«БАШЧЫНЫН КОЮНУНАН ЧЫККЫМ КЕЛБЕДИ»

Эротикалык окуя

– Жашоо шартыбызга байланыштуу мектепти аяктаарым менен ЖОЖго тапшыра алган жокмун. Ата-энемдин сунушу менен бир жылча айылыбыздагы ооруканада пол жуугуч болуп иштеп турууну чечтим. Бир күнү жумуштан чыгып келе жатканымда коңшу айылга ала качип кетишти. Турмуш ушундай турбайбы деп ак жоолукту салынып жашап калдым. Сүйүү, төшөк оюну кандай болоруна деле көңүл бурчу эмесмин, курган жаным. Анын үстүнө жолдошум ала качып алгангабы, сүйө албадым. Бардыгы мен үчүн кызыксыз эле. Ошондой күндөрдүн биринде жумуштарым менен райондун борборуна бара жатсам, абысыным “мобуга да мөөр бастыра келчи” деп бир документти колума карматты. Өз жумуштарымды бүтүргөндөн кийин абысынымдын суранычын аткаруу үчүн ал айткан мекемеге кирсем, келбеттүү байке төрдө чалкалап отуруптур. Ага келген себебимди айтсам, башчы мени кытмыр көз менен карап:
– Мөөр басып бербей койсом эмне кыласыз, чоң кыз?- деп жылмайды.
Эмне дээримди билбей мукактана түшсөм:
– Түштөнүү убактысы болуп калган тура. Тамактанып келейин, анан басып берем. Балким, экөөбүз чогуу тамактанып келербиз,- деп калды.
– Сизге тамак алып бергидей менде ашыкча акча жок,- дедим дароо эле.
– Кантип эле сизге окшогон сулууга төлөтүп коёюн,- дебеспи. Муну укканда эртең мененки бир пиала чай менен жүргөн жаным дароо макулдугумду бердим.
Ошентип, экөөбүз райондун борборундагы чоң кафеге кирдик. Ал дүйүм тамактар менен кошо коньяк заказ кылды. Тамактануу учурунда ал менин үй-бүлөм жөнүндө сурап, акыры анын тун сүйүүсүнө окшош экенимди айтып өттү. Өмүрүмдө биринчи жолу эркектин мындай мамилесине, сыйына туш болушум. Балким, коньяктын таасиридир, айтор, күлкүм чыгып, өзүмдү бактылуу сезип жаттым. Ыңгайлуу жайга алып барса да даяр элем.
Кафеде бир топко отурдук. Анан ал оюмдагымды окуп койгондой бир мейманканага алып барды. Олдоксон, корс күйөөмдөй болуп баса калып кумарын кандырууга ашыкпады. Мени көпкө чейин эркелетти, жагымдуу, кумарлуу сөздөрдү кулагыма шыбырап, акырын төшөккө жыкты. Анын таза, жумшак денесинен чыккан атырдын буркураган жагымдуу жытына ого бетер кумарлана көзүмдү жумуп магдырап гана жатып бердим. Башымдан бутума чейин өпкүлөгөн ал:
– Ушундай сулуу аял менен жаткан сенин күйөөң кандай бактылуу?!- деди. Өмүрүмдө биринчи жолу махабат лаззатына баттым. Эриме айтпаган жалындуу сөздөр кантип оозумдан чыкканын да сезбедим. Төшөк оюну бүткөндөн кийин бир топко дейре анын кучагынан чыккым келбей жата бердим. Чыныгы аялдык бакытка төшөк оюну да кирерин ошондо гана туйдум. Эрим менен жарым жылдан ашуун жашап, андан кумарлануу алмак түгүл, жагымдуу сөз уккан эмес элем. Мейманканадан чыккандан мөөр басып, "чалып тур" деп телефон номерин берип, айылга кетчү автобуска салып жиберди. Үйгө келгенимде “эмнеге кеч келдиң?!” деп одураңдап тосуп алган күйөөмө актанып, шылтоо айткым келген жок. Унчукпай басып кеттим да, башчы байке менен бактылуу болгон мүнөттөрдү эстей кыялга баттым. Ошондон кийин болбогон шылтоо менен райондун борборуна барууну адатка айланткам. Барганымда байкем тосуп алат, кайра узатып коёт. Ошентип, райондун борборуна баруу мен үчүн майрам.

Фарида


Эротикалык жаңылыктар

96 ЖАШТАГЫ СОЙКУ
Теги улуу британиялык болгон 96 жаштагы сойку Милли Купер учурда Лас-Вегаста жашайт. Кемпир-сойку бул ишинде Экинчи дүйнөлүк согуштан бери иштеп келет. Өзүнүн айтуусуна караганда, ал ушул жашына чейин 3500 эркекке кызмат көрсөткөн. Кары сойку алдан-күчтөн тая элек окшойт. Дегеним, учурда ал жумасына 2 кардарды тейлөөгө жарап жатыптыр. “Мен бир жолку кызматым үчүн 1200 доллар алам. Кардарларым 29-92 жаштагы мырзалар” деп журналисттерге кеп салып бериптир.

