ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Азирет Аскаттын бөлмөсүнө абайлай кирди. Бул бөлмөгө эч ким баш бакпаганына көп болгон. Аскар гана уулун сагынганда кирип, буюмдарын карап, кийимдерин жыттап, көпкө отуруп чыгып кетчү. Аскат каза болгондон кийин бул бөлмөгө эч кимди киргизбеди. Терезелерин да ачтырган жок. “Уулумдун жыты калсын, сагынганда кирип турайын” деп ойлогон эле. Босогодо турган Азирет бөлмөгө көз жүгүртүп бир пас турду. Кадимки бөлмө. Жакшы жасалгаланган керебет, шкаф, Аскаттын машыга турган грушасы, гир, гантелдери... Терезе жакта компьютер турат. Азирет компьютердик столго жакын келип, Бегимайдын сүрөтүн байкады. Жанында Аскат экөөнүн сүрөтү. Кыязы, кезектеги мелдештен келгенде тосуп алганы барган окшойт, колунда толтура гүлдөр менен аэропортто түшкөн экен. Азирет экөөнүн сүрөтүн колуна алып, аларга жымыя көпкө тигилди. Тамчы суудай окшош агасына, өмүрүндө бир да жолу көрбөгөн эгизине кусасы ташып, каңырыгы түтөп кетти. Сүйлөшкүсү келди. Ичинен ага кайрылып:
– Биринчи эле аны көргөндө таң калгам. Анын көздөрү кандай жайнап кеткенин көргөнүмдө... Кийин бир да жолу андай көз карашын байкабадым. Ошондо гана ал мени биринчи көргөндө сен деп кабыл алганын түшүндүм. Сен чоң сүйүүгө, Бегимайдын сүйүүсүнө татыктуу жигит болсоң керек. А мен эмне? Жүргөн бир... Апам айтмакчы, жүргөн бир саякатчы бакамын. А бирок тагдырдын тамашасы менен мен дагы аны сүйдүм. Сенден кем эмес сүйөм, бир тууганым. Бирок...
Шалак эте отуруп калды. Бир топ отурган соң компьютерди күйгүздү. Бир топко аңтарып-теңтерип отуруп, Аскаттын электрондук почтасына көзү түштү.
– Хм, пароль... Паролу кандай болду экен?
Алгач жөн гана Аскаттын почтасын карап көргүсү келсе, эми чындап кызыга баштады. Кандайча ачууга болот?
– Аа, таптым, экөөбүздүн туулган жылыбыз бир эмеспи...
Өзүнүн туулган жылын жазып көрдү эле таптакыр болбоду. Көпкө ойлонуп турду да, көзү столдун үстүндө турган Бегимайдын сүрөтүнө түштү. Адатта адамдар паролду өзүнүн кымбат адамдарынын туулган күндөрүнөн коёт эмеспи. Ойлонуп, Бегимайдын туулган күнү канчасы экенин эстей албай жатты. “Канчасы эле, канчасы эле? Аха, таптым!” Өткөндө бир жолу сөз болуп кетип, туулган күнүн айтканда эстеп калган эле. Эсинде калган сандарды тез тере салды. “89.06.18.” Буга да болбой койгон соң бул сандарга Бегимайдын баш тамгасын жазып көрдү эле электрондук почта ачылып калды.
Тапкычтыгына кубанган Азирет алакандарын чаап жиберди. Почтадагы акыркы күнү келип түшкөн сүрөткө көңүлү бурулду. Арылаган сайын өңү кубара, мышка кармаган колдору титиреп кетти.
Окурман, кимдин сүрөтү экенин сиз деле болжолдоп жатсаңыз керек. Бул – жаш жигит менен кумарга батып жаткан Аида эле. Жанындагы жаш жигиттин өңү анчалык даана көрүнбөгөндөй. Кучакташкан, өбүшкөн, биринин оозуна бири тамак салып эркелетип жаткан сүрөттөр...
– Акмакчылык, не деген акмакчылык?! Не деген аял эле бул өзү?- деп күбүрөгөн Азирет не кыларын билбей башын мыкчый отуруп калды. Бир аз демин баскандан кийин кайрадан сүрөттөрдү тиктеп калды. Сүрөттүн четинде датасы жазылып калган экен. 10.07.2010! Аскат өлгөн түн! Чындап эле бул сүрөттөр менен Аскаттын өлүмүнүн байланышы болуп жүрбөсүн?.. Ошол замат Көлгө барганда майордун айтканын эстеди. “Менин оюмча, аял Аскатты жакшы билген адам. Ал муздаткычтан алып, жатар алдында дайым суу ичип уктаарын билген. Андыктан ага уктоочу дарыны кошуп койгон. Андан кийин гана башка адам келген. Анткени бычакта эркек адамдын бармак издери калган. Уктап жаткан учурда бычак менен үч жолу жүрөк тушка сайган. Мунун баарын начальникке айтып бергем. Бирок ал “мен уктум, бул дөөдүрөгөнүңдү, башка адам укпасын. Баарын курут” деп буйрук кылды”.
– Уфф, ушу кантип болсун? Кантип эле ушундай болсун?!
Башын мыкчый кармап дубалга сүйөнгөн Азирет дендароо. Бир топко отурду да чөнтөк телефонуна сүрөттөрдү көчүрүп алып, компьютерди өчүрүп, эми чыгайын деп жатканда эшик шарт ачылып, күтүлбөгөн жерден Аида кирип келди.
– Бул бөлмөгө Аскар эч кимди киргизчү эмес. Ал “кирбегиле, эч кимди киргизбе, Аскат чыгып кеткенде кандай калса ошондой калтыр!” деп катуу айткан.
– Чын элеби?- деди Азирет кашын көтөрө мыскылдуу жылмайып. – А мен бул үйдө эмне кааласам өзүм билет экенимди билесиңби?
– Менин ордум бул үйдө эле эмес, Аскардын жашоосунда да бар экенин унутпа!
– Ким билет?- деди жакын басып келип Аиданын көзүнө тике караган Азирет. – Кээде биз ким менен жашап жүргөнүбүздү, анын кандай кадамдарга барарын да билбейбиз. Туурабы?
Аида кумсара артка кетенчиктей берди. Жигиттин көздөрү күлүп турганы менен, өтө коркунучтуу эле.
– Эмне, менден коркуп турасыңбы?- деди ого бетер дубалга жабыштыра түрткөн ал.
– Мен эч кимден коркпойм, корккон да эмесмин. Сенден да, энеңден да...- деди чыйралган аял.
Азирет чыгып кетти. Титиреген аял эмне кыларын билбей бүк түшүп отуруп калды. “Бир нерсени билет бул. Бирок эмнени? Кайсы жерден шек алдырып койдум? Окуяга байланыштуу нерсенин баарын жоготкон сыяктуу болбодум беле?” Бөлмөнү айланта карап, маңдайында турган Аскаттын сүрөтүн байкады. Сүрөттөр! Аскат тартып алган сүрөттөрдү чөнтөк телефонунан таппай койгон... Бирок ал кайда болушу мүмкүн? Капканга буту салынган жырткычтай Аида алдастай баштады.

ххх

“Аиданын жанында жүргөн жигит ким болушу мүмкүн?” Азиреттин оюнун баары ошого келип такалды. Эгерде ал адамды тапса, болгон окуянын аягы табылчудай. Бул сырды ким менен бөлүшүшү мүмкүн? Кимден жардам сураса болот? Атасынанбы? Болбойт, бул жаңылыктын чын-бышыгына жетмейинче ал адамга айтып жүрөгүн оорутуп кереги жок. Бегимайгабы? Анын да жараатынын картын сыйрыгысы келбеди. Акыры ойлонуп отуруп Алинага телефон чалды.
– Алинка, кезигелиби? Мен сени сагындым,- деди тигини ооз ачыра койбостон.
– Азирет, мени менен минтип тамашалашпа,- дирилдеген кыздын доошу азыр ыйлап жиберчүдөй.
– Ой, алтышка, кечирип кой. Жөн гана тамашаладым. Бирок сенин жардамың керек болуп жатат.
– Билем эмнеге экенин, бирок жардам бере албайм.
– Кандайча? Сен эмнени билесиң?
– Бегимай чет өлкөгө кеткени жатат. Сен аны менен жолуккуң келет, бирок ал сени көргүсү келбегенин айтканда сен мага чалып жатасың да, туурабы?
Азыр эле шайырсынып турган жигиттин өңү өзгөрүлүп, жүзү олуттуу болуп кетти.
– Кандайча? Эмнеге?- деп кайталай берди. Алина тигинин дендароолугуна жини келдиби, телефонду коюп салды. Эмне кылуу керек? Чогуу болбосо да бир шаарда жашап, ал ушу шаардын бир четинде жашап, өзү жуткан абадан дем алып жатканы эле өзүнчө бир дем эмес беле. Кантип жашайт эми? Азирет эч нерсени ойлогусу келген жок. Машинасын от алдырып, Бегимайды көздөй жөнөй берди.
Университеттен чыгып, эми машинасына отурайын деп жаткан Бегимай алдынан чыга калган Азиретти көрүп, таң кала кашын серпти.
– Сен кайдан чыга калдың? Жүрөгүм түшүп калды.
– Сени алыс жакка камданып жатыптыр деп уктум.
– Ооба, жакында...- деп келе жаткан Бегимайды каруудан кармаган Азирет акырын үн катты.
– Экөөбүз сүйлөшчү сөздөр бар. Суранам, бир ээн жерге барып сүйлөшөлү. Мен сага өтө маанилүү нерсе айтышым керек.
Бир аз убакыттан кийин эле экөө чакан кафеде отурушту.
– Кайда кетмекчисиң, эмнеге?- деди Азирет.
– Сенин Көлдө айткан сөздөрүң мага катуу таасир этти. Биринчи таарынгам, кийин бул чындык экенин моюнума алышым керек экенин сездим. Чын эле мен Аскатсыз жашай албай, жалгыз кантеримди билбей жүрөм. Жашоомдун сценарийи боюнча, Аскат экөөбүз үйлөнмөкпүз, балалуу болмокпуз, мен аны тосуп алып мелдештерге жөнөтүп турмакмын, жөнөкөй эле үй кожойкеси болмокмун. Ал каза болгондон кийин ордумду таппай калганым чын. Эми башка шаарда жаңы жашоо баштап көрүүнү чечтим. Атамдын эжеси АКШда жашаганына көп болду. Мени көптөн бери чакырып жүргөн. Ошол жактан окуумду улантып, иштеп келейин деп чечтим.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
janka.kg91
2012-02-06 10:01:27
эх, дагы бир жума
0
mikinookat
2012-02-06 10:02:37
eiieieiiei
0
Asiyo
2012-02-06 12:31:58
Кызыгына келгенде бутуп калганы жаман болду да!..кобурооктон эле жазса болбойбу?!
0
kg_tab
2012-02-06 16:02:37
бул жумада ото эле аз го?!
0
eduardali
2012-02-06 22:21:19
Эх Аида шуркуя шуркуя.
0
Monika
2012-02-07 01:00:22
Ayabai kyzyktuu, jakshy jazylgan roman, birok keede elementarduu nerselerdi oilonup jazsa bolmok eken, Begimaidyn tuulgan kunu 18.06 bolup turat, a Askattyn olgon kunu 10.07 dep jazyptyr azyrkyda, birok Askat Begimaidyn tuulgan kunu kunu kaza bolbodu bele?
0
jonne
2012-02-07 02:05:18
уф иии!
0
aidinaernur
2012-02-07 04:13:49
мына сага!!! качан бутот экен билинип эле калды окшойт Аида экени.
0
bopos
2012-02-07 10:01:22
дагы бир жума,китеп чыгарып койгулачы сураныч.
0
nurik_aida
2012-02-07 12:51:19
эми эмне болот я!
0
Rita1971
2012-02-07 16:58:48
Кар ханышасына уйлоонордо ойлонсо болмок, жаш эмес го...
0
Narynbek
2012-02-07 22:13:52
Эх кызыгына келгенде бүтүп калганын карасаң.Аида эле өлтүрткөн.Сүйүүнүн көзү сокур деп бекер айткан эмес ко.
0
bermi
2012-02-09 01:11:37
dagy kancha sany bar boldu eken, bilgender barbi?
0
nadirjan
2012-02-11 17:01:54
abdan kyzyktuu.
0
№ 483, 3-февраль - 9-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан