ТАГДЫР ОЮНУ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Азирет Бегимайды тиктеп туруп, тагдырдын тамашасына тан берди. Эмне үчүн ушул кыз? Канча сулууну көрдү? Бирине да дирт дебеген жүрөк бул кыздын кирпигинин ирмелиши менен кеч күздөгү жалбырактай дирилдейт. Бир тууган агасынын сүйүктүүсү...
– Мени карачы...
Бегимай укпай калдыбы же карагысы келбедиби, ылдый караган боюнча отура берди.
– Мен Аскатты ким өлтүргөнүн билдим.
Бегимай алгач ишенбегендей карады. Азиреттин жүзүнөн анын чын айтып жатканын сезди окшойт, дендароо болуп отуруп калды.
– Ким? Ким экен ал?..
– Азыр атын айта албайм. Жаңы эле изине түштүм. Азыр сага көп нерсени айта албайм. Бирок бул иште мага жардамчы адам керек. Сенин азыр кеткениң дурус эмес. Мага бир аз убакыт бер. Ушул ишти бүтүргөндөн кийин экөөбүздүн ортобузда сүйлөшө турган сөздөр бар. Мен... мен...
Бегимайдын каректерине толуп бараткан жашты көрүп, Азирет аргасыз токтоду.
– Айтпа. Мага азыр эч нерсе деп айтпа.
– Бема, кетчү болбо.
– Макул, дагы кабарлашабыз.
Бегимай сумкасын алып сыртка карай атылды. Машинасына отуруп, бет келди айдап жөнөдү. Ыйлап баратты. Аскаттын кылмышкери табылды деген сөзгөбү? Азиреттин көзүндөгү жалындан коркконунанбы? Балким, ага жооп бере албаганы үчүнбү? Айтор, кыздын жан дүйнөсү алай-дүлөй...
Азирет тамекисин буркурата тартып, ойго чөккөн боюнча кала берди. Ал ошол эле күнү сүрөттөгү жигитти кантип таап чыгууну пландады. Сүрөттү компьютер аркылуу чыгарып, Аиданын ордуна башка кызды койду да, сыртка чыкты. Аскардын эң ишенимдүү бир гана жан сакчысы боло турган. Мирлан деген далдайган жигитке Азирет да биринчи келгенде эле ишенип калган болчу. Атасы да Мирландын кол алдында көптөн бери иштеп жүргөнүн, ага ак ниет эмгек кылганын айтып калар эле. Короодо ары-бери басып жүрүп, машинасын оңдоп жаткан Мирландын жанына келди.
– Кандайсыз?
– Кандайсың өзүң?
Чекесиндеги терин аарчыган ал машинасынын алдынан чыгып, Азиретке колун берди.
– Бош болсоңуз сүйлөшпөйлүбү?
Четке чыгып, экөө бакчада бир топко сүйлөшүп отурушту. Бир маалда сөз арасында Азирет чөнтөгүнөн сүрөттү сууруп чыкты да, тигиге көрсөтө берди.
– Мына бул жигитти тааныйсызбы?
Мирлан далдайган колдору менен сүрөттү жакын кармап туруп таң кала үн катты.
– Ой, бул деген Айбек деген жигит. Биз аны Айба деп койчубуз. Аскар Токтосуновичтин жан сакчысы болуп бир топ иштеген. Бул сүрөт сенде кайдан жүрөт?
– Ал азыр кайда?
Мирлан башын кашып алып күнөөлүү үн катты.
– Ал каза болуп калган. Бир жарым жылдай болуп калды го...
Эми таң калуу кезеги Азиретке келди. Жини келе тизесин чаап калды.
– Эмне, Айба сага ушунчалык керек беле?
– Керек болчу. Айтсаңыз, ал эмнеден каза болду? Эмне, ооруп жүрчү беле?
– Жок, кайдагы оору? Иш десе ишке, аш десе ашка тойбой, алдуу-күчтүү жигит болчу. Бир топ спорттук мелдештерге да катышып жүрчү. Эмне болгону эч кимге билинбей эле калды. Батирге алып жашаган үйүндө уктап жатканда кимдир бирөө газды коё берип кетип калыптыр. Аскар агай аркасынан изилдеткен, бирок эч кандай жыйынтык чыккан жок. Ата-энесине жаман болду, жалгыз бала болчу.
– Өзү, мүнөзү кандай жигит эле?
– Кыздарга жакын болчу. Өтө эле кыз жандуулугун байкап, “эй, тынч жүрсөңчү” деп калчумун. Бирок ал мени уккан жок.
Азирет андан ары эч нерсени сураган жок. Өз ойлору менен алышып жатты. Түйүн ошол күнү өзүнөн өзү чечилди. Ошол күнү чогуу тамак ичип отурган учурда Азирет атасына кайрылып калды.
– Ата, Айбек деген жигит сизде иштегенби?
– Ооба, ага эмне кызыгып калдың?
– Мындай эле. Бир иштин түйүнү барып ошол жигитке такалып жатат.
Чай ичимиш болуп ылдый тигилген Азирет көзүнүн кыйыгы менен Аиданын реакциясын байкады. Айбек деген атты угары менен Аида колдору менен оозун баса кубарып отуруп калганын байкады да, жай сөзүн улады.
– Ал таң калычтуу жагдайда каза болуп калганын уктум. Не болду экен? Эч ким изилдеген жок беле?
Аскар Азиретке шектүү тигилип, Аида көздөрү чыгып кетчүдөй абалда отурганын байкаган Мариям уулунун колун акырын түрттү.
– Тамак үстүндө андай темада сүйлөбөй эле коёлучу.
– Макул, апаке,- жарк эте күлүп апасына караган Азиретти Аида жек көрө тиктеп турду да, ордунан акырын турду.
– Менин табитим качып кетти.
Азирет анын аркасынан жеңиштүү жылмайып алганын эч ким байкаган жок.
Ошол түнү Аскардын үйүндөгү эки адам уйкусуз түндү башынан өткөрүп жатышты. Айбек тууралуу билгенден кийин Аида эмне кыларын билбей, куду капканга түшкөн жырткычтай бөлмөсүндө тыпырап ары-бери баса баштады. “Эмне кылуу керек? Кантип бул тордон кутулуп кетет?” Ойлонуп жатып бир гана жолду тапты... “Азиретти алдап чакырып туруп, көзүн жазгырыш керек” деди оюнда. Мээси чыңала иштеп жатты. “Ээн жерге чакырыш керек! Бирок кантип? Эмнеге алданат?
Ошол замат оюн бекемдеди да, чечкиндүү басып Азиреттин бөлмөсүнө баш бакты. Уйкусу качып, ооналактап уктабай жаткан Азирет анын дабышын угуп, башын көтөрө салды. Чачы жазылып, өзүн өчөгүшө тиктеп турган Аиданы көрдү.
– Эмне болду?
– Айба тууралуу билгиң келеби?- деди Аида моюнун койкойто тикчие тигилди. – Мен сага баарын айтып берем. Бардык чындыкты айтып берем. Анан ким чыныгы күнөөлүү экенин өзүң тактап ал. Эртең түнкү саат 12:00дө мен сени жазылган даректе күтөм. Сен азыр баарын билем деп ойлоп жатасың. Туура, бир топ нерсени билишиң мүмкүн, бирок баарын эмес.
Азирет жооп бергиче колундагы кагазды ыргытып жиберип, чыгып кетти. Бул сүйлөшүүнү экөөнөн башка адам да укканын сезишкен жок.

ххх

Жолдо зымырап учуп келе жаткан машинада Азирет бар болчу. Негедир шашып баратты. Ушул ишти бүтүрсө эле үстүнөн бир оор жүк кулачудай сезип баратты. Аида көрсөткөн дарек шаардан алысыраак, жаңы конуштарга жакын жайкашкан көп кабаттуу имарат экен.
Кирип келгенде Аида тамеки чегип отурган экен. Азиретти бир тиктеп күлүмсүрөп койду.
– Келдиңби?
– Келдим.
– Кайда баратканыңды апакеңе айткандырсың...
– Убактым аз, эмне чындыкты айтайын дедиң эле? Кулагым сенде. Бирок мен билген чындыктан көп нерсе айтарыңа деле шегим бар. Колумдагы далил менен барып, сени каматып салууга кудуретим жетмек. Бирок атама андай кыянаттык жасагым келген жок. Эми айт! Айбекти өлтүргөнүңдүн себебин билип турам, бирок Аскатка кантип колуң барды?
Аида ордунан акырын туруп барды да, терезени ачып жиберди.
– Караңгы, эч нерсе жок. Азирет, сен өмүрүңдө караңгы жерде калдың беле? Элестет, бутуң бир гана нерсеге илинип турат. Кокус тайып кетсең, жерге былч этип түшөсүң...
– Калган эмесмин.
– А мен өмүр бою ошол сезимде, ошол коркунуч менен жашадым. Атам арак ичип келгенде анын досторунан коркуп караңгыда качып кетип, эң бийик деген бакка чыгып алып, түнү менен бактын башында отурчумун. Үшүгөнүмдү сураба...- Аиданын үнү калтырап кетти.
– Эч нерсени түшүнгөн жокмун.
– Сенин атаңа турмушка чыкканга чейин менин турмушум ушундай эле. Жаштыгымды, сулуулугумду көрүнгөн пайдалангыча өзүм пайдаланайын дедим. Ошентип, 20 жашымда 44 жаштагы атаңа, Аскарга турмушка чыктым. Башында баары эле жакшы болчу. Бирок Аскар мен ойлогондой адам эмес экен. Ал мени, мен аны түшүнүшө албадык. Ортобуз суугандан сууй берди. Ушунчалык муздактык пайда болгондуктан, башка адамдардан жылуулук издей баштадым. Жаштыгым денеме сыйбай кетти. Жаш жигиттер менен көңүл ача баштадым.
– Аскат! Анын күнөөсү эмнеде эле?
– Ал мени түшүнгүсү келген жок. Пансионаттан тиги экөөбүздү көрүп калганда мен ага жалынып ыйладым. Экинчи эч качан бул ишке барбасымды айттым. Ал болбой койду...
Аиданын көз алдына ошол каргашалуу түн тартылды.

(Уландысы кийинки саныбызда)

Жолдошбек Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
ikitaidesu
2012-02-13 09:51:08
Azirettin artynan biroo jarym kelse eken, any dagy bir nerse kyla elekte. Erine kyyanattyk kylgan katyndy kim kechirsin. Ayalynyn emne kylyp jatkanyn baikabagan dagy erler bolot eken da.
0
Fekus
2012-02-13 10:15:24
Демек Аида куноолуу экен да баарына..... Жакшы чыгарма экен. Кино тартса болчудай
0
supeeri
2012-02-13 13:40:53
Озу кыйналса жаштыгында башка бирого тонком эмне кылат тооба,Аида келечегин ойлогон эмес эми эме болот ии качан эми 1 жума отот.
0
Arstan
2012-02-13 14:02:36
Мына саггааа кызыыык....

Азиреттин артынан атасы же апасы келип куткарып калат .
0
firuza.bayzakova
2012-02-13 14:14:41
Ой дагы кутуш керек э
0
KAREGLAZAYA_VOLCHICA
2012-02-13 14:48:05
мына дагы бир жума кутуш керек.
0
kgz.girl_kgz
2012-02-13 17:28:24
Vai,kantip ele?kantip adam itten aiyrmasy jok bolsun?Aidanyn kylygy ittikinen da
*huje* da.ozunun aiybyn jabam dep nechen adamdyn kozunun jashynyn koldottu?Degi koichu,bu Aida jaman ayal!!!!
0
kgz.girl_kgz
2012-02-13 17:29:45
Kiyinki jumada dagy ne degen okuyalardy okuibuz ee?dagy kandai kylyktaryn achat boldu eken Aziret?
0
851750
2012-02-13 18:53:59
Жашоодо адамкерчилик деген нерсени тушуно албагандар коп кездешет. Аида ошолордун бири тура.
0
saulem
2012-02-13 20:03:51
коп-коп жазгылачы сураныч
а то жарылам!!!
0
Bayas_Tural
2012-02-14 12:26:02
azırettı bırdeme kılbasa eken
0
jonne
2012-02-14 12:48:51
ииииии Айида байкушка кыйын болгон экенда!
0
nurlan007
2012-02-14 15:26:06
ээми эмне кылабыз азиретке жардам корсотуш керек.
0
emira
2012-02-17 14:05:22
адам аласы ичинде деп бекеринен айтылган эмес.
0
akusya
2012-02-18 09:32:43
огоооооооооооо
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан