4-февраль күнү актриса Асема кыз төрөп, азыр “бешик бооң бек болсун!” деген куттуктоолорго марып турган чагы. “Көптөн бери тандап жүрүп Айлин аттуу ысымды ыйгардык. Бул ат ирландиялыктардын тилинен алынган. Бизче “айдан түшкөн нур” деген маанини билдирет”,- дейт жолдошу Акжол. Айта кетсек, тун уулу Адахан 2 жаш 8 айга толуп калган кези.