ЭЭ-ЖАА БЕРБЕГЕН НОВАК ЖОКОВИЧ

Учурда Австралиянын ачык чемпиондугу кызуу жүрүүдө. 29-январда аяктоочу мелдештин учурдагы чемпиону сербиялык Новак Жокович чемпиондук наамын коргоого тийиш. Былтыр көпчүлүк 7 жылдан бери алмак-салмак чемпион аталып келген Надаль-Федерер тирешин күтсө да, күтүүсүздөн “үчүнчү күч” Новак Жокович экөөнү артта калтырып сенсациялуу түрдө Дүйнөнүн №1-ракеткасына айланган эле. Эми аны токтото албай экөө тең убара. Ушундан улам тамашакөй Новак Жокович менен жакындан таанышууну сунуштайбыз.

НОВАК ЖОКОВИЧ
Лакап аты – Жокер
Туулган жылы – 1987-жыл, 22-май
Туулган жери – Белград шаары, Югославия
Бою – 187 сантиметр
Салмагы – 80 килограмм
Кумири – Питт Сампрасс
Жетишкендиктери – Теннис боюнча Чоң шлем түркүмүнө кирген мелдештерде 4 ирет жеңишке жетишкен. Австралиянын ачык чемпиондугу (2008, 2011), “Уимблдон-2011” жана АКШнын ачык чемпиондугу (2011). "Бээжин-2008" Олимпиадасынын коло медалчысы жана учурда АТРнын рейтингинде 1-орунда.
2003-жылдан бери профессионалдык теннистен 32 миллион 882 миң доллар иштеп тапкан.
Бойдок. Учурда Монаконун Монте-Карло шаарында жашайт.

СЕРБДИН ТИЛЕГИН БЕРЕТ
Сербиялык Новак Жокович кичинесинен лыжа спорту менен машыгып, 12ге чыкканда теннисти тандоого туура келген. Ал тенниске үйүнүн жанында курулган 3 корттон улам байланып, инилери Марко менен Жорж болуп теннис менен машыга баштаган. Новак ошол жылы Мюнхендеги “Ники Пилис” теннис академиясына аттанат. “Мени киши кылган мектеп Мюнхен шаары болгон”,- дейт теннисчи.
Жокович ошол академияда билим алып, килемде, чөптө жана топуракта ойноону өздөштүргөн универсал теннисчи болуп чыккан. Ошондой эле ал Мюнхенде тил тоскоолдугун жоюп, эне тилинен тышкары итальян, немис жана англис тилдерин өздөштүргөн. Бул тил билгичтиги аны башка теннисчилерден айырмалай алат. Аталган академияга келгендеги алгачкы машыктыруучусу Елена Генчич аны мындайча эскерет: “Анын профессионал теннисчиникиндей тыкан сумка көтөрүп келген күнү эсимде. Мен "сумкаңды ким жыйнап берди?" деп сурасам, ал "өзүм" деп жооп берди. "Ким болгуң келет?" дегенимде "Моника Селештей Дүйнөдө №1 болгум келет" деди".

СҮЙҮҮСҮ ҮЧҮН МИЛЛИОНДОР КЕП ЭМЕС
Новак 2006-жылдан бери өзүнөн бир жашка улуу мекендеши Елена Ристичке сүйүү гүлүн сунуп келет. Ристич Италияда ЖОЖдордун биринде окуп, учурда мунай чыгаруучу компанияда иштейт. Качан үйлөнөрү белгисиз болсо да Жоко: “Үйлөнүү менен кортто оюнумду мыкты жагына оодарышым мүмкүн. Кудум Федерер уулдуу болгон соң мыкты ойной баштагандай”,- деген жылуу тилегин билдирген. Учурда Монте-Карлодо жашаган жаштардын эс алууга сарптаган акчасы акылдан адаштырарлык дешет. Анткени андай кымбат мейманкананын баасына мамлекет башчылары эле түтпөсө, спортчунун чөнтөгүнө чак келбейт. Айта кетсек, Новактын акча булагы – теннис. Аны жарнамалык роликтерде сейрек кездештирүүгө болот. Кыстара кетсек, теннисчи былтыр жыл бою корттон 11 миллион доллар иштеп тапкан. Анын бир мелдешке катышуусу үчүн эле 2 миллион долларга жакын акча төлөнөт. Жеңип чыкса, албетте, бул сумма дагы өсөт.

“ПРИКОЛДОРДУН” КААРМАНЫ
Жокович эң шайыр теннисчи. Ал беттештин алдында бий даярдап, эч эринбей атаандашына жана элге тартуулап берет. Бул өнөрүн ал 2007-жылы баштап, бир ирет кортто Шарапованын ачуу кыйкырыгын жана Шакиранын ырдаганын туурап берген. Ушундайынан аны Жокер (англисчеден "тамашакөй" дегенди билдирет) деп атап коюшкан. Өкүнүчтүүсү, анын жоруктарын мындан ары көрбөйт окшойбуз. Анткени ал “мени эл теннисчи эмес, маскарапоз же бийчи деп таануусун каалабайм. Бийди токтотом” деп билдирди. Кызыгы, учурда жаштардын уюлдук телефондорунан Жоковичтин “приколдорун” көрүүгө болот. "Прикол" теннисчинин бийи менен атаандашка карата тамашаларынан турат. Анын мындай таланты керек болсо Голливудга жетип, айтылуу “Ээ-жаа бербегендердин” 2-бөлүгүнө тартылуу сунушу түштү. Анда ага эпизоддук роль тийди. Баса, Жоковичти тасманын режиссёру Сильвестр Сталлоне эмес, ага күйөрмандык кылган продюсер Ави Лернер чакырган.

ДИЕТА КАРМА, ЧЕМПИОНДУКТАН ЖАЗБА!
Жоругуң жолдо калган Жокович учурдагы жетишкендигине атайын диетанын салымы зор экенин жашырбайт. Кытай медицинасы боюнча адис Игор Цетойевичтин кеңеши менен пицца, паста жана нан жегенди токтоткон. Бул ашказан илдеттеринин алдын алуу үчүн жасалган. "Диета аркылуу салмагымды азайтып, өзүмдү жеңил сезем",- дейт теннисчи бул тууралуу.

СЕРБИЯНЫН СИМВОЛУ
Былтыр ал "Уимблдон-2011" мелдешин жеңип мекенине кайтканда Белград шаарынын көчөлөрүнө толгон 100 миңдей жердеши кучак жайып тосуп алган. Ооба, Новак – 2006-жылы көз карандысыз өлкөгө айланган (Черногориядан бөлүнгөн) жаңы Сербиянын символу. Ал да өлкөсүн ушунчалык сүйөт. Анын кортко көтөрүп чыгуучу спорттук сумкасында Сербиянын желеги түшүрүлүп, анын серб экени дароо байкалат. Патриот жигитке кичинесинде Англиянын желегин желбиретүү сунушу түшүп, бирок ал четке каккан. Анын улам артып бараткан мегапопулярдуулугу бир катар сурамжылоолордо да байкалууда. Серб жаштарынын көбү теннисчинин баскан-турганынан үлгү алары белгилүү болду. Жана да соңку жылдары төрөлгөн ымыркайлардын 40 пайызына Новак аты ыйгарылууда. Ошондой эле белграддык орто мектептердин бири анын атын алып жүрүү өтүнүчү менен мэрияга кайрылган. Аталган шаардын мэриясы Жоковичтин ийгилигин колдоп, “Мыкты сербиялык бренд-2010” жана “Популярдуулуктун Оскары” наамдары менен сыйлаган. Ал эми өлкөнүн православ чиркөөсү ага былтыр “Ыйык Савва” жогорку орденин такты. Өз кезегинде теннисчи мындай сый-урматка жооп иретинде Сербияда биринчи жолу абройлуу теннистик мелдеш уюштуруп бергенин айтсак болот.

Максат Кудайбердиев
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
BNA
2012-01-30 10:09:19
Кортто эмес баллатте журучу неме экен, каап!...
0
bostars
2012-01-30 11:51:55
Быйыл да Надальды финалда утту,Автралиянын чемпиону болду,мадалес,аялдардан Беларусиядан Азаренко финалда Шарапованы утту...
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан