БИЛЕМИН, АКЫЛСЫЗДЫК – СЕНИ САМАШ!

Жарыксыз күндөрүмө көнүпмүн бара-бара,
Алдырбай алсыздыкка, мезгилди жеңсем кана?!
Көңүлүм болсо да жаш,
Ак чалган ар бир кышта,
Кошулат жашыма жаш.

А бирок...
Көксөгөн көздөрүңсүз
Көктөм да өктөм мага!
Көөдөнүм букка толуп,
Кошулат көз жашка жаш...
Билемин, акылсыздык – сени самаш!

– Балким, ишенбесең керек, бирок мен жазмыш дегенге ишенем. Бир кезде тагдыр мени бир жанга жолуктурган. Жогорудагы ырды термеле окуп, ак дайыма караны жеңип чыгарына ишенчү. Мен анын жаш туруп турмушту ушунчалык терең түшүнгөнүнө баа берет элем. Тазалыктан бүткөн ыр сүйгөн дүйнөсү бар эле. Качан баары бузулду? Айтчы, качан?
Тумар менин көздөрүмө тек гана жылмайып койду. Эчен жылды жашап койгонсуп каректери ойлуу эле.
– Ыр сүйгөн жүрөк сезимтал болот тура. Көп нерсени көтөрө албайт экен. Меники да ушундай болду. Ал дүйнөдөн адашып кеттим.
– Тумар!
– Сиз ишенген жазмышты өзгөртүп, өз акылына ченеп жазып алгандар да болот тура. Куду кинонун сценарийин жазгандай...
– Буга эч кимди күнөөлөп болбойт. Турмушта алсыздар алдууга жеңилип берет экен. Менде да ушундай окуя болду.
Тумар көзүнүн кыйыгы менен менден жазгангандай карап турду да, “сиз эч өзгөрбөпсүз” деп койду акырын.
– Жүрү, үйүңө жеткирип коёюн,- дедим иши кылып бир нерсе айтмакка.
Кетип баратабыз. "Азыр үйүнө жеткирем, анан эч нерсе болбогондой, жашообузда эч нерсе өзгөрбөгөндөй турмушубузду уланта беребизби?" Ушуну ойлогонумда түтөп кеттим. Тормозду катуу бастым.
– Мен минте албайм. Балким, экөөбүз таптакыр жолугушпайбыз кийин. Бирок мен айтып алышым керек. Мени унутуп калды деп турасыңбы? Сен тууралуу баарын билем. Ким менен жашайсың, кызың кайсы мектепке барат, кайда иштейсиң... Баарын билем.
– Мен да сиз тууралуу билем,- деди ал эч нерсе болбогондой.
– Мен сени издей бердим. Эмнеге издеп жатканымды деле жакшы түшүнбөйм. Мындан көп жыл мурдагыдай термеле ыр окуп жаткан элесиң көз алдымдан кетпейт. Менин жашоом деле ойдогудай болбоду.
Тумар мындай нерсени күтпөсө керек, алая тиктеп турду да, ыйлап жиберди. Анан буулуга сүйлөп кирди.
– Балким, өтө намыскөй аял башын бийик көтөрүп, сиз тарапты тиктеп койбой басып кеткендир. Бирок мен намыскөй эмес окшойм. Мен сизге көз жашымды көрсөтпөйм дегем. Көрсөтүп жатам. Менин да эчен жылдан бери айтайын деп жүргөн ойлорум бар. Эмнеге ошол күнү менин бактысыз экенимди көрүп туруп, жетелеп басып кеткенге күчүңүз жеткен жок? Эмнеге?
Туура айтат. Тумар да, мен да эмес, тагдырыбызды убагында анын эжеси чечип койгон. Ал адам Тумардын эжесине гана пайдалуу адам экенин кийин билдим. Эмне деп жооп береримди билбедим. Чын эле эки көзү оттой жанып кетчү, эч нерседен тайманбаган секелегимден эч нерсе калбаган экен. Азыр жанымда мууна бышактап отурган Тумар таптакыр ага окшош эмес болчу. Шалдырай көпкө отурдук. Бир топто башымды көтөрүп ага тигилдим.
– Кайрадан баарын баштайлычы... Көрөсүң го...
– Жок, эми кереги жок. Так эле ошол ыр саптарындай сизди самоо, сиз менен бактылуу болом деген кыялдын өзү акылсыздык экен. Кыялкеч жансыз. Мени эмес, мендеги кайып болуп кеткен бир элести издеп жатасыз. Ал жоголуп кеткен. Эч кимге эч качан табылгыс болуп...
Тумар машинадан түшүп өз жолу менен кетти. Көз алдымда дагы деле ырдан бүткөн дүйнөсү бар секелек кыз...

Бакыт

Нуржамал Жийдебаева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
adelima
2012-02-20 11:02:22
мммммммм оор тагдыр откон экен да.
0
bijay1993
2012-02-22 10:53:12
Мындай тагдыр эч кимде болбомун
0
men_aman
2012-02-25 10:18:21
суйуп журуп жетпей калган жамандаа ... Бактылуу жашоо болбойт бактылуу коз ирмемдер гана болот деген туура!!!
0
Sanjarbratt
2012-02-25 16:13:26
кайгылуу экен
0
nurka_85
2012-03-17 10:27:42
эми сизге убакыт гана даба боло алатго
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан