Түркмөнстан
ЭСКИ АЖО ОРДУНДА КАЛДЫ
Түркмөн эли өздөрүнүн кезектеги президентин шайлап алышты. Эл башкарам деп жарышка чыккан 8 талапкердин ичинен учурдагы президент Гурбангулы Бердымухамедов шайлоочулардын добушунун 67 пайызын алып жеңишке жетти жана ордун сактап калды.
Орусия парламентинен байкоочу катары келген депутат Владимир Поздняков шайлоонун жүрүшүндө эч кандай мыйзам бузуулар болбогонун айтат. Бердымухамедов добуш берүү участогуна өзүнүн атасы, уулу жана небереси менен чогуу келди. Эске салсак, Түркмөнстанда мурунку шайлоо 2007-жылы өтүп, анда Бердымухамедов шайлоочулардын 90 пайыз добушуна ээ болуп, президенттик тактыга отурган болчу. Анын 5 жылдык эмгегин мекендештери баалап, минтип дагы 5 жылга ажо кылып тандап алышты.
Украина
ПРЕЗИДЕНТ ЯНУКОВИЧ АЛТЫНДАН ЖАСАЛГАН УЧАК "МИНДИ" Украинанын жергиликтүү ММКлары президент Виктор Янукович жаңы учактуу болгондугун жарыялады. Airbus А-319 үлгүсүндөгү учак атайын Виктор мырзанын буюртмасы менен жасалган. Ал эми аны башкаруучу учкучтар атайын Франциядан окуп, билим алып келишкендиги айтылууда.
“Салондо баары жогорку сапатта жасалган жана бир караганда эле президент үчүн даярдалганы көрүнөт. Бортто иш бөлмө, жыйын өткөрүүчү зал, ашкана, коштоп жүрүүчүлөргө атайын жай, эс алуучу жай бар” деп жазат жергиликтүү басылмалардын бири. Учактын панели, тумба, стол сыяктуу буюмдар түстүү дарак жыгачынан жасалса, уктоочу бөлмө, ванна жайгашкан бөлмөдөгү эмеректерге алтын жалатылып кооздолгон. Президентти расмий жолугушууларга шамалдай жеткирчү бул аба кемесинин баасы 86 миллион АКШ долларын түзөт.
Индия
ИЗРАИЛЬ ЭЛЧИЛИГИНИН УНААСЫ КҮЙҮП КЕТТИ
13-февраль күнү Израилдин Индиядагы элчилигине караштуу унаага кол салуу болуп, машина толугу менен күйүп кеткен. Израиль аскер кызматкеринин аялы элчиликтин имаратынан чыгып, мектептен балдарын алуу үчүн жөнөп, жол чыракка келип токтогон. Ошол учурда белгисиз мотоциклчен адам жогорку ылдамдыкта келип, унааны көздөй граната ыргытып кеткен. Тергөө иштеринин алгачкы жыйынтыктары боюнча, Индиянын ички иштер министри Паланьаппан Чидамбарам бул окуя тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, террорчу профессионал. Азыркыга чейин полиция тарабынан анын кандайдыр бир белгилери же мотоциклинин номери табыла элек. Врачтардын айтымында, жабырлануучунун абалы жакшы жана өмүрүнө эч кандай коркунуч жок.
Улуу Британия
БЕН ЛАДЕНДИН “ОҢ КОЛУ” ТҮРМӨДӨН ЧЫКТЫ
Улуу Британияда абакта отурган Абу Катада үй камагына чыгарылды. Абу Катаданын чыныгы аты-жөнү – Омар Отман. Ал буга чейин “Аль Каида” террордук уюмунун лидери Усама бен Ладендин Европа аймагы боюнча “оң колу” деп эсептелчү. Катада бир канча чектөөлөр менен гана эркиндикке чыкты. Мисалы, уюлдук телефон же интернет колдоно албайт. Көпчүлүк менен, анын ичинде “Аль Каиданын” азыркы лидери Айман аз-Завахири менен байланыш түзүүгө жол берилбейт. Ошондой эле Катадага лекция окуганга, макала жарыялоого, өз үйүндө аялы жана балдарынан башка кимдир бирөөлөргө диний темада кеңеш берүүгө тыюу салынды.
Британ бийлиги аны Иордания өлкөсүнө депортация кылуу демилгесин көтөргөн. Бирок адам укуктары боюнча европалык сот депортациялоого тыюу салды. Катада Иорданияда аны өмүр бою эркинен ажыратуу же өлүм күтүп турганын билдирген. Себеби ал өлкөдө дагы террорчулукка байланыштуу Катадага кылмыш иши козголгон.
Автандил Добулбеков
koom@super.kg