Айжамал Кабылова: «САПАРДЫН ЭРКЕКТИК НАМЫСЫ ПАС ЭКЕН»

Биздин гезитке жана www.super.kg сайтыбызга берген маегинде Сапар Эркебаев “мага Айжамалдын мүнөзү жаккан жок, эрке экен” деген сөздөрдү айткан эле. Ал макаланы Айжамал сайттан көргөн соң “кайдагы калптарды айтыптыр” деп Москвадан чалып, Сапарга нааразы экенин күйүп-бышып билдирди.

– Мен Сапардын интервьюсун көрүп алып жөн тура алган жокмун. Ичинде ошондой ызасы бар экен, анда эмне үчүн Бишкекте жүргөндө бетиме айтпайт да, кеткенден кийин сөз козгойт?! Сапар жалган нерселерди айтыптыр. Анын эркектик намысы ушунчалык пас экенине таң бердим. "Адамды жакын баарлашканда ким экенин билесиң" деп коюшат го. Мен аны менен дуэт ырдаганда ким экенин билдим. Аялы деле жөн кетип калбаса керек деген ой да келбей койгон жок. Экөөбүз, ал айткандай, акчанын айынан араздашкан эмеспиз. Ортодогу таарынычыбызды мен гезит түгүл жакын адамдарыма да айткан эмесмин. Сапардын минтип айтып жатканы мени катуу ачуулантты. Таарынычтын башы мындан башталды. Бир эле учурда “21-кылымдын жылдыздары” деген концерт жана “Алтын үн” фестивалына катышып жаткам. Анан “Алтын үн” сынагынан чалышып, "ырдын сөзүн алып кеткиле" деп калышты. Мен бошобой жаткандыктан, Сапардан эле алып алайын дегем. Ага чалып “дискке көчүрдүңбү же флешкагабы?” десем, “флешкага, компьютериң барбы?” дейт. “Жок” десем, “эмне, компьютерди да үйүңө киргизип, орноштуруп берейинби?” деп керсейет. Дагы далай сөз айтканынан "эркек болчу" деп айтыша кеттик. Анан дагы ал "минуска рахмат айткандын ордуна ушинтесиң да" дейт. Андан мурун Сапардан “Күттүм сенинин” минусун алган болчумун, ошону айтып жатса керек. Бирок ырдын минусун ал жазып, үндүн акчасын мен төлөгөм. Ал эми "менин үнүмдү эле минуска жаздырып бер" десем да эки күн чоюп жүргөнүнөн "бас" деп кыйнап барып жаздыргам. Көп болсо 15 мүнөтү кеткен. Аны да менин көңүлүмө жаккандай кылган жок. Ошол нерселерди чоң кылып жарыялаштын кереги бар беле?!

 Кыстарылган видео 
Айжамал Кабылова: "Сапар Эркебаевдин эркектик намысы пас экен"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (32)
Debi
2012-01-24 20:09:57
нанды "нана" дешет экен экоо тен. Мейли, чонойгондо сонун адамдар болушат :).
0
Logika
2012-01-25 04:53:34
Эми, Айжамалбы, ким болсун - аялдардын табигый нерсеси да тушунсо болот.
А Сапар озу жонундо интервью берип жатып, учунчу кишини эменеге соз кылат?
б.а. эркектик эмес!2 саат майдалап жомок айткансып жамандайт,
Ушакчы подружкадай болуп аябай берилип жыргап айтып бериптирго.
0
Aijamalosh
2012-01-25 18:37:26
ырчылардын жанжалынан жададык го бирок айжамал эжебиз жеке жашоосуна мурдун тыкканы жакпады ал озунун жеке жашоосу болгондон кийин аралашпаш керек гооооооо
0
adel.
2012-01-26 02:45:03
byljyrap dep koigonu jakwy eken))))) uuujassss sapar takoi melochnyi.akcha ele deit ko ulam ele...uyat da....Aijamaldyn yrlary menen chonoiduk biz,tak wto pered Aijamal,Sapar nikto!!!!!!!
0
junusov90
2012-01-26 08:28:15
сапар башынан эле жалган суйлочу ал адамга коп ишене бербегиле мелис
0
matazim
2012-01-26 12:26:46
Сапар эркекче болбойбу ушакташпай
0
Taalaibek
2012-01-27 01:47:22
Бул экобу дует катары урушуп жатабы? Жээ эрди катын болуп урушуп жатабы? Айткылачы деги. Айжамалдын ээри ким? Ал эми Сапардын жары ким?
0
baby
2012-01-27 02:01:53
Мдаа.Чынындале Сапардын Назары ач бала экен.Эркек деген Конулу ток-Ою кенен,аял кышини сыйлай билген,жана ал менен тен акыйнек айтышпаган болушу керек.Кедейге Амал бергенде кылыйып кылыгы чыгат дегендей.Аранжировка жазышты уйронуп кобураак акча кармап калып-Даагы-даагы деп акчага сугунуп калыптыр.Ал эми Айжамал деле кыздай зирек болуп чай пулун берип койсо болмок-Куру айака бата журбойт,азда болсо алып кой деп!Кыскасы аман эле болгулачы
0
310804
2012-01-27 14:32:19
Эркек эмес, туулган кунун кафеден откозуп эртен алып келем акчаны деп ошо менен жок болгон учурлары да бар бул сапардын.
0
Azhymaliev
2012-01-27 15:09:33
Ушул биздин айрым ырчыларда маданият деген аз го деп ойлоп калдым.Экоо урушса оздорунчо урушпайбы элге жарыялабай!уят да
0
ALBIKA
2012-01-27 18:49:29
Кыргыздарда "ит уро берет,кербен журо берет"дейт.Андыктан ар кимин оз арабанды тарта бер.Кимдин кандай экенин эл озу эле таразалап алат...
0
samat-91
2012-01-27 18:50:12
эркек эмес экен
0
Batken
2012-01-27 19:49:34
неге бирин бири билбей туруп дуэт ырдашабы ырчы куруп калгансып Ырчылардын саны ар бир учунчу Кыргызстандыкка барабар болууга аз калды го саны бар сапаты жок болуп
0
tahmin
2012-01-28 19:02:22
сапар майда соз экен
0
beam
2014-01-10 22:07:54
ушундай майдачылдыгынан биринчи жубайы кетип калган да, мен сапардын коп минустарын билем, анын баарын айтып отурсам бир тонна болот болуш керек, кыскасы адам деле эмес, сооп болуптур, Айжамалдын айтканы эн туура
0
№ 481, 20-26-январь, 2012-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан