«УУЛУМДУ МАШИНА МЕНЕН ТЕПСЕП КЕТКЕМ»

Эгер убакытты артка кайрууга болсо, ошол каргашалуу күндү башкача кылып өзгөртөр элем. Бирок аттиң, убакытты артка кайрууга болбойт, жүрөктөгү арманды да өчүрүүгө болбойт. Өз күнөөңдү да жууп кетиргенге мүмкүн эмес...

– Андан бери эки жыл өттү. Ошол каргашалуу күндөн бери уулум түшүмдөн кетпейт. Жакшы көргөн оюнчугу менен жадырап-жайнап ойноп жатса, бир куюн келип көтөрүп учуп жөнөйт. Мен колумду созо чуркап, аны алып калайын дейм. Куюн улам бийикке көтөрүлүп барып көздөн кайым болот. Мен шолоктоп ыйлаган бойдон ойгоном. Анан уулумдун оюнчуктары турган текчени карап, кийимдерин жыттап, ыйлап алмай...
Ошол каргашалуу күнү эртең менен баарыбыз бапыр-тапыр жүрдүк. Күйөөм кызыбызды мектебине таштап, андан ары жумушуна бармакчы болуп, кызматтык машинасы менен жөнөп кетти. Үйдө 4 жаштагы уулум менен мен калдым. Мен да жумуштан кечикпейин деп шашкалактап жүрөм. Түндө күйөөм экөөбүз уулубузду бала бакчага эмес, бизге жакын жашаган сиңдимдикине алпарып таштоону сүйлөшкөн элек. Сиңдимдин балдары менен кенен ойноп, жыргап алсын деген үмүт болчу.
Ошентип, уулумду артка отургузуп, анан машинаны от алдырсам жүрбөй койбоспу. Мындай кылсам да жүрбөйт, тигиндей кылсам да жүрбөйт. Себебин таппай кыйпычыктайм. Ал арада уулум машинадан түшүп, мени айланчыктап жүрүп калды. Бир маалда машина от алып барып кайра өчтү. Эми жүргүзсөм от алып кетер деген үмүт менен уулумду кайра машинага отургузуп, машинаны жүргүзө баштадым. Канча убараландым билбейм, айтор, бир кезде машина от алды. Жинденген жаным ошол ачуум менен машинаны катуу артка айдап, анан алдыга жылайын десем эле уулумдун чаңырыгы чыкты. Жүрөгүм түшө арткы орундукту карасам, уулум жок. Көрсө, күйпөлөктөп жатып уулумдун качан түшүп кеткенин билбей калыпмын.
Жүрөгүм оозума кептеле машинадан учуп чыгып арт жакты карасам, уулум кызыл жаян болуп дөңгөлөк алдында жатат. Ошол каргашаны көрбөй көзүм кашайып калсачы же жер жарылып мени соруп кетсечи! Эмнеге ажалды уулума эмес, мага жибербеди экен Кудай?! Уулумдун башын кучактап, чаңырып элди жардамга чакырып жатканымды бир билем...
Бир кезде бирөө бетиме суу чачып жибергендей болду. Карасам, коңшу эже экен. Башка коңшулар да топурап чогулуп калыптыр. Эже бир нерсе дегендей болду эле, мени бирөөлөр ары сүйрөп кетип, уулума коё бербей кармап калышты. Эркектер машинаны ары айдап, баламды алдынан чыгаргандай болушту. Ким чакырганын билбейм, аңгыча «Тез жардам» келди да, бизди ооруканага алып кетти. Уулумду реанимацияга алып киришти. Ошону менен Алмазымды тирүү көрбөй калдым...
Бул каргашадан улам үйдө ызы-чуу көбөйдү. Акыры кетип калдым. Күйөөм эки айга жетпей артымдан келип, суранып жатып алып кетти. Бирок өзүм эл ичине батпай калдым. Аргасыз Бишкекке көчүп келдик.
Ошентип, жашоо уланууда. Бирок күйөөм экөөбүз эки жээкте калгандайбыз. Эртең менен элге сыр бербей бир үйдөн чыгып жумушка кетебиз да, кечкисин өз бөлмөлөрүбүзгө кирип кетебиз. Күйөөмдү да түшүнөм, ал мени таштабаганы менен, жек көрүп калды. «Мени менен ажырашып кетчи, каалагандай жашачы» деп ага көп ирет айттым, унчукпайт. Жолдошумдун алдында күнөөлүү болуп жашоо мага азап. Андан көрө башка жакка кетип бири-бирибизди көрбөй жашасак, экөөбүзгө тең жеңилирээк болот беле дейм.
Ойлоп көрүп, баары менин байлыкка манчыркап көөп кеткенимден болдубу дейм. Башкаларды теңиме албай, өзүмдү бийик сезип манчыркап калгам. Сөзүм да орой чыгып. Сыягы, ошол кезде бирөөлөргө катуу айтып, жардам сураса кол созбой каргышына калган окшойм. Бир туруп бизге көз тийдиби деп да ойлоп кетем.
Жашоону эмне кылып өзгөртөм, эмне кылганда уулумдун алдындагы күнөөмдөн арылам?
Элнура, 37 жашта, Бишкек шаары.

– Адамдын канча жашаары белгисиз. Балким, балаңыздын маңдайына тагдыры кыска жазылгандыр. Ушул жашоо мыйзамын түшүнгөн күйөөңүз эстүү экен. Балаңыз жок болсо, кызыңыз бар. Кызыңызга көңүл буруу менен өзүңүздү жашоого кайтарып келиңиз. Эрмек болсун, мурункулар унутулсун десеңиз, төрөп алсаңыз жакшы болот. Бала сиздерди кайра бириктирип, мамыр-жумур кылат.
«Адамдын өзү өлгөнү менен, жаны өлбөйт» деген кеп бар. Сиз канчалык кыйналып, ыйлап, өзүңүздү күнөөлүү сезсеңиз, балаңыздын жаны да жай ала албайт. Андыктан сиз аны коё беришиңиз керек.
«Балам, сени чындап жакшы көргөм. Каргашаны да каалаган эмесмин. Мени кечир, эми өз дүйнөңдө тынч жаша» деп айтууңуз керек. Ошондо балаңыздын да, сиздин да жаныңыздар тынч алат.


“ЭМНЕГЕ ИЧКЕН ЖИГИТТЕРГЕ ТАРТЫЛАМ?”

– Өзүм аракечтин кызымын. Арактын айынан үйдөгү ызы-чуудан көңүлүм калып, апамдын көк ала болуп жүргөнүн көрүп ыйлап, аракечтик дегенден абдан көңүлүм калган. Бирок жигиттер менен сүйлөшө келгенде эле негедир ичкен жигиттерге туш келем. Ошондойлорго эле жолуга берем. Аракечке тийбейм деп өзүмө сөз бергем. Эмнеге мындай?
Айжан, 24 жашта, Ош шаары.

– Биринчиден, мүмкүн, сиз «аракечтин кызымын, мени эл теңине албайт» деп өзүңүздү башкалардан кем сезесиз. Ошондуктан башка чөйрөгө аралаша албай, кайра эле ичкендердин чөйрөсүнө тартыласыз.
Экинчиден, сиз туура тилек кылууну билбейсиз. Коркуу менен айтылган «менин күйөөм аракеч болбойт» деген сөздөр тескерисинче аткарылып калышы мүмкүн. Андыктан ой-тилекти ааламга жөнөтүүдө тилектерди ишенимдүү жөнөтүү керек. Мисалы, «менин күйөөм сымбаттуу, эстүү болот» дегендей. Эгер жан дүйнөңүздө жакшы тилектин ишке ашышына күмөн санасаңыз, тилектериңиз аткарылбайт.
Негизи, балдар ата-энесин сынабай, кандай болсо ошондой кабыл алуусу керек. Канчалык сынасаңыз, ошондой тагдыр өзүңүзгө келиши мүмкүн. Балдар кандай үй-бүлөдө төрөлөрүн өзү тандай албайт. Бирок жашоосун өзү оңдоп кетүүгө кудурети жетет.

Жашоодо ар кандай учурлар болот. Кимдир бирөө сүйгөнүнөн айрылып жанын кыйгысы келсе, айрымдар «кимди тандоо керек?», «эмне кылам?» деген дилеммага такалат. Мына ошондой түйүндүү суроолордун жообун тапкыңыз келсе, биздин гезитке кайрылыңыз. «Психологдун кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы.
Суроолорду (0312) 32- 33-28 номери аркылуу берсеңиз болот.

Суроолорго «Триумф-Инфо»
психологиялык окуу борборунун психологу
Нурзада Маямерова жооп берди.


Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (9)
Aksandyk
2012-02-14 21:17:01
Эженин баласын угуп алып ыйлап алдым,эже сабыр кылыныз ,кызыныздын омурун тилен
+2
Lyuza
2012-02-15 20:03:17
Эмнеге ажалды уулума эмес, мага жибербеди экен Кудай?! -ушул жерин окуп алып тушунбой калдым же катачылыкпы??
0
Chipolina
2012-02-15 20:25:01
Lyuza, emnege Kudai ajaldy maga emes ,uuluma jiberdi degen soz
0
shamke
2012-02-16 16:54:56
ejenyn kaigysy oor eken syz atilap kylgan joksuzgo sabyrduu boluunnuz kerek.ajaldy Alla kaalagandai beretta.
0
tairbek
2012-02-17 14:39:23
Баары Аллах Таала буйургандай болот, Биздин колубуздан эчтеке келбейт.
+1
Riss
2012-02-17 15:26:53
Урматтуу Элнура эже! оооба, мен сизди тушунуп турам,айла канча бул дуйнодо сиз эле эмес баардык адамдар озуно эн жакын,эчкимге
алмаштырылгыз адамдарды жоготот... Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш женет деген ушу.Аллах тааламдын сизге берген сыноосу бул,андан коро жогоруда айтылгандай баланызды жаннатына кой берип, озунуз намаз окушунуз керек деп ойлойм, мен эч бир ойлонбой туруп кудайга ишенем,жана сизди даагы кудай жолуна тушушунузду каалайм жана суранат элем.Намаз окусаныз баары оз жолу
0
Mikella
2012-02-18 08:27:34
Bul jawoodo baaru biz oilogondoi bolo berbeit, kudaidu buirugu menen kyn otkoryp kelebiz da, bu da Alla Taalamdun buirugu, ozynyzdy karmap, sabur kulunuz demekchimin....
0
kg_777
2012-02-20 13:33:16
Элнура эже. сабыр кылыныз...кызынызга жана куйнорго конул болуп аяр мамиле кылганыныз туура болот окшойт.
0
ZarinaSM
2012-03-31 23:00:28
Нурзада эжеге кошулам!
0
№ 484, 10-февраль - 16-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан