ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

– Мен билем, Алина. Бема мени сүйбөйт. Кечээ буга көзүм жеткенде өзүмдөн чыгып ачууланып кеттим. Билесиңби, аны сүйүү оор, бирок сүйбөй коюу да мүмкүн эмес. Мен аны жакшы көрөм. Ар бир кыймылын жакшы көрөм. Тамак жегенин, уктаганын, сүйлөгөнүн сүйөм. Кээде кусалуу жылмайып, тиктеп калса жинди болуп кете жаздайм. Баарынан да өлгөн адамдан, өзүмдүн бир тууганымдан кызгануу оор экен. Мага оор, аябай оор болуп кетти.
– Болду, эч нерсе деп айтпачы, Кудай жалгагыр, эч нерсе дебечи,- деген Алина ыйлаган боюнча өз номерине чуркап кетти.
Демейде күлкүлөрү тыйылбаган Алина менен Азирет жол бою унчукпай келе жатканын байкап, Бегимай таң калып койду. Акыры чыдабай кетти.
– Силерге эмне болгон? Же мен бир нерседен куру калдымбы?
Экөө дагы деле үнсүз. Ал тургай бирин-бири карашпайт.
– Тобо, оозуңарга талкан салып алгансыңарбы?- дегенде экөө тең күлүп жиберишти.
– Биз сени тамашалап жатканбыз. Кандай экен, бир чекитти тиктеп үнсүз кете берген,- деди Азирет ага жылмая. Анан акырын кошумчалап койду. – Атам чалды эртең менен. Азаматты бүгүн чыгарышат экен түрмөдөн...
– Рахмат сага!- деди Бегимай.
– Эмнеге рахмат?
– Сен болбосоң, ал дагы канча жыл отурат эле, ким билсин?
Бегимай дагы бир топ нерселерди айткысы келди. Бирок...

xхх

Азаматтын иши кайрадан каралып, акталып чыкты. Бирок чыныгы кылмышкер ким? Жиптин түйүнү ушунда. Эртең менен чай ичип отурушкан Аскар менен Аиданын жанына Азирет келди.
– Ата, бош болсоң, экөөбүз сүйлөшө турган иштер бар эле.
– Кел, адегенде биз менен чай ич.
Азирет столго отуруп, Аиданы тиктеп калды.
– Чай куюп бересизби мага да...
Мурун көзүн ала качып, коркуп кетчү Аида негедир бул жолу аны тикчие тиктеди. Жүзүндөгү муздактыктан кимдин болсо да жүрөгү үшүп кете тургандай. Азиретте бир тынчсыздык пайда болду.
– Азыр...
Чайнекти көтөрүп чайпалып басып кеткен Аиданы узата караган Азирет атасынан сурады.
– Сен Аскатка тиш кайрап жүргөн аял бар экенин билгенсиңби?
– Аял?!
– Билбейм, аялбы, кызбы, айтор, бир илинчек таптым. Ошол тууралуу сени менен сүйлөшөйүн дедим эле.
Аскар ойлонуп калды. Бул жигит оңой эмес деп алды ичинен. Бир аз убакыт өткөн соң Аскардын кабинетинде болгон окуяны айтып отурду.
– Бирок азыр далил дегидей эч нерсе жок. Ошондой болсо да бир илинчек табылганына сүйүнүп турам.
– Азирет, башында бул идеяң мага жаккан эмес. Бирок ойлонуп көрсөм, сеники туура экен, балам. Аскатты өлтүргөн адам тирүү басып жүргөнүн билгенибизде баарыбыз тынч алып жашообузду уланта албайбыз. Сен да, мен да, эң негизгиси, Бегимай катуу кыйналып жүрөт. Ага бир канча жолу айттым “унут, жашсың, жаңы жашоо башта” деп, бирок чунак кыз уккусу жок. Мени анын тагдыры да ойлондурат.
– Болуптур, ата, бирок сага айтканым эч кимдин кулагына жетпесин. Атүгүл апама да айткан жокмун.
– Туура кыласың, уулум, ал дагы деле өзүн Аскат үчүн күнөөлүү сезип жүрөт.
Атасы уулун далысынан таптай эркелетип койду.

ххх

– Бийкеч, мени күткөн жок белеңиз?..
Эшикти ача салган Бегимай жылмая тиктеп турган Азаматты көргөндө кубана кыйкырып жиберип мойнуна асылды.
Чындыгында эле бул шайдоот жигитти сагынган эле. Эмнени ойлоду ким билсин, көзүнө жаш тегеренип ыйлап да жиберди.
– Эй, сен жашык болуп кеткенсиңби? Сени темирдей бекем, күчтүү деп ойлоп жүрсө...
– Кечирип кой, темирдей күчтүү кыздан эч нерсе калбай калган. Жүрү, үйгө кир.
– Андан көрө экөөбүз сыртка чыгып сүйлөшөлүчү. Үйдөгүлөрүң да кандай ойлойт? Кантсе да түрмөдөн келбедимби.
Бегимай менен Азамат серүүндөп жүрүштү. Көпкө чейин сүйлөшүп чери жазылып калды. Көрсө, көптөн бери минтип эч ким менен сүйлөшпөгөн экен.
– Уф, бугум чыгып калды. Эч ким менен сырдаша элек элем.
– Сенден бир нерсени сурайын деген элем, Бема.
– Сура...
– Азирет... Ал менин оюмча жакшы жигит.
Бегимай өзүнчө жылмайып алды. Бирок үн каткан жок.
– Эй, сенден суроо сурадым окшойт.
– Жакшы жигит. Мыкты. Өзүнө-өзү укмуштуудай ишенет. Аскаттагы жөнөкөйлүк, тазалык, эмгекчилдик жок. Азиреттей адамдар жылдыз болуп жанып туруш үчүн жаралган. Андай адамдар менен өтө оор. Биздин мүнөзүбүз такыр дал келбейт. Жолуккан жерден урушуп кетебиз. Урушпасак деле бир тымызын тирешүү бар.
– Аскатка такыр окшобойт дечи.
– Жок, Аскат менен өзүмдү суудагы балыктай сезчүмүн. Азирет, тескерисинче, тынч жаткан дүйнөңдүн чаң-будуңун чыгарып жиберет. Кыскасы, тынчы жок адам.
– Кызык портрет түзүп койдуң алдыма,- деди күлүмсүрөгөн Азамат. – Эх, Бема, Бема, мен сени менен ушинтип сүйлөшүп турам деп эч ойлогон эмес элем. Тиги жакта жатканда көп нерсени ойлодум. Мен көп катачылык кетириптирмин. Кызыгы, мен сени унуталбадым. Дагы деле...
Бегимай бул сөздөрдү укпады, а балким, уккусу келген жок. Жерди тиктеп өз ойлору менен алек эле. Азамат не кылмак, аркасынан шалдая басып баратты.

ххх

– Апа, мен жокто кандай жашап жаттыңар? Эч ким менен урушкан жоксуңбу?- деди апасынын тизесине жата кеткен Азирет.
– Ай, балам, айтасың да. Менин бул жакта бөлүшө албай жаткан эмнем бар эле? Ким менен урушат элем? Өз иштерим менен алек болуп жүрдүм.
– А Аида?
– Аны кой, иштериң эмне болду?
– Апа, Аскат... мен аны жакындан билген сайын өз жашоомо жакшылап үңүлгөнсүйм. Мага оор, апа, бирок аягына чыгышым керек. Сенин уулуң көп жылдан кийин биздин жашообузга кирип, чыккыс болуп орноп алды. Тагдыр бу...
Мариям уулунун чачтарын сылап жатты. Канчалык карманайын десе болбой көз жашы агат. Бул эненин трагедиясы эле.
– Менсиз чоңойду ал. Менин бар экенимди, аны сагынып, саргайып жүргөнүмдү билбей чоңойду. Бирок экөөбүз сыймыктана тургандай жигит болгон экен. Сенин агаң... Ал сенден жарым саатка эрте туулган.
– Апа, ыйлабачы...
– Ыйлабайм, балам. Менин жоготуум өзүм менен жерге кирет. Анын оордугун айта да, сүрөттөй да албайм.
– Атам жакшы адам, ээ?..
– Жакшы, ата деген кандай болсо да баласы үчүн жакшы болот.
– Ал мага бактысыз адамдай сезилет, апа. Аида... Балким, бир кезде жаштыгына, сулуулугуна карап үйлөнгөндүр. Бирок ал аял атам үчүн эмес.
Мариям уулуна бир нерсе дейин деп барып оозун жыйып калды. Бул үйдө тургандан бери Аиданын айрым кылыктарын көрүп калган эле. Бир жолу кокусунан анын телефон менен сүйлөшүп жатканын угуп калды.
– Азырынча эч кайда чыга албайм, жолугуша албайм, жаным. Аскар азыр дайым үйдө. Бекер көзгө түшүп калбайлы,- деп жаткан экен. Канчалык оюнан кууп салайын десе да болбой бул сүйлөшүүнү эстей берчү болду. Азыр уулуна айтайын деп ооз ача албай токтогону да ушундан эле.
– Экөөбүздүн ишибиз жок, балам, алар менен. Сенин ишиң бүтсө болду, өзүбүздүн жашообуз менен жашайбыз.
Азирет апасына тигиле карады.
– Сен аны дагы деле жакшы көрөсүң, апа. Өзүң да, балким, түшүнө элексиң. Сен атамды жакшы көрөсүң.
– Мен аны өмүр бою жакшы көрдүм, балам. Бирок бул эч нерсени өзгөртпөйт. Ажыраган жолдор эч качан бирикпейт. Сен дагы бул тууралуу ойлонбой эле кой. Андан көрө өзүңө сак бол. Эми сенден башка эч жакыным жок.
– А менин атам экөөңдөн башка жакыным жок. Жок, калп айтам, бар бир адам, бирок менин ага керегим жок окшойт.
– Сен Бегимай тууралуу айтып жатасыңбы? Азирет, ал кыз сен үчүн эмес. Анын үстүнө анын жарасы али айыга элек.
Азирет көшөрө башын чайкады.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (20)
Arstan
2012-01-30 13:08:26
Бегимай Азамат менен калса керек,кылмышкер Аида окшойт.
0
arzumat
2012-01-30 13:25:22
tabishmaktuu tagdir..
0
Cyldyzka
2012-01-30 14:45:35
sooonnuuun
0
Jumka
2012-01-30 18:10:43
Кийинки аптаны кутмой башталды,качан бутот бул сериял?
0
burulcha
2012-01-30 20:34:31
Азирет айтканынан кайтпаган кок жал. Ал Беманы кондурот деп ойлойм.
0
Аида
2012-01-30 22:34:39
Супер инфону биринчи болуп ушул чыгармадан баштап окуйм,анан калгандарын,бирок качан эми бир жума отот деп деп анча деле ойлоно бербеймин.
0
Агата Кристи
2012-01-31 09:59:49
Бема Азирет менен калбайт го дейм. Азирет канчалык сїйгєн менен ал баары бир аскатты унута албайт. Негизи эле мындай суйуу унутулбаса керек. Азирет Алина менен калса керек деп ойлойм. Эмнеге андай болбосун. Алина да татыктуу кандидатура. а
0
Агата Кристи
2012-01-31 10:02:01
Бирок Азирет Алинага уйлонгон менен Бема менен деле байланышын узо албаса керек. Аскаттын єлїмїнє аи да эле эмес дагы бир топ кишинин кызыкчылыгы жаткандай.
0
Агата Кристи
2012-01-31 10:08:28
Алинага уйлонсо деле утулбайт. тоже жакшы кыз
0
Асылжан
2012-01-31 10:12:44
Негизи, кинодо болобу же китепте деле окурманды бир кылмышкердин изине салып, аягында такыр ойлобогон адам куноолуу болуп калат го. Ошондой эле бул чыгармада да, балким, Аида эмес, биз кутпогон адам Аскаттын олумуно куноолуудур.
0
Maral-kg
2012-01-31 12:50:14
Бул чыгарманы мен дайыма артынан кубалап жүрүп окуйм. Мага Баманын тагдыры аябай кызыктуу да. Байкушка боорум ооруйт. Чыныгы сүйүү деп ушуну айтыш керек экен.
Ал эми Аскаттын өлүмүнө Аиданын катышы бардай сезилип жатат. Эгер чындап ал да катышкан болсо Аскар жөн койбосо керек.
0
КОЛЮЧКА
2012-01-31 13:05:31
Ушул чыгарманы окуган сайын Мариям бир аз да болсо чыдаса болмок, сабырдын түбү сары алтын деп айтылат эмеспи. Чыдап койгондо азыр Аскат да тирүү болмок, Аскар да сүйүктүү жубайынын жанында балдары менен бактылуу үй-бүлөөлөрдөн болушмак.
Ал эми Бема Азамат менен чогу болот го до божомолдоп жатам. Азирет менен болсо Аскатты эстеп кыйнала бермек.
0
studentka
2012-02-01 12:36:31
КОЛЮЧКА,
Мариям сабырдуу болуп, Аскарды таштап кетип калбаганда бул чыгарма жаралмак эмес ))))
Чыгарманын максаты Мариямга окшогондорго сабак болсун деп жаралган болсо керек. Жашоодо да так ушундай болбосо да, ушуга окшош окуялар бар да.
0
zzz---zzz
2012-02-02 19:14:29
КОЛЮЧКА, Анда азыр окуп аткан сериалын кайдан пайда болмок.
0
maksimus
2012-01-31 15:15:46
– Мен билем, Алина. Бема мени сүйбөйт. Кечээ буга көзүм жеткенде өзүмдөн чыгып ачууланып кеттим. Билесиңби, аны сүйүү оор, бирок сүйбөй коюу да мүмкүн эмес. Мен аны жакшы көрөм. Ар бир кыймылын жакшы көрөм. Тамак жегенин, уктаганын, сүйлөгөнүн сүйөм. Кээде кусалуу жылмайып, тиктеп калса жинди болуп кете жаздайм. Баарынан да өлгөн адамда
0
maksimus
2012-01-31 15:16:54
адамдан, өзүмдүн бир тууганымдан кызгануу оор экен. Мага оор, аябай оор болуп кетти. eeeeeh ooor ayabay. jaman. ukmuw eken anana jakti da maga
0
Narynbek
2012-02-05 16:40:31
Үйдө жүргонүмдө жума күн келишин күтөр элек.Эми дүйшөмбүкелишин күтөт окшойм.Аида эле өлтүрткөң окшойт.
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан