УЗИ, ТОМОГРАФИЯ, РЕНТГЕН... КАЙСЫНЫСЫ ЭМНЕНИ ТАРТАТ?

Илгери илим-техника өнүгө электе тамырчы, табып дегендер ооруган адамдын тамырын кармап диагноз коюшкан. Учурда УЗИ, компьютердик томография жана рентген менен ооруну аныктап алууга болот.

РЕНТГЕН
Рентген – объекттин ички түзүлүшүн рентген нурларынын жардамы менен текшерүүчү аппарат. Мында сөөктөрдүн көрүнүшү, абалы рентген нурлары аркылуу атайын плёнкага же кагазга түшүрүлүп текшерүү жүргүзүлөт. Рентгендин артыкчылыгы, текшерүү жүргүзүүгө оңой болгондуктан оорулуунун атайын даярдыктан өтүшүн талап кылбайт.

Кайсы учурда колдонулат?

  • Ички органдардагы (өпкө, ашказан, ичеги) ооруларды аныктап, диагноз коюуда;
  • Сөөк сынганда, жарака кеткенде, томук тайып кеткенде;
  • Остеохондроздо, омурткалар жылышып кеткенде, омуртка тутуму кыйшайганда;
  • Тиштерди текшерүүдө.

Бир жылда канча ирет түшүүгө болот?
Рентген иондоштурулган нурдануулардын жардамы менен иштегендиктен, адамга зыяндуу.
Рентгендин бир бөлүгү болгон флюорографияга (өпкөнү, сүт бездерин, сөөк системин изилдейт) 1 жылда 1-2 гана жолу түшүүгө болот. Себеби андагы нур фильтрленбей адамга түз тиет.
Ал эми экинчи багыты болгон рентгенографияга врачтын көзөмөлү менен талап кылынган убакта түшө берсе болот. Себеби нур адамдын денесине түздөн-түз тийбей, фильтрленип турат. Технологиянын өнүгүшү менен учурдагы жаңы рентген аппараттары нурданууну аз көлөмдө чыгарат.

Тарыхы
1895-жылы немис физиги Вильгельм Конрад Рентген белгисиз нурдун жардамы аркылуу фотопластинкага денедеги сөөктүн сүрөтүн түшүрүүгө болорун ачып, аны патенттеген. Муну менен нурдун аты рентген деп аталып калган.

УЗИ
Ультрадобуштук текшерүү (ультразвуковое исследование – УЗИ) бул – адамдардын жана жаныбарлардын ички органдарын текшерүүчү аппарат. Андыктан сөөктөрдү текшерип диагноз коюуга жарабайт.

УЗИ менен текшерүүгө мүмкүн:

  • Онкологиялык ооруларды;
  • Инсультту аныктоо;
  • Ички органдардагы ооруларды (курсак көңдөйү, боор, өт, бөйрөк, уйку бези, көк боор, заара чыгуучу түтүк, табарсык, эркектин жана аялдын ички жыныстык органдары);
  • Ичтеги түйүлдүктү текшерүү.

УЗИ иштөөсүнө жараша атайын бир органды текшерүүгө багытталган түрлөргө да бөлүнөт:

ЭТС – эхотомоскоп (түйүлдүктү, курсак көңдөйүн жана жамбаш чарасындагы жыныстык органдарды: жатын, жатын моюнчасы, эн бези жана жатын түтүкчөлөрүн текшерүүгө багытталган);
ЭКС – эхокардиоскоп (жүрөктү тек­шерүүгө багытталган);
ЭЭС – эхоэнцелоскоп (баш мээни тек­шерүүгө багытталган);
ЭОС – эхоофтальмоскоп (көздү тек­шерүүгө багытталган).

Бир жылда канча ирет өтсө болот?
Ультрадобуштук толкун менен иштегендиктен, адамга эч кандай зыяндуулугу жок. Ар бир ооруга жараша 1 айда бир жолу текшерүүдөн өтүп турса болот.

Тарыхы
Алгачкы жолу ультрадобуштук аппарат аркылуу адамдын ички органын текшерүүнү америкалык бир туугандар Теодор жана Фридрих Дуссиктер 1937-жылы жүргүзүшкөн. Алар адамдын баш мээсиндеги шишикти көрүүгө аракет кылышкан. Бирок ал кезде сөөктөн өтүп, мээни көрсөтүүгө ультрадобуштук толкундун күчү жеткен эмес.

ТОМОГРАФИЯ
Томограф – адамдын организмине толугу менен изилдөө жүргүзүүгө ылайыкталган аппарат. Эки түрү бар:
1. Рентгендик-компьютердик томография – адамдын денесиндеги катуу заттарды текшерип, диагнозун чыгарууга болот. Башкача айтканда, рентгендик нурдануунун жардамы менен сөөктөр текшерүүдөн өткөрүлөт.
2. Магниттик-резонанстык томография – денедеги жумшак бөлүктөрдүн анализин чыгарып берүүгө багытталган. Башкача айтканда, ички органдарды текшерет. Мында электромагниттик толкун колдонулат.

Компьютердик томограф кайсы багытта колдонулат?

  • Баш ооруда;
  • Баштан жаракат алганда;
  • Инсультту (мээге кан куюлуу) аныктоодо;
  • Жабыркаган кан тамырларды текшерүүдө;
  • Борбордук нерв системин текшерүүдө;
  • Грыжаны аныктоодо;
  • Муун ооруларын текшерүүдө;
  • Ички органдарды текшерүүдө (боор, көк боор, бөйрөк, уйку бези, ашказан, жүрөк, ичеги ооруларын);
  • Айымдардын жыныс органдарын;
  • Сөөктөрдү текшерүүдө;
  • Дарыланып жаткан учурда жыйынтыктарын билип туруу үчүн.

Компьютердик томографиянын артыкчылыгы, организмди текшерүүдө ар бир органды жана сөөктү катмары менен өз-өзүнчө толук көрсөтүп бере алат. Мисалы, баш сөөктү алсак, анын маңдайкы бөлүгүн, кежиге бөлүгүн, төбө бөлүктү, оң жана сол каптал бөлүктөрдү өз-өзүнчө бөлүп көрсөтүп бере алат.

Кандай учурда текшерүүгө таптакыр болбойт?

  • Сөөккө металл имплантат коюлган же денеде ферромагниттик октогу коргошун чачырандылары болсо.
  • Баш мээдеги кан тамырда канды токтотуучу металлдан жасалган жиптер болсо (клипцы).
  • Врачтын уруксаты жана кө­зөмөлү менен гана текше­рүүдөн өтүүгө мүмкүн:
  • Кош бойлуулар;
  • Томографияга тартуу үчүн атайын ичилүүчү дары кара­жатка аллергиясы барлар;
  • Бөйрөк оорусу барлар (почечная недостаточность);
  • Кант диабетинин оор түрүнөн жабыркагандар;
  • Жүрөк-кан тамыр оорусу барлар ­(сердечная недостаточность);
  • Дарылануучу адамдын абалы өтө оор болсо;
  • Ак кан оорусу (лейкоз) болсо;
  • Калкан сымал безинде оорусу болсо.

1 жылда канча ирет өтүүгө болот?
Томографиянын жогоруда айтылган эки түрүнүн бири зыяндуу, бири зыянсыз.

  • Зыяндуусу. Рентгендик-компьютердик томография. Мында текшерүү учурунда рентгендик нур пайдаланылат.
  • Зыянсызы. Магниттик-резонанстык томография. Бул жерде текшерүү магниттик толкундун жардамы менен жүргү­зүлгөндүктөн, адамга зыяндуулугу жок.

Негизинен, компьютердик тогмографиядан 1 жылда 1 гана жолу текшерүүдөн өтүү туура.

Тарыхы
Компьютердик томографияга чыйыр салуучу катары австриялык математик И.Радон эсептелет. Ал 1917-жылы компьютердик томографиянын алгоритмдерин түзгөн. Бирок ал иш аягына толук чыккан эмес. Кийин аталган аппаратты түзүү боюнча 1963-жылы америкалык физик А.Кормак аракет кыла баштайт. 1969-жылы англиялык инженер-физик Г.Хаунсфилд бул аппаратты толугу менен иштеп чыгат да, 1972-жылы алгачкы жолу клиникалык сынактан өткөрүлөт. Ушундан баштап компьютердик томография медицинада колдонула баштаган. Мындай эмгектери үчүн Г.Хаунсфилд жана А.Кормак “Нобель” сыйлыгын алышкан.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
imelis
2012-01-30 14:08:22
jakwy eken
0
mamalak.
2012-01-30 14:18:56
men korkom teksherilgenden, birok suiunom ushundai apparattar bizde bar ekenine. Janylary kelse eken.
0
Asus84
2012-01-30 15:04:13
оорудан кудай сактасын, мен жылына узиге тушом
0
Nazika_1990
2012-01-31 09:27:51
Эн жакшы материал даярдалыптыр,жакшы кенеш экен,Рахмат!!!
0
arno2008
2012-02-01 16:29:03
абдан жакшы.Бир гана окунучтуусу эн кыммбат Буга жеттпей канча адам олуп жатат
0
Melis-Aruuke
2012-02-01 18:44:42
arno2008, Бекер тушсо деле болот полис болсо.
0
Aroozat
2012-02-04 11:55:33
Эн жакшы маалымат экен,коп нерcелерди билип алдым,рахмат сиздерге
0
janum345
2012-02-23 17:28:53
Алла ыраазы болсун сиздерден эн жакшы кенеш рахмат.
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан