КЕЛГИЛЕ, МОНЧО КУРАБЫЗ!

Мончонун өз үйүңдө болгону кандай жакшы! Каалаган убакта жуунуп, каалаган убакта кир чайкап дегендей. Эгер мончо курууну ниет кылып, ага эмнелер керек жана жалпы чыгымына канча кетет болду экен деп толгонуп жүрсөңүз, анда сизге табылгыс кеңеш. Мончонун чоңун да, кичинесин да эмес, орточо чоңдуктагы, башкача айтканда, 3 кишиге ылайыкталганын бердик.

МОНЧОНУН ДОЛБООРУ
Узун-туурасы. Жалпысынан 3 бөлмө керек: чечинип-кийинүүчү бөлмө, жуунуучу бөлмө жана бууга кактануучу бөлмө.
Мончонун узундугу – 6 метр, туурасы – 2,5 метр. Узундугу 2 метрден келген бөлмө аралык дубалдардын саны – 2.













ПАЙДУБАЛЫ
Жалпы узундугу – 20 метр, туурасы – 0,3 метр, бийиктиги –0,5 метр
(үстүндөгү бөлүгү – 0,3 метр, жер астындагы бөлүгү – 0,2 метр).
Пайдубалдын жалпы көлөмү – 3 м3
Керектелүүчү каражаттар:
Шагыл – 3,2 тонна=1600 сом (тоннасы орто эсеп менен 500 сом)
Кум – 1,8 тонна (40 мүшөк)=1200 сом
(45-50 килограммдык мүшөгү орто эсеп менен 30 сом)
Цемент – 750 килограмм=4050 сом (орто эсеп менен 1 килограммы 5 сом 40 тыйын)
Суу – 600 литр


ДУБАЛ

Дубалдын жалпы көлөмү – 5,14 м3
КЫШ
Бышкан кыш – 1542 даана=10 023 сом
(1 даанасы орто эсеп менен 6 сом 50 тыйын)
Кыш койгонго керектелүүчү аралашма (раствор) – 1,23 м3
Керектелүүчү каражаттар:
Цемент – 300 кг=1620 сом
Кум – 1200 кг=720 сом
ШЫБАК
Шыбала турган ички дубалдын жалпы аянты – 23,94 м2
Цемент – 71,82 кг=387 сом
Кум – 287 кг=191 сом
КАФЕЛЬ
Кафель чаптала турган дубалдын жалпы аянты – 16 м2
Кафель – 16 м2=4000 сом
(1 м2 кафель орто эсеп менен 250 сом)
Кафель чаптоо үчүн колдонулуучу клей –
1 мүшөк=250 сом

ШЫП
Мончо шыбынын жалпы узундугу – 6 метр, туурасы – 2,5 метр жана калыңдыгы – 10 см. Жалпы көлөмү – 1,5 м3
Керектелүүчү каражаттын көлөмү:
Шагыл – 2,8 тонна=1400 сом
Кум – 1710 кг=1026 сом
Цемент – 375 кг=2025 сом
Суу – 258 литр
Арматура – 180 метр=6300 сом
(1 метри 35 сомдон Кытайдын арматурасы)

КАНАЛИЗАЦИЯ
Мончодон чыккан кир суу үчүн борбордоштурулган канализация системи жок болсо, анда короого же короонун сыртына чуңкур (септик) казууга туура келет. Бул мончодон 5 метр алыс аралыкта жайгашты деп эсептейли.
Чуңкурдун узуну – 1,5 метр, туурасы – 1 метр, тереңдиги – 3 метр=15 м2
Төрт тарабын бетондоо
Узуну – 1,5 метр, туурасы – 1 метр, тереңдиги –
3 метр, калыңдыгы – 10 см
Керектелүүчү каражаттын көлөмү:
Цемент – 250 кг=1350 сом
Шагыл – 1 тонна=500 сом
Кум – 750 кг=450 сом
Канализация түтүгү
Диаметри 50 миллиметрлик түтүк – 7 метр х 80 сом=560 сом
Мончонун ичинен орун алган чыпкалуу түтүк
1 даана=250 сом

ЧАТЫР
Айырмач (стропило) – 42 метр=4130 сом (орточо баасы 1 м3 13 миң сом)
Рейка – 30 метр=960 сом (1 метринин орточо баасы 32 сомдон)
Шифер – 13 даана=2990 сом (1 даанасынын орточо баасы 230 сом)

ПОЛ
Цементтеле турган полдун жалпы аянты –
10,5 м2, калыңдыгы – 5 см
Керектелүүчү каражаттын көлөмү:
Цемент – 265 кг=1431 сом
Кум – 790 кг=526 сом

КАФЕЛЬ Кафель чаптала турган полдун жалпы аянты – 10,5 м2
Кафель – 10,5 м2=3150 сом
Кафель чаптоо үчүн колдонулуучу клей –
1 мүшөк=250 сом

ЭШИК, ТЕРЕЗЕ ЖАНА МЕШ
Эшик – 3 даана х 1500 сом=4500 сом
Терезе – 3 даана (0,3 х 0,4 өлчөмүндө)=850 сом
Суу кайнатуучу меш
Суу кайнатуучу меш (130 литрлик)=12 миң сом
Суу чабыштыргыч – 1 даана=900 сом
Муздак сууга туташтыруучу түтүк – 10 метр=300 сом (1 метринин орточо баасы 30 сомдон)

БУУГА КАКТАНУУЧУ БӨЛМӨ
Бууга кактануучу бөлмөнүн дубалынын аянты – 15,13 м2, шыбынын аянты – 3,5 м2
Керектелүүчү жыгачтын жалпы көлөмү –
18,63 м2 – 11 178 сом
(1 м2 орточо баасы 600 сом)
Ден соолукка пайдалуу болгондугу үчүн бул бөлмөнүн жыгачтары кызыл карагайдан даярдалат.
Отургуч
Бууга кактануучу бөлмөдө, негизинен, тепкич сымал эки катардан турган отургуч орнотулат. Анын биринчи катардагысынын узундугу – 2 метр, туурасы – 40 см, бийиктиги – 45 см. Ал эми экинчи катарынын узундугу – 2 метр, туурасы – 40 см, бийиктиги – 90 см.
Отургучка керектелүүчү жыгачтын жалпы көлөмү – 39,6 метр рейка тактай=1267 сом (орточо баасы 32 сомдон)

3 кишиге ылайыкталган мончону курууга жалпысынан 82 334 сом же 1755 АКШ доллары сарпталат.

ЭСКЕРТҮҮ: Жогоруда базардагы орточо баалар алынды жана жумушчу күчүнүн эмгек акысы кошулган жок.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg

 Кыстарылган видео 
Жеңил парыңыз менен!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (4)
kuba8787
2012-02-24 05:37:23
эй ким ойлогон праект болсода башы жок экен
0
тилек
2012-02-24 07:39:56
Жакшы экен.
бирок мончобуздун ичи карангы болуп калган жокпу, менин айтайын дегеним освещенияга керектелуучу материалдар жок болуп калдыго (светильник,кабель,(кабель канал,гофра или металлорукав мончонун ичи болгондуктан), щиток, автомат.
0
zzz---zzz
2012-02-25 03:56:07
рахмат ушинтип канча каражат кетерин толук чыгарып койгонунар учун
0
mbk
2012-02-25 14:50:35
Даяр ишти сындаш оной
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан