ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-февралдан 26-февралга чейин)

Кой (21.03-20.04)
Дүйшөмбүдө бейтааныш адамдардын чөйрөсүнө аралашпаңыз. Болбосо чыккан чыр ишиңизге тоскоол болуп, алагды кылат. Шаршемби сүйүүнү билдирүүгө же баш кошуу сунушун киргизүүгө ийгиликтүү. Апта соңунда майда иштерге көңүл бурбай койсоңуз, кийинки аптада алар көп убактыңызды аларын эске алыңыз.


Букачар
(21.04-20.05)
Ушул аптада кимдир бирөө сизди өз кызыкчылыгы үчүн колдонууга аракет кылат. Андыктан сак болуңуз. Бейшемби – кооптуу күн. Жол жүрүүдө шашпай, эрежелерди сактаңыз, кырсыкка кабылуу коркунучу чоң. Алдамчылыктан алыс болуу үчүн бирөөгө карызга акча берүүдөн же акча алуудан баш тартканыңыз оң.


Эгиздер (21.05-21.06)
Бул апта чыгармачыл адамдарга жана соода тармагындагыларга ийгилик алып келет. Шейшембиде чырдуу окуяга туш болууңуз мүмкүн, бирок ага аралашпоо керек. Шаршембиде кошумча иш чыкса баш тартпаңыз, капчыкты кампайтууга жакшы шарт. Жума күнү жаңы достор менен таанышасыз.


Бөйөн
(22.06-22.07)
Апта башында жол жүрүүдө этият болуңуз, айланаңыздагы адамдардын оюн эсепке алуу менен иш кылыңыз. Болбосо алар сиздин чечимге каршылыгын билдирип, чыр чыгышы ыктымал. Бейшемби жакындарыңыздын биринин үйүнө баш багуу менен өтөт. Апта соңунда эски тааныштар менен жолугуп, сыр чечишүү күтүлүүдө.


Арстан (23.07-23.08)
Дүйшөмбүдө белгиленген жолугушууга кечикпөөгө аракет кылыңыз. Шейшембиде пайда алып келүүчү сунуш түшөт. Бейшембиде дары-дармек колдонууда абайлаңыз, ашыкча өлчөмдөн жабыркап калууңуз ыктымал. Апта соңунда бейтааныш адамдар менен чатакташып, үйдө түгөйүңүз менен пикир келишпестик жаралат. Буга сүйүүдөгү азгырыктуу сунуш себеп болушу мүмкүн.

Бийкеч (24.08-23.09)
Бул жуманын башында көңүл чөгөргөн маселелер ачыкка чыгат. Апта ортосунда мурдагы сүйүүңүзгө кезигесиз, бирок азгырма сунуштан алыс болуңуз. Үй-бүлө очогуна доо кетирип аласыз. Жума күнү кызыктуу билдирүүнүн ээси болосуз. Апта соңунда мистикага, фантастикага кызыгуу күчөйт. Мүмкүн, китеп окуп, тасма көрөсүз.


Тараза (24.09-23.10)
Ашыкча акча коротпоңуз. Болбосо акча кыйынчылыгы жаралат. Апта ортосунда ишиңизге көмөкчү болом деген адамдар чыгат. Алар, тескерисинче, тоскоолдук жаратпайбы, байкап көрүңүз. Жума күнү алыстан кабар келет. Апта соңу жакын мамиледеги адамыңыз менен пикир келишпей, эки башка жолго түшүп кетишиңиз мүмкүн, абайлаңыз.

Чаян (24.10-22.11)
Дүйшөмбүдө иштер сиздин пайдаңызга чечилет. Шейшембиде жамаатта пикир келишпестиктер уруш-талашка алып келиши мүмкүн. Бейшемби күнү күтүлбөгөн белектин ээси болосуз же карызыңызды кайтарып беришет. Жума күнгө белгиленген иш жакшы жыйынтык алып келбейт, аны кийинкиге жылдырыңыз. Апта соңунда бойдокторду жаңы таанышуу күтүүдө.

Жаачы (23.11-21.12)
Апта башында ашыкча күч коротуп аткарган эмгегиңиздин үзүрүн көрөсүз. Шаршемби материалдык байлыкка ээ болосуз. Апта ортосунда бизнес менен алектенгендерге пайдалуу сунуштар түшөт. Ишемби – буюм сатып алууга ыңгайлуу күн. Жекшембиде достордун же жакшы санаалаштардын чөйрөсүндө болосуз.


Текечер (22.12-20.01)
Бул апта ичинде майда, бирок пайдалуу бир топ иш бүтүрүп, жеңилдей түшөсүз. Шейшембиде мамлекеттик органдын кызматкерлери менен пикир келишпестик жаралышы мүмкүн. Бейшембиде кыялыңыздагы адамга туш болосуз. Апта аягында көптөн бери самаган буюмуңузду алып, үйүңүздү кооздоого жетишесиз.


Суупери (21.01-19.02)
Аптанын башында таасирдүү адамдар менен жолугушуу күтүүдө. Шаршембиде маанилүү иштер көбөйүп, убактыңыз абдан чектелет. Андыктан убакытты туура пландоо керек. Жума күнү сунушталган иштен баш тартыңыз, сизге зыяны тийип калышы мүмкүн. Апта соңунда жагымдуу сюрприз күтөт.


Балык (20.02-20.03)
Дүйшөмбүдө эч кандай чечим кабыл албай, ишти кийинкиге жылдырганыңыз туура. Аптанын экинчи күнү көпчүлүктүн көңүл чордонунда болгон окуянын башкы каарманына айланасыз. Кесиптештериңиз сиздин жардамга таянышат. Жардамыңызды аябаңыз. Ишембиде оюңуздагы каалоолорду ишке ашырууда этият болуңуз, болбосо өзүңүзгө душман арттырып аласыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан