КЫРГЫЗ ЫРЛАРЫНДАГЫ ЭРОТИКА

Дүйнөнү сулуулук эмес эле махабат сактап турса керек, туугандар. Жараткандан дейбизби же табияттан дейбизби, айтор, ушул сезим бизге берилбесе, жашоонун такыр эле кызыгы калмак эмес. Анан мындай делебени козгой турган ырлар да жаралмак эмес.

Бек аке жаштык кезди текке кетирбептир, чиркин, дейсиң мындай саптарды окуп. Кошумча сөздүн кереги барбы, оюңузча?..

БАШКАЧА БОЛ
Бек Борбиев

Бүгүн, жаным, башкача бол, башкача,
Ташкындачы өз нугуңан ашканча.
Жоголушсун, үзүлүшүп топчулар,
Жомок бүтүп, сүйүү таңын ашканча,

Түн жамынып, жаным, келе жатканың,
Мага неге айтпадың?
Эшик илип, бал уйкуда жатканмын,
Кайра неге кайтпадың?
Сезимдердин терезесин черткилеп,
Терезесин аттадың.
Сагындым деп моюнума оролдуң да,
Ошол болду айтканың.

АЙ ЭРКЕМ

Наздап сүйсөм эрдиңен, сүйсөм эрдиңен,
Ай эркем, ай эркем.
Эркелейсиң, эркем, ай,
сыласам көкүрөгүңдөн,
Сүйөм аппак жүзүңдөн, сенин
чайпалган көкүрөгүңдөн.

ххх

Жыпарыңа эрээркейм да,
кысамын ичке белиңден,
Түрүлгөн аппак илебиңден,
дүүлүгөм ысык демиңден.

ххх

Кызыл-ала көйнөгүңдөн,
кызарам сенин төшүңдөн,
Кымыздай шире агарган сенин,
кысылган алма өрүңдөн.

КАЗАК КЫЗЫНА

Көзүңө көзүм зар,
Жүрөгүңө жүрөгүм зар.
Өзүңө өзүм зар,
Сөздөрүңө сөздөрүм зар.
Күлкүңө күлкүм зар,
Эрдиниңе эрдиним зар.
Демиңе демим, ох, демиңе демим зар.

АК КУШУМ
Алтынбек Алымов

Алтынбек бир созолонтуп ырдап чыкты эле, коюнуна чакырып кыздарды...
Койкоюп тосуп төшүңдү,
Коюнуңа чакыр өзүмдү.
Кор кылбай башка бирөөгө,
Колдоп кой менин сөзүмдү.

ЧОЛПОНУМ
Жолболду Алыбаев
Жолболду Алыбаев да убагында жалындуу өткөргөн түндөрүнөн элес калтырып, аны ырларында айтып келет.

Күлкүң кетпей оюмдан,
Күндү сенсиз баспадым.
Түшкө кирип азгырып,
Түнү сенсиз жатпадым.

ххх

Шириндигиң өрүктүн,
Курмасы элең, Чолпонум.
Кумар күчүң шараптын,
Туумасы элең, Чолпонум.

ххх

Күндө бир маал көрбөсөң,
Ыйлачу элең, Чолпонум.
Дайым бирге болсок деп,
Кыйначу элең, Чолпонум.

САГА
Каныбек Иманалиев
Ой, Айбек байкебизди «сага балыктай туйлап кылыктанган селки ким болду эле?» деп учурда жубайы Гүланда да суракка алып жүрсө керек. Чынында, бул ырдын автору азыркы эл өкүлү.

Билектериң балык туйлаган,
Билеригиң жүрөк кыйнаган.
Каткырганда төшүң бийлеген,
Кылыктарың нени кылбаган?

ххх

Көзүң болсо мөлтүр, ой, жылгаяк,
Көкүрөгүң көлдүн, ой, толкуну.
Дирилдесе дүрт деп, ой, от жанат да,
Шыбырашың көлдүн, ой, шоокуму.

МӨЛМӨЛҮМ
Барпы
«Мөлмөлүмдү» уккан эркектер «айт-уй-йт» деп обдулуп кыйкырып калышат. Барпы акебиздин «Мөлмөлүмү» азыркыга чейин популярдуу.

Бетиме түшсө жамалың,
Ашыктык отко жанамын.
Боорукер болсоң колдоп ал,
Боздоп жүргөн баламын.
Алкымыңа жарашкан,
Алтын иймек сагагың.
Ай тийгенсип көрүнөт,
Ак бермет таккан тамагың.
Боз уланды какшаткан,
Болор-болбос баш баккан,
Сенин бөдөнө тумшук мамагың...

ТҮШТҮК КЫЗЫ
Чубак Сатаев
Түштүк кыздын оозунан бир соруп алсам деп айласы кеткен Чубак Сатаев да убагында карындашына кагылып ыр жазып кеткен экен...

Канча өзүмдү сабырлуу кармабайын,
Алып эле баратат арбаганың.
Наристем, ой, назыңдан кагылайын,
Наристем, ой, назыңдан айланайын.

ххх

Азырынча мен акаң болуп койсом,
Анча-мынча бирөөдөн коруп койсом.
Кап этпегин, карындаш, ананайын,
Ака деген оозуңдан соруп койсом.

ӨРҮКЗАР
Апаз Жайнаков
Өрүкзарга жетелей басып, түн өт­көргөндү каалаган Апаз Жайнаковдун бул ыры ооздон оозго алынып келет.

Каректерге жашырып сүйүүбүздү,
Мөл булакка сүртөлү жүзүбүздү.
Жылдыздарды чакырып койнубузга
Өткөрөлү экөөлөп түнүбүздү.

КАЛДЫ ЭСИМДЕ
Шамшыбек Өтөбаев
Жайдын толгон айлуу кечинде болгон рахаттуу күндөн бир элес...

Жайдын толгон айлуу кечи эле,
Тоонун кызгалдактуу бети эле.
Сүйөм деген сөздү шыбырап,
Сыйкыр күчү алды жетелеп.
Анан дагы калды эсимде,
Уйпаланган бетеге...

Астра Айдарова
erotica@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (67)
Damira
2012-03-13 10:26:57
pamire. Сен биринчи туура жазганды ууйронуп алчы, башкасын коюп.
0
pamire
2012-03-14 10:47:59
Damira, озун да уйронушун керек экен мени коюп уйронуп эле болот
0
Shurik
2012-03-25 18:24:12
Уят,уят деп алып комент жазган кишинин санын карачы.Супер инфого кирген элдин баары ушул бетке биринчи коз чаптырса керек озу.А озум лично колдойм азаматсынар!
0
AURELIUS
2012-05-13 14:07:24
караймын суротунду калчаймын куну-туну
0
Nynysh
2012-06-01 01:40:43
азаматсынар баарынар!!!!!!!!!!
0
777bek
2012-10-09 12:28:58
эробекетти окугандан уяалсанар ошол бетин сатып алган жеринерге таштап кеткиле. Уялчаак боло каласынар да. Мен озум биринчи ошол бетин окуймун.
0
lediakimbaeva31
2012-12-18 23:19:07
а бул бек борбиев настоящий бабник да гострольдоп барган жеринде еле бир кызды суйуп калдым деп еле ыр жаза берет
0
Nurzada88
2013-08-05 06:53:26
lediakimbaeva31, Таланты бар болсо жазат да анын эмнеси бар. Бар таланты элге тартуулаш керек, жашырбай. Бек байкенин талантын баалайм, озу ыр жазат, озу обон чыгарат жана озу аткарат.
0
RaHaT1973
2013-02-12 20:09:55
ушундай ырлар менен кээбир акындардын атагы чыккан .ошону учун мунуда жазыш керек.
+1
abdukaluk
2013-05-27 19:12:37
ушул беттеги макалаларды тез тез жанылап турсанар болбойбу
0
kozukuchugum
2013-06-05 16:04:07
жакшы ырлар бирок ошол ырды бурмалагандар оздору когбудто идеялный адамдар
0
mirba_91
2013-06-27 03:13:51
Э уят дей бербегилечи,уятту адамдар Эробекетке кирбейт,окубайт дагы.Уят болсо эмнеге кирип окуп жатасынар
0
Nurzada88
2013-08-05 06:57:11
Бунун баары ырда эле эмес, ар бир адамдын жеке жашоосунда болуп жатпайбы? Бул ырлардын маани-мазмуну ото терен..........
0
kuba7
2015-07-03 09:18:05
Улуу создо уят жок демекчи (махабат сезимди,сезимден чыккан ырды) кантип укпайбыз жана ырдабайбыз тируучулукто адам заты
0
asad9
2019-05-13 11:35:59
Vbn
0
tem310890
2019-12-01 03:32:04
Сени эстеп бугун туну ойго баттым
Сени эстеп бугун туну ойго жаттым
Сени эстеп бугун туну оргудум да
Кайнаган булак суудай молт-молт актым(потекла короче дейт))
0
tem310890
2019-12-01 03:35:14
Сен менен колтукташып кол бойлосом,
Ак чабак балык болуп колдо ойносом.
Ашыгым чарчасам да моюнума,
Кумарым канмайынча жон койбосом.
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан