«ДОРДОЙ» МЫКТЫЛАРЫН АНЫКТАДЫ

9-февралда “Дордой” футболдук клубу өткөн сезондун жыйынтыгын чыгарды. КРнын Футбол федерациясынын өкүлдөрү, футбол ардагерлери чакырылган кечени “Ала-Тоо” кинотеатрынын салтанат залы кабыл алып, шоу менен коштолду. "Дордой" – чемпион!" деген ураан менен коштолгон кечеде былтыр биринчи лиганы уткан “Дордой-2” жана чемпиондук такка кайткан “Дордойдун” футболчулары, машыктыруучулары грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Эсте калганы, белгилүү футболчу Руслан Сыдыковдун командага сиңирген эмгеги бааланып, Мерседес үлгүсүндөгү унаанын ачкычын алганы болду. Бул сыйлыкты ага команданын президенти Аскар Салымбеков өзү тапшырды. Ошондой эле команданын ичинен мыкты футболчулар аныкталды. Анда “Мыкты дарбазачы” наамы Павел Матяшка тийсе, Даниэль Тэго "Мыкты коргоочу", Андерсон Виллиан "Мыкты жарым коргоочу", Каюмжан Шарипов "Мыкты чабуулчу" аталды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан