«Эс алуу үчүн аптанын соңун, сүйүүнү билдирүү үчүн жазды күтпө» дейт. Анын сыңарындай, биз да жазды күтпөй сүйүү темасын козгоону чечтик. Спортчу кыздардын жеке жашоосуна көз жүгүртүп, алардын табитиндеги жигиттерди карап көрдүк. Каармандарыбыздын табити түрдүү болсо да, спортчу кыздардын ичинен суктанарлык махабат ээлери теннисчилер экен.
ЭКИ ТЕННИСЧИНИН БАШЫ БИР БҮЛӨДӨ КАЙНАЙБЫ?
Теннис боюнча айымдар арасында дүйнөнүн биринчи ракеткасы
– беларустук Виктория Азаренконун түгөйү да теннисчи. Ал – украиналык шыргый менен секирүү боюнча СССРдин көптөгөн рекорддорунун ээси Сергей Бубканын уулу Сергей. Кызыгы, №1-теннисчини «чаап алган» кенже Бубка учурда
АТРнын рейтингинде 152-орунда турат. Сергейдин рейтингдеги ордуна жана анын түгөйүн бардык мелдештерде коштоп жүрүп өзүнүн карьерасын экинчи орунга коюп койгонуна коомчулук: “Сергей атасынын атын булгап, спортту унутуп койду”,- деп айтып келет. Мындай кептерди кулак сыртынан кетирген Серёга Вика кайсы мелдеште болбосун коштоп, атүгүл мелдешке аз калганда шашылыш башка өлкөлөргө учканы да бар. Бирок 2 жылдан бери сүйүшүп келишсе да, үлпөт той тууралуу кеп кылышпайт. Теннисчи кыз жакында Австралиянын Ачык биринчилигин жеңгенде коомчулуктун алдында ата-энеси менен катар жигитинин атын атап, ага колдоп келгени үчүн рахматын айтты.
Сергей Бубка (кенжеси) – украиналык теннисчи. 24 жашта. Учурда бизнес багытында билим алат.
ОРУС КЫЗДАРЫ ООМАТ ҮСТҮНДӨ
Орусиялык теннисчи Мария Шарапова менен жигити словениялык Саша Вуячичтин
ортосундагы махабат баяны быйыл тойго алып келери маалым болду. 2010-жылы экөө мамиле кура баштагандан тарта баш кошушары айтылганы менен, той белгисиз себептерден улам артка жылып келген. Тойдун болорун Мария жакында жар салып, океңдер күйөө баласын мыйзамдаштырганы турушат.
Дагы бир орусиялык теннисчи, бир канча басылмалардын версиясы боюнча “Эң сексуалдуу спортчу” деп табылган Анна Курникованын испаниялык ырчы Энрике Иглесиас менен таттуу түгөйлөрдөн экенин эл жакшы билет. 7 жылга созулган сүйүүдөн быйыл жемиш өнүп, Аннанын кош бойлуу экени маалым болду. “Анна төрөп берсе, анык католик катары ага үйлөнөм” деген 37 жаштагы ырчы сөзүнө туруп мамилени мыйзамдаштырса, орусиялыктар жентек тойго, аны менен катар үлпөт тойго да күбө болушат көрүнөт.
БОДИБИЛДЕР КЫЗ БИЗНЕСМЕНДИ ТАНДАЙТ
Жай бий (бальный танец) боюнча Украинанын спорт чебери, бодибилдинг жана фитнес боюча 2011-жылы Дүйнө чемпиону аталган украиналык Санта Димопулос кандай жигит тандайт? Уулуна да карабай мурунку сүйгөнү, шоумен Андрей Жужулина менен ажырашкан соң Сантанын жеке жашоосу тынчтай сезилген. Жакында гана анын жеке ишкер Владимир Самсоненко менен мамиле куруп жүргөнүнөн журналисттер кабар табышкан. Эми бул кептерди өзү да тактап, жайында аны менен эс алууда жүргөндөгү сүрөттөрүн интернеттеги социалдык тармактар аркылуу көргөздү.
Владимир Самсоненко 29 жашта, жеке ишкер.
ОШОНДОЙ ЭЛЕ...Легендарлуу мушкер Мухаммед Алинин кызы Лейла Али алгачкы сүйүүсү жолсуз болгону менен, 2007-жылы Кертис Конвейге жолуккан. НФЛдин (Америка футболу боюнча Улуттук Лигасы) экс-оюнчусу Кертис Алини бардык шарттар менен камсыздап, толук бакыт тартуулаганы үчүн мушкер кыз “бактылуу үй-бүлөм бар. Рингге чыгуунун кажети жок” деп чоң бокстон кеткен. Учурда бир уул, бир кызды тарбиялашат.
Сууда сүзүү боюнча Олимпиаданын 2 жолку чемпиону («Сидней-2000», «Афины-2004») америкалык Аманда
Бёрддун учурда 5 айлык боюнда бар. Ал Саша Браун аттуу фотограф менен 3 жыл сүйлөшүп келет. Алар буга
чейин да уулдуу болушкан. Обу жок деп мүнөздөлүп келген Аманда быйыл кыялын орундатып, “Плэйбой” журналынын сырткы бетине тартылды.