БУДИЛЬНИКТҮҮ ВИБРАТОР
Англиянын “Gallus et Mulier Limited” компаниясынын тамашакөй ишкерлери айымдарга вибратор-будильник ойлоп таап, белек кылышты. Ар кандай музыка жаңырган бул будильник 10 мүнөт тынымсыз иштейт. Элестетиңиз, эртең менен вибратордун будильниги сизди ойготсо, өзү ырахат тартуулайт. Мунун баасы 120 долларды чапчыйт.

ЭРКЕКТИН "АЛИГИСИН" ТИШТЕП ҮЗҮП...
Зимбабвенин 32 жаштагы тургуну Брайан чөнтөгүндө сокур тыйыны жок экендигине карабай Маримо аттуу сойкунун кызматын пайдаланат. Төшөк оюну учурунда жигит кызга “акчам жок, болгондо берейинчи” десе, жини келген сойку анын мүчөсүн тиштеп үзүп алган. Жыйынтыгында жыныс мүчө бир нече сантиметрге кыскарган. Кызыгы, жигит жан жеринин ооруганын сезбей, сүйүү оюнун эс-учун жоготкончо уланткан. Учурда Брайан ооруканада, ал эми Маримо темир тор артында соттун чечимин күтүп жатат.

КҮЙӨӨСҮНҮН КЫЗМАТЫН 21 ЖЫЛ КҮТКӨН ФРАНЦУЗ АЙЫМ
51 жаштагы француз Жан-Луи аялына 8,5 миң евро айып төлөөгө мажбур болду. Көрсө, аялы "күйөөм качан эркектик милдетин аткарат?" деп жүрүп арадан билинбей 21 жыл өтүп кетиптир. Күтүүдөн тажаган айым ажырашууга арыз жазып, соттон 10 миң евро компенсация төлөтүп берүүсүн суранган. Жан-Луи эркектик милдетин аткарбагандыгы үчүн 8,5 миң евро айып төлөп, аялы экөө ажырашты. Ал эми Бириккен Араб Эмиратындагы эркектер өз милдетин аткарбаса, аялына 10,99 миллион доллар айып төлөшөт экен. Анын импотенттиги эске алынбайт.


Алигидот

Баласы атасына:
– Ата, апамдын эки бутунун ортосунда эмне бар?
– Ой, балам, сурайсың да! Ал жак бейиш.
– А сиздин эки бутуңуздун ортосунда эмне бар?
– Бейиштин "ачкычы".
– Ата, андай болсо бейиштин кулпусун батыраак алмаштырыңыз. Тиги кошуна байкеде да "ачкыч" бар экен,- дептир.

Астра Айдарова
erotica@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (96)
uson_89
2013-03-17 04:04:08
daa bolot eken uwundai da
0
elzat12
2013-04-26 21:47:58
эркектер кызкелиндерге барат деп укчу элем бул келин набарот байкесине озу барып майрам кылып алганы укмуш
0
jasmin81
2013-05-08 19:11:40
Арким озуно ынсап берсин.
0
Aruuzat-19_21
2013-05-10 12:33:18
жашоодо мындай мисалдар ото эле коп. Бул только капля в море - где море - это Кыргызстан.
0
Aruuzat-19_21
2013-05-10 12:35:55
Ушуга чейин мындай нерсе эч ким укпагандай комент. жазышыптырсынарго
0
fc-chelsea.2013
2013-06-03 16:49:55
Ээ куда бул эмне кылганы,.,.,,
0
nazmar
2013-06-15 11:31:05
бул киши ото опытный окшойтго
+1
shuma94
2013-06-30 16:34:31
ayal andai bolbow kerek tooktoi baskan erkekte da kunoo bar
0
suiutbekov1989
2013-08-27 00:05:18
куйоосу туруп башка эркек менен кантип жатсын
0
angel2013
2013-09-12 10:11:59
ммм эгер куйоосу жакшы мамиле жасабаса аял да ал нерсени башка еркектен издейт болуш керек деп ойлойм
+2
bulanbekov
2014-02-12 01:55:40
ошол аялына бакыт суйууу тартуулай албаган эркек,эркек деле эмес экен.
+1
altusha87
2014-02-20 22:33:29
Кантип эле ушундай болсун,куйоосу билсе уй-булоо бузулат да,баласы жок бекен?
0
matrisa9
2015-03-03 09:54:29
дагы бир ХХХ окуясы турбайбы.
0
admin_superstan
2015-03-03 10:54:37
matrisa9, этика нормаларын сактаңыз!
0
Abdynur
2017-08-31 18:48:29
Астагифирулох Адамдар Кайда бара жатабыз тобоо келтиргилечи Зынаны кантип айтып Кайсыл Арына мактанып жаттасын Фарида уят
0
Myrza-mazi
2017-10-06 09:41:26
Кыргызга уят жат корунуш. Куйоосуцнун козуно чоп салганы эмнеси. Окуяны башкача мазмунда жазышса болмок
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан