АКТАН АРЫМ КУБАТТЫН жубайы Айчүрөк Келдикулова: “МЕН ДЕЛЕ АКТАНДЫ ДАГАРАГА САЛЫП КИРИНТЧҮМҮН“

Өзгөчө фильмдери менен таанылган, өзү да эч кимге окшошпогон режиссёр Актан Арым Кубаттын жубайы Айчүрөк эже мени жөнөкөйлүгү, ачыктыгы менен таң калтырды. Маектешим аркылуу Актан агайдын чыныгы жашоосун билгенге аракет кылдым. Маегибиз «атактуунун аялы болуу ырахатпы же азаппы?» деген суроонун тегерегинде жүрдү.

– Эже, Актан агайдын элге билинбеген сырларынан баштабайлыбы? Үйдө кандай күйөө, кандай ата?
– Актандын каткан сыры деле жок болуш керек. Ал турган турушу менен Актан. Үйдө деле, сыртта деле ушундай бир мүнөз. Мен билгенден, ал тыным билбей эле иштеп келе жатат. Чыгармачылык жактан болобу, үйдө болобу, бир тыным албайт. Өтө чарбачыл адам.

– Жолдор кантип бирикти, колдор кантип кармашты дегендей?..
– Биз баш кошкондо мен 20 жашта, ал 22де эле. Мен медучилищеде окучумун. Жатаканада жашаган кыздар “Искусство институтунда окуган балдар келишиптир, конокко барып келели” деп калышты. Бардык. Алыстан эле мага “тетиги сокулуктук жигит, сен жактан. Сен андан башкага жакындаба” деп коюшту. “Макул” дедим. Таанышкан 5 жигиттин арасында сулуусу да, арыгы да, толугу да бар эле. Актан тоголок келген, бою кичирээк жигит экен. Чачы узун, укмуш клёш шым кийген, ошол замандын “стилягасы” болчу да. Тааныштык, жылдызыбыз келишип, бир жылдай сүйлөшүп жүрүп баш кошуп алдык. 3 балабыз бар. Кыздарыбыз Миргүл, Нурзат турмушта, уулубуз Мирлан ата жолу менен кетти.

– Ошол учурда “стиляганын” келечеги ушундай кең болорун билгенсизби?
– Кайдан, биз андан кийин деле көп жылдар карапайым жашоодо, айылда, бирде жеткен, бирде жетпеген турмушта жашадык. Кайната-кайненин колуна бардым. Өзүм 20 жылдай мээрман айым болуп иштедим. Актан сүрөтчү эле, ал кезде режиссёр болот деген деле ой болбоптур. Бирок ал өз келечегин туйса керек. Аялдык кылып “мен деле укмуш көйнөк кийгим келет, качан биз жетишип жашайбыз?” деп ыйлактачумун. Ал “менин сага эл көрбөгөн жерлерди көргөзүп, элден артык кылган күн да келет. Болгону, мага ишен” деп койчу. Ошол убадасын ашыгы менен аткарды. Айтпадымбы, жалпы элдин жону жукарып турган 90-жылдар болчу. Акчадан кыйналып, үйдөгү бөтөлкөлөрдү өткөрүп, ага семичке алып үйгө келип кууруп сатып акча тапкан күндөрүм болду. Экөөбүз турмуш менен бирдей эле күрөшүп, акыры жеңдик го дейм.

– Адатта, режиссёрлор күнү-түнү съёмкада, сулуу актрисаларды жаңдап жүрүшөт эмеспи. Кызгануу болгонбу?
– Билбейм, силерге Актан кандай көрүнөт, бирок мага “красавчик” эле да. Андыктан кызгануулар болгон. Кино тартам деп 2-3 айга жоголуп кетет, анан 2 күнгө келип, кайра монтажга кетет. Кызганбай коёсуңбу анан?.. Бирок жүрөгүмдүн түпкүрүндө дайыма ишеним бар эле. Актан “ишенимсиз жашоо кыйын, мага ишенип жаша, өзүңө жеңил болот” дечү. Кээде тартып жаткан жерге өзүм барып, анын кара терге түшүп иштеп жатканын көргөндө “ий, койчу, мунуку деле оор” деп кетчүмүн.

– Кызганыч демекчи, “Свет акеде” Актан агайды дагарага салып жуунтуп жаткан жери бар эмеспи. Ошону көргөндө сизде кандай реакция болду?
– Фильм Сербияда монтаждалды. Актан мени өзү менен чогуу алып алган эле. Негедир мага көрсөтпөйт. Акыры айттым, “киноң деги качан бүтөт? Мага көргөзбөйсүңбү?” деп. Мени ээрчитип алып барып, алдыга отургузуп койду. Артымда монтаж жасаган серб улутундагы жигит, анан өзү. Баягы эпизодду көргөндөн кийин ак да, көк да дебей турдум да, басып кеттим. Аркамдан Актан келип, “40 күн эмгек кылган серб жигитке ыңгайсыз болду. Мага жинденсең жинден, ал байкушта эмне күнөө?” дейт. “Ушундай кантип болсун?” деп баштадым эле, акырын чыгып кетти.
Кийин Актандын турмушту дал өзүндөй карапайым, жөнөкөй бергиси келгенин түшүндүм. Чындыгында, айылда жашаганыбызда бизде деле азыркыдай ыңгай шарттар жок эле. Сарайга барып чакадагы суудан үстүнө куюп, аркасын жышып, Актанды дагарага салып киринтип койгон учурларым болгон.

– Ушул эпизодго карата катуу сындар айтылып, дүңгүрөп эле жатып калбадыбы. Күйөөңүзгө айтылган сындарга кандай карайсыз?
– Түз эле карайм. Жакканга жагат, жакпагандар сын айтат дегендей. Баары эле “ой, укмуш, Актандын фильми мыкты” деп айтып калышы мүмкүн эмес да. Ал өзү деле “сын менен курчуйсуң” деп калат. Бирок реалдуу сындаш керек деп ойлойм.

– Сиз менен сүйлөшүп жатып Актан агай менен сүйлөшүп жаткандай эле сезим болду. Сиздерде окшоштуктар көппү?
– Ошондой сезилдиби, ээ (күлүп)? Ооба, окшош болсок керек. Чындыгында, мүнөзүбүз эки бөлөк. Мен эмоционалдуумун, чарт-чурт деп эле жамгыр жаап, күн күркүрөп кетет. А Актан, тескерисинче, оор басырыктуу, көп нерселерге чарпыла бербейт. Аз сүйлөп, көп иш жасаганды жакшы көрөт.

– Эркектик кылып жаза-буза чапкан учурлары болгонбу?
– Жок, көп серпилбейт да ал. Эсимде, бир жолу кыйналып кино тартып келсе, мен адатымча наалып баштадым. Сүт тартып жатам, тилим болсо быды-быды... Ал бир топко угуп турду да, акыры чыдабай кеттиби, алып туруп сепараторду көңтөрүп таштады. Сүтүм төгүлүп, мен алайып отуруп калыпмын. Эмоциясын ушинтип эле чыгарып алат.

– Сизди өтө таң калтырган жоругу...
– Мен аны режиссёр катары гана баалачу элем да. Анын актёрлугу мени абдан таң калтырды. Ушунча жыл мыкты актёр менен жашап жүргөнүмдү билбегениме таң калдым.

– Үй-бүлөңүздөрдү сактап калууда сүйүү көбүрөөк жардам бердиби же түшүнүшүүбү?
– Актан тууралуу көп нерсе билбешим мүмкүн. Ал чындыгында эле таң каларлык адам. Бирок бир нерсени так билем. Үй-бүлөдө Актандын мага болгон сүйүүсү күчтүүлүк кылды. Мен деле жакшы көрдүм дечи. Анткени кирпигимдин былк эткенин байкап, карегим менен айланып турган адамды сүйбөй коюу мүмкүн эмес да.

– Сизге Актан агайдын кайсы тасмасы жакын?
– Бардыгы эле жакшы фильмдер, бирок “Бешкемпир” мага жакын. Жарык тасма, балалыктын, тазалыктын бир белгиси бар. Негизи, анын кинолорун биринчи көргөндө жакшы түшүнбөйм, кайталап көрүп, анан анын тереңин, маанисин түшүнөм.

– Эми айтсаңыз, атактуунун аялы болуу бакытпы же азаппы?
– Мен үчүн кадимкидей эле. Биз азыр деле жөнөкөй жашоодо, өз принциптерибиз менен жашайбыз. Актан менен бир жолдо кол кармашып баратканым үчүн бактылуумун.













Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
Asus84
2012-02-13 10:09:36
бактылуу болунуз эже! уй булоо деген мээрман эне экенсиз мага абдан жагып калдыныз, агайга ийгилик дагы коп коп кино жаратаарына ишенем
0
kake75
2012-02-13 15:10:04
Светчи акени коро элекмин. Калган кинолорун коргом уяттуу жерлери коп уй-булоо менен чогуу коргонго болбойт.Бирок турмуштан алынган.Ийгилик!
0
mela
2012-02-13 16:04:28
апам кошуна эже кыздары болуп чогуу бешкемпир кинсуна барганбыз илгери.ай ий уялганымды айтпагыла.
0
mela
2012-02-13 16:07:49
Кыйын аял экен !!!!!!!Актан акебиз бактылуу экен!!!мен да баардык кыйынчылык кундордо жолдошумдун жанында болсом экен деп тилейм.
0
Joke82
2012-02-13 16:15:06
Жакшы маек болуптур. Агайдын жашоосун аз эле соз менен жеткиликтуу жазыпсыздар. Рахмат сиздерге.
0
Gold_kg
2012-02-14 00:11:21
Актан агайдын талантына таазим,ошол оор жукту тен которушуп келе жаткан Айчурок эжеге рахмат бар болунуздар!!!
0
Elit
2012-02-14 18:51:13
Актан Агай, Айчурок эже менен кошуна турам, чындыгында жонокой адамдар. Ийгилик сизге!
0
monchok
2012-02-14 19:58:42
Кинолору мага жакпайт.
0
bopos
2012-02-19 18:39:18
monchok, кечирип койунуз бирок сизге эмне жагат?ар дайым эле ушдай терс жактарды коп жазасынар.баары укмуш болбосо да сонун эле го.аялы чын эле жакшы экен,бактылуу болунуздар!
0
arzumat
2012-02-14 20:33:08
baaktiluu karilika jetinizder.
0
jusupova
2012-02-15 14:38:20
Айчурок эже, Актан байке сиздерге бакыт-таалай! Балпайган байбиче, ак-сакал болуп уй-булонордун торундо сый-урматта жургуло!
0
tahmina91
2012-02-16 22:43:17
Uy-buloonu karmap kaluu ayal zatının kolunda demekchi..Uwu darajaga jetkirgen Aychurok ejege taazim..Bar bolunuzdar!!!
0
adelima
2012-02-19 16:37:18
дагы кандай кинолору бар?
0
azi.klgd
2012-03-16 10:38:21
бардык киносу соонун. жоп жонокой, чыныгы турмушту чагылдырган ото таасирлуу фильмдер. а уятту жери коп дейсинер,Ю чыгыштын кинолорун уялбай эле коросунор го, эмне чыгышта балдар башкача торолобу?..
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан