Айчүрөк Иманалиева Бишкектин борбордук бөлүгүндө көп кабаттуу үйлөрдүн биринде төрт бөлмөлүү квартирада жашайт. Кире бериш бөлмөсүнө баш бакканда эле ырчынын үйү европа тибинде жасалгаланганы көрүнүп турат. Таза жана жарык бөлмөлөрдөгү ар буюм өз орду менен жайгаштырылып, терезеге эмеректер менен бир өңдөгү Франциянын ламбрекен пардалары илинген.
КОНОК БӨЛМӨСҮ
Аты айтып тургандай, ырчынын үйүнө келген конок түз эле ушул бөлмөдөн орун алат. Төрдөгү Италиядан чыгарылган кайыштан жасалган ак түстөгү диван-кресло кирген адамдын көзүнө биринчи эле урунат. Ошондой эле телевизор, стол, кооз люстра, ламбрекен пардасы бөлмөнү не бир сонун көрккө бөлөйт.
КИРЕ БЕРИШ БӨЛМӨСҮ
Үйдүн кире беришинде кийим илгич, телефон коюучу тумба жана трюмо коюлган. Бөлмө сырттан кирген адамга маанай көтөрүүчү жагдай тартуулайт.
АШКАНА
Көпчүлүк аялзаты сыяктуу суйкайган сулуу эжекебиздин сүйүктүү бөлмөсү – ашкана. Эженин колунан жасалган кандай тамак болбосун адамдын табитин ачпай койбойт. Өзгөчө салаттарды түрдөп жасоо эженин хоббиси. Бөлмөдө ашкана гарнитуру, тамактануучу стол, стулдар, эки камералуу муздаткыч өз ордун ээлейт. Кыскасы, мында тамак даярдоо үчүн эң сонун ыңгайлуу шарттар түзүлгөн.
АРГЕНДИН БӨЛМӨСҮ
Арлендин бөлмөсүндө уктоочу Франция диваны, шкафы менен кошо оюнчуктары турат. Терезени ээлеген гүлдөр, жерге төшөлгөн килем бөлмөнүн көркүн ачат.
УКТООЧУ БӨЛМӨЫрчынын уктоочу бөлмөсү өзгөчө табит менен жасалгаланган. Мында Италиядан чыгарылган уктоочу эмеректер топтому: диван, гарнитур, тумбадан сырткары сүймөчүк кызы Аэлитанын уктоочу керебети жайгашкан. Келбети менен жүзүнө аярдык менен мамиле жасап, камкордук көргөн ырчы айымга зарыл болгон күзгү, андагы кымбат баадагы косметикалары да уктоочу бөлмөдөн орун алган.
АРЛЕНДИН БӨЛМӨСҮ
Аргендин бөл-мөсүнө Түркиядан алынып келинген эмерек, эки ярустуу керебет, компьютер, сабак даярдоочу стол, стулдар, китептер үчүн атайын гарнитур коюлган. Ошондой эле ырчынын пианиносу да улуу уулунун бөл-мөсүнөн орун алган.
Даярдаган Рахбар Алымкулова