ОТ БОЛУП ЖАНГАН ООГАН АПААТЫ

Согуш кайрыктары

1979-жылы СССРдин аскер бөлүктөрү ооган жерине кирип барган. Максаты, жаңы түзүлгөн Ооган Өкмөтүн моджахеддерден коргоо, укуктук мамлекеттин түптөлүшүнө көмөк көрсөтүү болгон. 10 жылга созулган согушка 1 миллионго жакын советтик аскер катышып, 20 миңдейи каза тапкан. 30 миңдей жоокер жаракат алып, майып болушкан. 1 миллиондой ооган эли кырылган. Бул сандар расмий түрдө жарыялангандары. Ал эми дайынсыз кеткен, эсепке кирбей калган дагы канча өмүр эскерилбей кетти, белгисиз.

Кыргыз жоокерлери ­Ооганда

Кыргыз жергесинен жалпысынан Ооганга 7141 жоокер аттанып, 252си курман болуп, 585и үйлөрүнө майып болуп кайтышкан. Ал эми 4 жоокер дайынсыз жоголгон. Бүгүнкү күндө мекенибизде Ооган согушунун 6900 ардагери бар.

Учурда өлкөбүздө“Согуш коога­лаң­да­рынын жана Ооган согушунун ардагерлеринин мамлекеттик-коомдук кыймылы” бар. Кыргызстандын ар тарабындагы ардагерлерге камкордук кылып, баарын эске алып турушат. Жыл сайын ар кандай спорттук мелдештерди өткөрүшүп, мектептерде болсо патриоттук-тарбиялык негиздеги иш-чараларды өтүп турушат.

“Ооба, бизди ошол мезгил тандап алды, согушка аттандык. Бирок азыр бизге мамлекет жетиштүү деңгээлде көңүл бурбайт. Айрыкча, айыл жергесиндеги ардагерлерибиз эч каралбай, канчасы алган жаракатынан, согуштун оор запкысынын айынан бул дүйнөдөн өтүп кетишти. Бизге жеңилдиктер каралган, бирок алардын көбү ишке ашпай келүүдө, дары-дармек жетишпейт. Парламент согуш ардагерлери тууралуу мыйзамга жаңы оңдоо-түзөтүүлөрдү киргизип берсе, аябай бизге колдоо болот эле”, - дешет ардагерлер.

Казакстан өкмөтү 1 миллион доллар бөлүп, 3-6-февраль күндөрү, мурдагы СССРдин туш-тарабынан Ооган ардагерлерин чогултуп, чоң маараке өткөрүп беришти. Кыргызстандан 7 ардагер барып катышып, 20 жылдан бери көрө элек кан күйгөн согуштагы жолдошторун жолуктуруп келишиптир. Сөз менен айталгыс, чоң белек болуптур. Ушул эле учурда биздин Өкмөт “демөөрчүлөрдү таап, 20 жылдык мааракеңерди өткөрүп алгыла” деген кыязда токтом токуп берүү менен чектелди.

Белгисиз душман

Күчтүү куралданган 140 миң сандагы совет жоокерлери менен 30 миң сандагы Ооган аскерлери тоо аралаган моджахеддер менен эмне үчүн 10 жыл согушкан? Тез аранын ичинде эле Советтик Армиянын самолёт, вертолёт, танктарынын талкаланган чоң көрүстөнү кайдан пайда болгон? Кан кечип согушта жүргөн ошол кездеги жоокерлердин оюна да “бул өзү эмне болгон душман?” деген оор суроолор көп жаралчу дешет. “Жаңы Өкмөт түзүлдү” дегени менен, жерин тепсеп кирип келген бөтөн жоокерлерге каршы бүт ооган эли согушуптур. Ал эми “моджахеддерди болсо АКШ, Кытай сыяктуу ири мамлекеттер курал-жарак менен камсыз кылып, согушуу ыкмаларын пакистандык, англиялык машыктыруучулар үйрөтүшкөн” деген маалыматтар кийин гана чыгып отурат. АКШ болсо моджахеддерди курал-жарак менен камсыз кылууга эч каражатын аябай, кансыз согуштагы башкы атаандашы СССРге болгон каршылыгын ушундай жол менен ишке ашырып турган дешет.

Багынбас оогандык­тар

Совет аскерлери оогандардын аябай амалкөйлүгүнө, укмуштай чыдамкайлуулугуна таң каларын жашырышчу эмес. Моджахеддерди туткунга түшүрүү да кыйынга турчу. Жазып-тайып кармалып калганы болсо: “Ушул мезгилге чейин ооган жерин бир дагы баскынчы багынта алган эмес. Жадакалса Александр Македонский да багынта албаган. Силердин бул жерге келгениңер куру убара. Оогандын ар бир ымыркайы, ар бир ташы силерди өлтүрүүгө даяр. Ар бир моджахедге совет жоокерлери менен согушуп курман болуу, чоң сыймык. Биздин жерден чыгып кеткиле!”- деген кепти көп айтышкан тура.

Чүпүрөккө айланган өмүрлөр

Бул согуш ооган элине да, көп жоготууну алып келген. СССРдин элин орус эли деп билген оогандыктар “мусулман эмес болгон орустар менен согушууда жан аябоо керек” деп эсептешкен. Оогандыктардын башаламан болуп жайнаган көрүстөндөрүнө сайылган жыгачтарда жашыл, кызыл, ак түстөгү чүпүрөктөрдү байлашчу. «Жашыл түсү - бейишке барат, кызылы болсо, бул адам үчүн өч алына элек, ал эми ак түсү өч алынды” деген белгини туюнтчу тура. Баары бир ооган жериндеги көрүстөндөрдө кызыл түстөгү чүпүрөктөр басымдуу болгон.

Үйгө кайтуу

Ошентип, 1989-жыл келип, үйгө кайтуу буйругу чыккан. Бардык жоокерлер үчүн үйгө кайтуу, Ооганга кирип барганга караганда бир кыйла оор болгон. Ар биринин көз алдында аёосуз салгылаштар, жүрөгүнө тынчтык бербеген жоготуулар турган. Кирип келгенде бир гана моджахед душманы болсо, чыгып баратканда Женева келишими, ак кар, көк муздуу ашуу жолду тосуп алып, тынбай кол салган моджахеддер, АКШнын шаштыруусу душман болуп чыга келген.

Советтик Армия үчүн бардык тоскоолдуктарга карабай, жоготуусуз ооган жеринен чыгып кетүү өтө зарыл болгон. Совет аскерлеринин негизги бөлүгү 1989-жылдын кыш мезгилинде чыгышкан. 20 градустук ызгаар, ашуулардагы кардын көптүгү, душмандар топторунун, снайперлеринин тынбай кол салуусу чоң кыйынчылыктарды жараткан. Бирок Өзбекстан чек арасындагы Аму дарыясынын жээгинде күтүп жаткан ата-энелер үйгө кайткан жоокерлерге чоң дем, күч берген.

1989-жылдын 15-февралында Аму дарыясындагы “Достук” көпүрөсү аркылуу акыркы Советтик БТР танкы өткөн. Андан кийин көпүрөдөн акыркы совет жоокери СССРдин аймагына кирип келген. Айлап-жылдап жакындарын күткөн эл сөз менен жеткире алгыс кубаныч менен тосуп, балдары аман келген аталар, Оогандагы 40-армиянын командачысы генерал-лейтенант Борис Всеволодович Громовду (азыркы мезгилде Орусиянын Москва облусунун губернатору) асманга көкөлөтүп ыргытып жатышты. Ал эми согуштан кайтпай калган жоокерлердин энелери көздөрүнөн армандуу жашын тыя алышпай, аман келген жоокерлерди чекесинен өөп, бүт ааламды жек көрүп жатышты...

Кан күйгөн согушта далай шумдукка күбө болсо да, көздөрүнүн жашын тыя албай турган энелердин алдында туруштук бере албай мукактанган Б.В.Громов генерал катары эмес, жөнөкөй гана пенде катары, биринчи сөзүн: “Мына, биз да эми үйүбүзгө келдик!”- деп баштаган.

Андан бери далай кыштын кары эриди. Ошентсе да “миллиондогон бейкүнөө өмүрлөрдү алып кеткен Ооган апааты эмне үчүн башталып, эмне үчүн ушунча жылга созулду? Чечише албаган, бөлүшө албаган маселе эмне эле?” деген суроолорго курамына 15 өлкөнү камтыган мурдагы СССРдин бүт эли так жооп таба албай келет.

Залкарбек Карабалаев
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 328, 13-19-февраль, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан