"Үйдү, аялды жана жумушту алмаштырууга болот. Бирок күйөрмандык кылган команданы эч качан!"- дейт франциялык экс-футболчу Эрик Кантона. Бул сөз футбол ышкыбоздорунун девизи десе болот. Анда кандай маани жатканын футбол сүйүүчүлөрү жакшы билебиз. Бүгүн дал ушул күйөрмандыктын айланасында сөз кылып, "Атактуулардын жүрөгү кайсы команда деп согот?" деген суроого жооп издедик. Футбол өнүккөн өлкөлөрдө миллиондор сүйүп, атүгүл кимдин кайсы клубга жан тартары кишинин атын сурагандай эле мааниге ээ болуп калган. Бул заман бизге жакындап калганын күн санап аңдап жаткан чыгарсыз. Төмөнкү белгилүү инсандар түрдүү тармактын адамдары болгону менен, аларды жалпы жонунан бир нерсе бириктирип турат. Ал, албетте, күйөрмандык жайлары.
“АРСЕНАЛ”
"Замбирекчилердин" колдоочулары – рэпер Жей-Зи менен анын жубайы Бейонстон тарта Улуу Британиянын учурдагы ханышасы Елизавета IIге чейин" деген кеп бар. Андан тышкары лондондук клуб футболчулар: англиялык Эшли Янг ("МЮ"), Жейермен Дефо ("Тоттенхэм"), италиялык Филиппо Индзаги ("Милан") жана түркиялык экс-футболчу, учурда депутат Хакан Шүкүрдүн көңүлүндө болуп келет. Ошондой эле бир кездеги №1-террорчу Бен Ладендин "Арсеналга" күйөрмандык кылганы тууралуу маалыматтар бар.
“БАРСЕЛОНА”
"Барселонанын" оюнун көрүп, бешиктеги ымыркай да туйлап жиберет" дегенге кошулбай коё албаспыз. Анын оюну керек болсо "Лос Анжелес Лейкерстин" оюнчусу Коби Брайантты, орусиялык футболчу Андрей Аршавинди, автожарышчы Льюис Хэмилтонду, формула-1 боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону Михаэль Шумахерди да арбап келет. Спортчулардан тышкары көк-анар түстүүлөргө актёр Антонио Бандерас, Испаниянын өкмөт башчысы Хосе Луис Сапатеро жана Боливиянын президенти Эво Моралес күйөрмандык кылышат.
“МАНЧЕСТЕР ЮНАЙТЕД”
Америкалык поп жана R&B ырчысы Рианна сүйүүсүн "Манчестер Юнайтед" – менин командам. Анын оюнчулары таланты жана өнөрпоздугу менен жагат",- деп билдирген. Ооба, "кызыл ажыдаарлардын" күйөрмандарын санап кетсек, ырчы Жастин Тимберлейк, америкалык актёрлор Брэд Питт, Орландо Блум, рэперлер Tимбаланд, Снуп Догг. Анан да манкуниандыктар ямайкалык жөө күлүк Усэйн Болт, америкалык мушкерлер Майк Тайсон, Флойд Мейвезердин жүрөгүн бийлеп алган. Саясат чөйрөсүнөн да ага байлангандар жок эмес. Алар: АКШнын экс-президенти Билл Клинтон жана жубайы Хиллари Клинтон, Франциянын президенти Николя Саркози.
“ЧЕЛСИ”
Орусиялык Роман Абрамович кожоюндук кылган "Челси" да күйөрмандарынын саны менен мактана алат. Бул клубду сүйгөндөрдүн ичинен америкалык актёр Гай Ричи жана экс-жубайы, ырчы Мадонна (экөө "Челсинин" оюндарынын биринде таанышкан), Жейсон Стэтхем, Түштүк Африкалык актриса Шарлиз Теронду жана Гарри Поттердин ролун ойногон Дэниэл Редклиффти көрүүгө болот. Баса, Дэниэл досу "Ливерпулдун" күйөрманы Руперт Грин менен "Челси"-"Ливерпуль" оюнунан кийин таанышкан. "Челси" ошондой эле музыкант Баста Раймстын жүрөк кылын чертип келет. Спортчулардан хоккейчи Илья Ковальчук, баскетболчу Кевин Гарнетт да ак сөөктөрдүн күйөрманы.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...
Королдук клуб "Реал" үчүн от кечүүгө даяр болгон күйөрмандар испаниялык теннисчи Рафаэль Надаль, актёрлор Том Круз, Рассел Кроуну баса белгилесек болот. Ырчы Кэтти Перри, Алисса Милано, Робби Уильямс италиялык "Интерди" жактырса, анын элдешкис атаандашы "Миланга" күйгөндөрдөн сербиялык теннисчи Новак Жокович, Италиянын экс-премьер-министри жана клубдун президенти Сильвио Берлускони бар. Англиялык "Ливерпуль" да четте калбай, Ричард Гир, Анжелина Жоли, Холли Берри, Доктор Дре сыяктуу жылдыздарды чогулткан. Саясат дүйнөсүнөн "кызылдарга" Рим Папасы Иоанн Павел II, ЮАРдын экс-президенти Нельсон Мандела жан тартышат. Ал эми британиялык мушкер Рикки Хаттон "Манчестер Ситиге", режиссёр Сильвестр Сталлоне "Эвертонго" күйөрмандык кылат. Орусиялык актёр Сергей Светлаков "Спартакка" күйөрман болсо, Орусиянын президенти Дмитрий Медведевди жана актёр Михаил Боярскийди "Зениттин" күйөрманы катары биле жүрүңүз.
КЫРГЫЗСТАНДА “БАРСА” “ХИТ”
Ата мекендик белгилүү футбол сүйүүчүлөрүнө кайрылып, жооп алдык. Дүйнөдө англиялык клубдарга күйөрмандык кылуу модада болсо, Кыргызстанда каталониялык “Барселона” “хит” болуп жатыптыр. Ким кайсы чет элдик клубга күйөрман? Төмөндөн окуп алсаңыз болот.
Максат Кудайбердиев
sport@super.kg