Бул жаатта соңку учурда көч башылык англиялык клубдарга таандык болгондугу адатка айланып калган. Дүйнөлүк кризиске карабастан, Тумандуу Альбиондун өкүлдөрү жаңы футболчулар үчүн 177 миллион евро сарпташты. 20га жакыны ижарага берилсе, 30дан ашууну командаларын алмаштырууга жетишишти.
Талашсыз түрдө башкы трансфердик окуя орусиялык Андрей Аршавиндин “Арсеналдын” курамына кошулгандыгы болду. Анын узакка созулган Лондонго көчүүсү өзүнчө эле тасмага тартчудай окуяларга бай болуп, албетте, бактылуу аяктады. Ошондой эле атактуу Дэвид Бекхэмдин “Миланга” ижарага берилгендиги маалым. Учурда ал мыкты оюн көрсөтүп жаткандыктан, италиялыктар аны биротоло сатып алуу тилегин билдиришип, америкалык “Лос-Анжелес Гэлакси” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Башкысы, Бекс өзү каалагандай Англиянын курама командасына чакыруу алды.
Ата мекендик футболубуздагы өзгөрүүлөргө да токтолуп кетпесек болбос. Алсак, «дордойчулар» Айбек
Бокоев (башкы сүрөттө) менен Роман Аблакимов канттыктардын катарын толукташты. Айта кетчү нерсе, чоң футболдо башкы атаандаш командалардын бири-бири менен оюнчуларды алмашуусу сейрек кездешет.
Кыштын негизги 7 трансфери |
Албетте, дээрлик баары Англия Премьер-лигасына таандык. |
|
Өтө эле эмоционалдуу оюнчу. 6 айдан кийин кайрадан минтип өз клубуна кайтты. Мындай чоң футболдо сейрек кездешет. |
Крэйгдин жаңы командасынын курамында биринчи эле оюнда жеңиш алып берген голду киргизиши анын чыныгы профессионал экендигинен кабар берет. |
Карьерасындагы мыкты оюндарын көрсөтүп жаткан дарбазачыга кызыккандар көп болсо да, ал эң көп акча сунуштаган команданы тандап алды. |
Англия чемпиондугунда чыккан беттештеринин саны 1000ден ашкан ардагер чабуулчу. Учурда чемпиондукта 3-орунга көтөрүлүп алган команда үчүн анын тажрыйбасы зарыл экендигинде талаш жок. |
№1 гламурдук футболчунун “Миланга” өтүшүнүн себеби миландыктардын аброюнун түшүп бараткандыгы болду десек болчудай. Учурда Дэвидге байланышкан жаңылыктар менен “Милан” клубу да интернет булактарынан түшпөй турган кези. |
№ |
ОЮНЧУ |
ӨЛКӨСҮ |
КАЙДАН? |
КАЙДА? |
1. |
Ивица Олич |
Хорватия |
“Гамбург” |
“Бавария” |
2. |
Зоран Тошич |
Сербия |
“Партизан” |
“МЮ” |
3. |
Адем Ляич |
Хорватия |
“Партизан” |
“МЮ” |
4. |
Девид Бекхэм |
Англия |
“Лос-Анжелес Гэлакси” |
«Милан» |
5. |
Роналдо |
Бразилия |
“Милан” |
“Коринтианс” |
6. |
Андрей Аршавин |
Орусия |
“Зенит” |
«Арсенал» |
7. |
Айбек Бокоев |
Кыргызстан |
“Дордой” |
“Абдыш-Ата” |
8. |
Роман Аблакимов |
Кыргызстан |
“Дордой” |
“Абдыш-Ата” |
9. |
Жо |
Бразилия |
“Манчестер Сити” |
“Эвертон” |
10. |
Жермейн Дефо |
Англия |
“Портсмут” |
“Тоттенхэм” |
11. |
Эмиль Хески |
Англия |
“Уиган” |
“Астон Вилла” |
12. |
Рикарду Куарежма |
Португалия |
“Интер” |
“Челси” |
13. |
Жульен Фобер |
Франция |
“Вест Хэм” |
“Реал” |
14. |
Шай Гивен |
Ирландия |
“Ньюкасл” |
“Манчестер Сити” |
17. |
Уилсон Паласиос |
Гондурас |
“Уиган” |
“Тоттенхэм” |
18. |
Карло Кудичини |
Италия |
“Челси” |
“Тоттенхэм” |
19. |
Паскаль Шимбонда |
Франция |
“Сандерлэнд” |
“Тоттенхэм” |
20. |
Найжел де Йонг |
Нидерланды |
“Гамбург” |
“Манчестер Сити” |
21. |
Уэйн Бридж |
Англия |
«Фулхэм» |
“Манчестер Сити” |
22. |
Крэйг Беллами |
Уэльс |
“Вест Хэм” |
“Манчестер Сити” |
23. |
Ангелос Басинас |
Греция |
АЕК |
“Портсмут” |
24. |
Ахмед Мидо |
Мисир |
“Миддлсбро” |
“Уиган” |
25. |
Эль-Хажи Диуф |
Сенегал |
“Сандерлэнд” |
“Блэкберн” |
26. |
Гаэль Живэ |
Франция |
“Марсель” |
“Блэкберн” |
27. |
Себастьян Пюйгренье |
Франция |
“Зенит” |
“Болтон” |
28. |
Радослав Ковач |
Чехия |
“Спартак” |
“Вест Хэм” |
29. |
Майкл Ойевсения |
Нигерия |
“Старлет” |
«Дордой» |
Базарбек Абдураимов
sport@super.kg