АБАКТАГЫЛАР ООЗДОРУН ӨЗ ЭРКИ МЕНЕН ТИКТИБИ?

Абактагылардын ачкачылык жарыялаганына бир апта болду. Азыр алардын жалпы саны 6 миң адамдан ашты. Айрымдары ачкачылык жарыялап, 1 миңге чукулу оозун тигип алышкан.

Өлкөнүн төрт абагынан башка абактардын баарында ачкачылык акциясы жүрүп жатат. Айрымдары оозун тигип, дагы бирлери колдорун кескилешүүдө. Акыйкатчы Турсунбек Акундун айтымында, №1-тергөө изоляторундагылар чындап эле ачкачылык жарыялаганын тастыктоо үчүн оозун тигишкен. "Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы жана анын басма сөз кызматы "абактагылар туугандарынан тамак алып жеп жатышат" деп жалган маалымат таратууда. Биз ошон үчүн оозубузду тигип алдык" дешти",- дейт ал. Акыйкатчынын айтымында, кримавторитеттердин бири да өз оозун тиккен эмес. Анын үстүнө, "оозу тигилгендердин көпчүлүгү жаштар болгондуктан, атайын эле төөнөп салышкан" деген ойлор да жаралууда.
Бул тергөө изоляторундагылар ачкачылыкты токтотуу үчүн өз талаптарын да акыйкатчыга айтышкан. Алар 16-январда болуп өткөн тополоңдо каза тапкан Нурбек Алымбаевди ким өлтүргөнүн таап жазалоону жана ошол окуяны туура иликтөөнү, так маалыматты элге таратууну талап кылышкан.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул кримчөйрө менен мамлекеттин күрөшү экенин баяндашат. Ошол эле учурда абактагылар кримчөйрөнүн башчылары отурган камераларды ачык калтыруу талабын коюшканын №1-тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбеков билдирет. "Алар "№1 тергөө абагындагы камераны ачып бергиле, биздин төбөлдөр кенен басып жүрүшсүн" деп талап кылышууда",- дейт ал. Марс Жусупбеков өзү жетекчи болуп турган кезинде эч бир камера ачык калбай тургандыгын баса белгилеп, катуу кармоо керек экенин айткан.

Турдугүл Каримова
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (41)
Ханбийке
2012-02-01 00:19:37
бош журушубуз керек деп талап койуп аткан кримавторитеттери тиксе керек да болбосо ким эле озунун жанын озу кордосун
0
keneshkan
2012-02-01 12:45:21
Ой тобоо!!! Оозун тикмектен ары барып тигишпейби. Ушул жол менен алар одорун оздору жазалап жатышат.Алардын талаптарын ишке ашырбоо керек!
0
jyldyza0000
2012-02-01 14:14:39
туура кошулам
0
jyldyza0000
2012-02-01 14:13:21
кайсы арларына ачкачылык жарыялайт дейм да
0
Ylara
2012-02-01 23:19:36
Аларда адамда баары эле мыкачыместа анчалык кордуктун кереги жокко дейм.
0
Sara
2012-02-02 01:59:12
ERten erkindikke chygarasynar dep takap kylyshat emi
0
mis
2012-02-02 12:02:58
echtekesine tushungon jokmun
0
Maramylive
2012-02-03 02:18:47
oi bawkalar ele tiktiriwtida biroo u4un kim ele janyn kyinagysy kelet. bow koyu degen emne degen talap ailanayin abak degen abakta,al jak bow juruu4u jai eemesta.
0
mamytoff
2012-02-03 09:15:24
Абактагылар эркининен ажыратылган бирок адамдык укугунан ажыратылган эмес, Мыйзамды сыйлабайт дейсинер а мыйзамчы окмот башы Бабанов менен ГСИНдин нач. Байзаков буларды сыйлайбы? Булардын талабы Байзаков кетсин!!!!!!! Кетсе эле маселе жок
0
Rimanto
2012-02-03 10:00:13
Дааа,офигеть можно,алардын мындай талаптары акылга сыйбаган нерсе деп ойлойм,бугун минтип отурса эртен эркиндик деп чыгышат,анан эмне алар ачкачылык жарыялады деп эле чыгарып, ачыгын ачык чачыгын чачык бойдон калтыралыбы,анда абак деген нерсени алып салалы да баарыбыз кылмыш кылып журо берели. Эми абакта да революция болуп жатса,бул кандай заман,кандай корунуш!!!Деги аман бололучу кыргыздар.
0
Tursunbek
2012-02-03 10:06:21
Туура айтасын Римато
0
applemac
2012-02-04 17:40:14
менин молдованкада отурган бир эскии таанышым мага телефон чалып алыптыр, ахбал сурап койбойсун деп озунчо орондойт, ахбал сурагыдай откоруп койдун беле дегим келди, ошентсе да адамдык кылып кечиресин кантиватасын, тополондорду угуп жатам эмне болду деги десем, ушу ооздорувузду тигип алып отуравыз дейт, оозун тиккенге окшовойле суйловатасын го десем, типа мен чонмун, мен тикпейм, тикчулор тигет хе-хе-хедеп гердейет,качанга чейин ошентесинер десем пахандар чечкенде токтотовуз деватпайбы
0
applemac
2012-02-04 17:46:53
жон журуп оз созуно жооп бергендер тикпей, жанагы кыз зордуктаган жана алы жок акмактар ол десе олууго даяр имиш. пахандары менен чиновниктердин ортосунда эл билбеген проблемалар баркен, качан турмо афторитеттери койгон талапты чондор аткараары менен бутот ачарчылык дейт, жакында ошол талаптарды аткарышат чондор,ошондо токтойт баары деп уверенно суйлоду, эмне талап десем айтканга болбойт деп койду,
мына ушундайкен достор, керек болсо турмодогулорго баш ийет окшойбуз, айбандар десе.
0
kipchak
2012-02-04 22:28:00
Тиксе тиге беришсин....ошентип эле коркутканга даяр турат го булар. Жон коюш керек....1-2 жумадан кийин тытынып тамак жегенин коросун...жан таттуу эмеспи.
0
ulandy
2012-02-05 14:22:53
Tuuruu aitasynar kattuu jazalash kerek akmaktardyy............
0
Ozelim
2012-02-06 02:15:18
Dostor!!! Emne kamakka but ele adam ollturup,je bolbosom kandaydir bir jaman ish kylyp turshbotta baaryle... Ech kunoosu jok tushup kaldarda az emes.Oshonduktan kelgile,jon ele bilbey turup kunoogo batpayli e dostor. Allah sam sudit inshaALLAH. Birok oozun tikkeni jakkan jok toobo.
0
№ 482, 27-январь - 2-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан