Леди Гаганын апасы кызынын жаңы тартылып жаткан клибинде дублёрдун жардамысыз аткарганын билгенде ыйлап жиберген. “Marry the Night” ырынын клибинде Гага машиналар жардырылган жерде туруп ырдаган. От Гаганы каптап кетиши толук мүмкүн эле. Ырчынын ата-энеси Жозеф менен Синтияга кызынын чыгармачылык үчүн өзүн курмандыкка чалып жаткандыгы анча жага берген эмес. Гаганын ата-энеси клипти тартуу учурунда аянтта болушкан. Кызы машиналар жардырылган жерде турганын көрүп, анын дублёр эмес экенин билген апасы Синтия аянтта ыйлап жиберген. Ырчы бул тууралуу “мен эч качан эч жерде дублёр колдонбойм. Мен тартылып жатканда ата-энем машинада отурушкан. Клип бүткөндөн кийин алар мага аябай таарынышты” дейт.