ПОЛЬША
Туура 16 аптадан соң Польша менен Украина футбол боюнча Европа континентинин башкы чемпиондугу үчүн кызуу күрөштүн алдында калат. Учурда мелдеш өтүүчү стадиондордун курулуш иштери бүтүп, командалар даярдыкка өтүштү. Биз алардын даярдыктарын утурлай, апта сайын мелдешке катышуучу 16 команданын бири менен тааныштырып турмакчыбыз.
Футбол федерациясы 1919-жылы түзүлгөн.
Лакап аты – Бүркүттөр, Ак-кызылдар.
Формасынын түсү – Ак футболка, кызыл чолок шым.
Башкы машыктыруучусу – Францишек Смуда.
Капитаны – Якуб Блащиковский (“Боруссия Д”, Германия).
Эң ири жеңиши – 10:0 эсеби менен Сан Маринону (2009-жыл, 1-апрель).
Эң ири жеңилүүсү – 8:0 эсеби менен Даниядан (1948-жыл, 26-июнь).
Жетишкендиктери – “Мюнхен-1972“ Олимпиадасынын чемпиону, 1974-жылы Германияда, 1982-жылкы Испанияда өткөн мундиалдарда 3-орунду жеңген.
ФИФАнын рейтингинде 68-орунда турат.
«ЕВРОго» ЭКИНЧИ ЖОЛУ ГАНА КАТЫШАТ
Польша Европа чемпиондугуна быйыл экинчи гана ирет катышат. Биринчиликтин тарыхында бардык тандап алуу оюндарына катышкан Польша мелдештин финалдык баскычына биринчи жолу Австрия менен Швейцарияда өткөн «Евро-2008де» чыккан. Антсе да анын бай футболдук тарыхы бар.
Польшалыктар 1919-жылы эркиндик менен катар Футбол федерациясын түптөшкөн. Бүгүн футбол Польшада эң популярдуу спорт түрү. Бүркүттөрдүн «күүлөнгөн» мезгили өткөн кылымдын 70-жылдары. Анда алар Дүйнө чемпиондугунда ийгиликтүү ойноп, Олимпиада оюндарын ута алышкан. Ошондогу белгилүү оюнчулар Влодзимеж Смолярек, Анжей Бунцоль, Ян Фурток болгон.
ТАЙПАДАН ЧЫГУУГА МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ БАР
Польша мелдешти үйүндө кабыл алып жаткандыктан, тандап алуу оюндарысыз финалдык баскычка чыккан. Андыктан мелдешке мамлекеттик деңгээлде көңүл бурулууда. Айтсак, даярдыкты күчөтүү максатында мелдешке чейин 4 жолдоштук оюн өткөрөт (29-февралда Португалия, майда Латвия, Словакия, июнда Андорра менен).
Учурдагы Польшаны күчтүү деп эсептей албайбыз. Бирок анын тайпасында өзү менен бирдей деңгээлдеги Орусия, Греция, Чехия болгондуктан, анын тайпадан чыгуу мүмкүнчүлүгү бар. Команда ишенимди Европанын белгилүү клубдарында ойногон Роберт Левандовский, Якуб Блащиковский (экөө тең “Боруссия Дортмунд”, Германия ), Лукаш Фабиянски (“Арсенал”) сыяктуу футболчуларга артат. Анан да алардын бир артыкчылыгы – өз үйүндө, үйдөгү дубалдардын колдоосу алдында ойной турганы.