12-февралда Габон жана Экватордук Гвинеяда футбол боюнча Африка континентинин 56-чемпиондугу аяктады. 16 команданын катышуусундагы кара калчылдашта чемпиондук эч ким күтпөгөн жерден Замбияга буюрду. Катардагы команда катары бааланган Замбия финалга карай чейрек финалда Суданды (3:0 эсебинде), жарым финалда Гананы (1:0) ээрден оодарып, атүгүл финалда жылдыздар чогулган Кот`д Ивуарды алып түштү (оюн 0:0 эсебинде аяктап, оюндан кийинки пеналтилер сериясында 8:7 эсебинде утту). Ошентип, Замбия тарыхында биринчи жолу Африка чемпиону аталды. Эске салсак, 2 жылда бир өтүп келген мелдеш 2014-жылкы мундиалга карата өзгөрүүгө учурап, 2013-жылы өтмөй болду.