калыков деген атты укканда жомокко түшүп калгандай сездим өзүмдү. Ар дайым мени колдоп турган продюсерим Канат байкеге, күйөрмандарыма, ырчыларыбызга жана элиме сиздердин гезит аркылуу терең таазим кылып рахмат айтам!

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (29)
Letty
2012-01-23 22:56:25
Кана эми чын эле президенттин таасири тийген болсо...Арсен м-н Айбектин мостойгонун коруп жаман болгом. Азамат! Биз сен м-н сыймыктанабыз!
0
bugunku
2012-01-24 01:36:52
murunda en kim koldoboyt dep jatip bul saninda ar kaysi olkodon kelip jatti deyt go:))) stambulda kop bariwti da
0
Bostery
2012-01-24 01:42:06
Азамат Гулжигит байке !!!! Гулжигит байкебиз Ош базарында конфет сатчу эле мен жаанында сатчымын Ошол маалда эле ырдап сатчу уну жакшы болчу ошондо эле байкагам!!!!
0
konya
2012-01-24 17:05:46
Азамат!!!! Азамат!!!!
0
Jann
2012-01-24 18:55:51
Ээ молодец! Жузу жарыктан тунулбо деп койчу беле, сенин жузундо эле жатпайбы кептин баары.Молодец, женишин менен куттуктайм!Мен билгем ошондо эле женээринди.Бар бол!
0
flicka94_kg_kyz
2012-01-24 20:33:50
Гулжигит,азаматсыз! Чындыгында эле талантуу ырчы. Дагы коптогон ийгиликтерге жетишинизге тилектешмин. 10% байгесин окмотко бериш керек деп кайсы"акылдуу" ойлоп тапты экен? Мындай корунуш уят эле го.
0
amalia
2012-01-24 20:39:32
kaidagy sayasat ozu ayabay tatyktuu yrdady go dagy silerge emne kerek Guljigit bizdin syimygybyz
0
amalia
2012-01-24 20:40:21
yrdagan yrlary maga ayabai jakchu jyrgap ukpadymby?
0
bialievaselya
2012-01-25 20:15:40
Гулжигит сен азаматсын, чынында эле сенин утушуна кумон жок эле, келбет десе келбет, ун десе ун, сенде баары бар. Элибиздин, ата-энендин сыймыктаган уулу болуп журо бер. :-)
0
OFK
2012-01-26 15:30:58
Г улжигит сен ырдап жатканда кыргызстанда туруп биз толкунданывп турдук . Сага жана продюссерин Канат култаевдин эмгегинер кайтты . Сага жана Канатка чыгармачылык ийгилик каалайм. Сага деген бир суроом бар Озун жашаганга квартиран барбы же жокпу? Интернеттен окмот сенин тапкан акчандын процентин ток дегени чынбы?
0
Socratkg
2012-01-26 16:38:13
Кыскасы кыргыздын намысын коргоп келди да, женбей калса да айтмаксынар. Азамат ийгилик
0
beka8585
2012-01-26 17:07:11
мамлекетке 1 тыйын бербе сенден сураныч бийликтегилер мамлекетке деп туруп оздору уруп коюшат озундун эмгегинди озун иштет ишине ийгилик
0
Batken
2012-01-26 20:30:56
Уну аябай жагат Кудай берген таланты болбосо таасирлуу адамдардын кучу м-н деле алалбайт болчу Ийгилик мындан да жогорусуна жетсин!
0
BaktybekA
2012-01-27 00:59:17
моладец......................................................................................... я тебя люблю
0
Nurgul.K-B
2012-01-27 13:24:07
Азаматсын!Онорун мындан ары да оркундой берсин!
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан