Быйыл кышта дүйнөдө сөз кыларлык трансфер болбогону менен, кыргыз футболунда маанилүү трансфер катталды. Кыргызстандык футболчу Эмил Кенжесариев 7 жылдан бери ойноп келген казакстандык “Ак-Төбөдөн” Өзбекстандын учурдагы чемпиону “Бунёдкорго” өттү. Анын орусиялык “Ростовго” өтөрү айтылып жаткан эле, ага жеткирбей өзбек клубу илип кетти. Кенжесариев буга чейин Казакстан курама командасында ойноого кызыкдар экенин айтып келген. Кубантканы, жаңы клуб менен болгон келишимде кыргызстандык деп жаздырып, баурдастардын сунуштаган казак паспортунан баш тартты. Бразилиялык Ривалдонун айлыгын төлөбөй коюп атагы чыккан “Бунёдкор” биздин футболчунун баркына жетсе экен.