Түрмөлөрдө болуп өткөн нааразычылык акцияларынын аягы басылбай жатканы баарыбызга эле маалым. Митинг, ачкачылык деген түшүнүк абакты да каптап, айрымдар ооздорун тиккенге чейин барып бир топ үрөйдү учурушту.
ООЗУН ТИГҮҮ “ЭПИДЕМИЯСЫ” ЭМНЕДЕ ЭЛЕ?
Январь айынан баштап абактарда ачкачылык акциясы башталган. Митингчилердин саны 6 миңден ашып, 1 миңге жакыны оозун тигип алышкан. Ооз тигүү менен коркутуу “эпидемиясы” калаабыздын түрмөлөрүнүн көбүн каптады. Айрымдары оозун тигип, дагы бирлери колдорун кескилеген учурлар да болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бул иштерге кримчөйрө менен мамлекеттин күрөшү катары баа берген.
Февралдын башында митингдер токтогондугу тууралуу маалымат тарады. Акыркы кездеги ар кандай тополоңдон соң темир тор ичиндеги тартипти бекемдөө максатында 10-февраль күнү Москва районунун Петровка айылында жайгашкан №8-абакта атайы штабдык окутуу болуп өттү. Бул окутуу абактагы көтөрүлүшчүлөргө сес көрсөтүү үчүн атайы уюшулуп жатканын Жаза аткаруу кызматынын башчысы Шейшенбек Байзаков жашырган жок.
Биз барган соң кылмышкерлердин кийимин кийген кызматкерлер колдоруна кармаган бөтөлкө, ар кандай нерселерди кызматкерлерге ыргытып, ызы-чуу салып башташты. Экинчи топ ошол айгай салган митингчилерди кантип басышарын көрсөтүп беришти. Митингчилерди орой кысып келип, ортосун жарып экиге бөлүп кетип, жаңжалды басышты. Мындай иштерде иттер да чоң жардамга келет. Бул иш-чарага 395 адам катышып, ошондой эле 16 атайы даярдалган кызматтык издөө салуучу иттер жана эки БТР, эки өрт өчүрүүчү машина, үч “Тез жардам”, атайы даярдалган техника да ишке тартылды.
“МУРДА “ТҮРМӨДӨ ОТУРГАН” ДЕГЕН СӨЗДӨН УЯЛЫШСА, АЗЫР СЫЙМЫКТАНЫШАТ”
Түрмөнүн ичиндеги жашоо кандай? Чындыгында эле айласыз абалдабы? Биз бул тууралуу ЖАМКтын (Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы) Оперативдүү режимдик башкы башкармалыгынын жетекчиси Дөөлөт Султанкулов менен маектештик.
– Дөөлөт мырза, түрмөдөгү абал тууралуу айтып берсеңиз. Бир кылмышкер катуу ооруп калды дейли, аларга кандай жардам көрсөтүлөт?
– Ооруп калса, жалпы текшерүүдөн өтөт. Оорусу катуу кылмышкерлер 31-же 27-колонияга которулат. Аларга атайы камералар бар, ал жакта “врачи без границ” деп коёт, “Кызыл жарым ай” эл аралык коомунун доктурларынын карамагында болушат. Мисалы, кургак учук менен ооругандар түрмөдө көп. Алардын үч маал тамагына бир күнгө 137 сом бөлүнсө, жөнөкөй кылмышкерге бир күнгө 77 сом бөлүнгөн. Ушул жерден байкап көрсөңүз, карылар үйүндө жашаган бир адамга 1 суткага 40 сом бөлүнөт. Ал эми майып балдар үчүн суткасына 20 гана сом бөлүнөт. Эми кимдин тамагы кымбатыраак экенин өзүңүз байкаңыз. Ичкен тамагы белен, курсагы ток болгон үчүн кылмышкерлер бунт чыгарганга күчү болуп жатса керек деп ойлойм.
– “Абакка сойкулар кенен кирип-чыгышат” деген маалыматтарды угабыз. Муну ким көзөмөлдөшү керек?
– Туура, мындай фактылар катталган. Таң калычтуусу, бир эле сойку бир күндө ар башка колонияга барып “бизнес” жасаганы ачыкка чыккан. Бизде 61-беренеде “иные лица” деген пункт бар. Булар ошол беренеге таянып, “карындашымын, классташымын” деп кирип жүрүшкөн. Негизи, түрмөнүн ичине жетекчи жана анын орун басарынын макулдугу менен кириши керек. Ар бир кылмышкер 1 жылдын ичинде 8 жолу жолугушууга укугу бар. Жолугушуунун узактыгы 3 күн же 3 саат болушу мүмкүн (узак убакытка жана кыска убакытка). Бирок айрым кызматкерлер маянасы аз болгондуктан, кээде 100 сом үчүн деле киргизип жиберген учурлар болгон. Эми буга бөгөт коюлду. Мындан ары ар бир кылмышкердин анкетасына жакын туугандарынын же ата-энесинин аты-жөнү жазылат да, ошолор гана кирүүгө уруксат алышат.
– “Смотрящий” анан “положенец” дегендер абактагы коогалаңдын башында турушат” деген чынбы?– Кылмыш дүйнөсүндө “воровское понятие” деген нерсе бар. “Смотрящий” жана “положенец” дегендерди “мыйзамдагы ууру” тандайт. Алар абак ичиндеги абалга жооп берип жана ал жактагыларды көзөмөлдөйт. Булар эмне десе, калгандары ошого баш ийишет. Кээ бир учурда зордоо жолуна да түшүшөт, ал эми көпчүлүгү өз ыктыяры менен аларга баш ийүүдө. Түрмө ичиндеги ызы-чуулардын баарын ошолор уюштурушат десем да жаңылышпайм. Өткөндө көрдүңөр да, ооздорун тиккендерди, алардын көпчүлүгү зордоо жолу менен тигилгендер.
– “Чыныгы мыйзам тор артында” деген кеп да эл арасын аралап жүрөт, буга кандай дейсиз?
– Азыркы учурда түрмөдө кемсинтүү, шылдыңдоо жана акылга сыйбаган жоруктар толуп кетти. Абак ичинде кенен басканга көнүп, жадакалса жетекчилик жана кызматкерлердин кылган ишине кийлигишүүлөр да болду. Бул көрүнүш 1995-1997-жылдардын ортосунда абактарга эч кандай каражат бөлүнбөй, мындай айтканда, кароосуз, көзөмөлсүз калгандыктан улам чыккан.
– Ушул деңгээлге чейин жеткирбесе болот беле?
– Биз бул деңгээлге жеткизбейли деген аракетибиздин натыйжасы ушул болду. Катуу тартипке салсак, алар: "Камераларды ачкыла, каалаганыбызды кылабыз. Эркин жүрүшүбүз керек!"- деген талаптарын коюшту.
– "Акча жана баңгизаттын баары абак ичинде айланат" деген түшүнүккө кандай дейсиз?
– Буга биздин кээ бир кызматкерлердин да тиешеси бар, себеби алар өздөрү алып кирип берген учурлар кездешет. Буга, эң биринчиден, айлыгынын аздыгы себепкер. Алганы 8 миң сом болсо, барып келген жол киреси күнүнө 100 сомго чыгып кетет. Кээ бир кызматкерлерибиздин 3-4 баласы бар, аларды багыш керек. Биздин максат – түрмө ичиндеги жашоону жөнгө салып, катуу тартип орнотуу.
– Өмүр бою эркинен ажырагандардын саны канча, алар кандай шартта кармалат?
– Бүгүнкү күндө өмүр бою эркинен ажырагандардын саны 250 адамды түзөт. Алар №1, 4, 5-колонияларда камакта. Акыркы үч жылдан бери Жаңы-Жер айылында булар үчүн атайы абак салынып жаткан. Бирок каражаттын жетишпегендигинен улам иш аягына чыга элек. Буюрса, бул абактын курулуш иштери аягына чыкса, баары бир жерге чогулат. Башка мамлекеттерде мыйзам катуу, өмүр бою эркинен ажырагандар башкача тартипте кармалат.
Мурда "түрмөдө отурган" деген сөздөн уялышса, азыр сыймыктанышат. Бул жагымсыз нерсе өспүрүмдөргө терс таасирин тийгизүүдө.
Мальвина Уметбекова
kооm@super.kg