АТ КОЮУДА АДАШПАҢЫЗ!

БАШ СӨЗ ОРДУНА
"Ошол да тоолук кыргызбы?", "Таппай жүрөм" деген ырлардын автору, маркум акын Өмүркул Кулумбаевдин кызы Гүлмира Кулумбаева атасы тууралуу мындайча эскергени бар:
"Жашынан жайрап, муң тарткан,
Жан дүйнөсүн кайгы сыздаткан.
Энеси буга сүт эмес,
Эмчектен шорду ууртаткан.
Кейибей жүрүп өтөм деп,
Каткырып түшкөн курсактан... Ыр саптарында көрүнүп тургандай, атамдын балалыгы да атына жараша өмүрүнө кул болуу менен башталган. 27 жашында автокырсыктан улам анын буту баспай калып өмүрү менен көп күрөшкөн. Өзү бул тууралуу: "Атам Кулумбай өкмөттүк кызматта иштеп, 1931-жылы контрреволюциянын курмандыгы болот. Анын кыркы өткөндө мен төрөлүпмүн. Кан жутуп отурган энемдин карасын алып, сүйүнчү айтып атымды Өмүркул коюшат. Ысымга жараша тагдырым аныкталдыбы, айтор, билбейм, жаралгандан өмүрүмө кул, жашоомо бий болуп келатам",- деп айтчу".
Ушундай мисалдардан улам "Ысымдын тагдырга таасири барбы?" деген суроого жоопту ар кайсы тармактын адистеринен издеп көрдүк. Ысым кандайча адамдын тагдырына таасир берет? Ысым сизди башка адамдардан айырмалоо үчүн гана берилип калдыбы же анын көтөрүп жүрүүчү оор жүгү барбы? Айтор, жооп издеп көрөбүз...

Светлана Погодина, астролог: “ЫСЫМ ПАСПОРТ СЫЯКТУУ”
– Адамдын атындагы тамгалардын ар бирине тиешелүү саны бар. Аттагы тамгалардын сандарын кошуп, чыккан суммасынан Пифагордун нумерологиясына жараша ошол инсандын мүнөзүн, тагдырын билсе болот. Бул ысымдын тагдырга таасири чоң дегендик. Астрологияда ысымдардын таасири тамгалардын жылдыз белгилер менен байланышы боюнча да аныкталат.
Жылдыз төлгөсүнүн картасында чекиттер белгиленген. Ал чекиттерде мүнөздөр катылган. Кээ бир тамгалар ал адамдын жылдыз белгиси үчүн оор болушу мүмкүн. Ал күчтүү тамга жылдыз белгидеги чекит менен дал келип калса, анда анын таасири дагы да күчтөнөт. Тескерисинче, кээ бир тамгалар ал чекитке такыр тийбейт. Анда ал ат адамга бөлөк туюлуп, такыр таасирин тийгизбеши мүмкүн. Демек, жылдыз белги менен ат бири-бирине шайкеш келбесе, анын таасири аз же жок. Адам табиятынан күчтүү жаралса, анда аттын пайдасы да, зыяны да сезилбейт. Балага ат койгондо анын алсыз чекиттерин таап, баланын атына ал чекитти күчтөндүрүүчү тамга кошуп койсо болот. Кээ бир тамгалар күч, ишеним берсе, кээ бирлери жумшактыкты тартуулайт. Ушул себептүү адамдын мүнөзү аттагы тамгаларга жараша калыптанат. Ошондуктан ысым паспорт сыяктуу.

Лариса Асанбекова, эниоинженер, парапсихолог: “ЛАРИСАЛАРДЫН ТАГДЫРЫ ООР”
– Ысымдын адамдын тагдырына чоң таасири бар. Адамга жөн эле ат койбойт да. Атына жараша заты деп да бекер айтылбайт. Муну мындай түшүндүрөлү. Ар бир тамганын өзүнүн вибрациясы болот. Ошол вибрацияга жараша энергиясы бар. Дал ошол энергия баланын тагдырына таасир берет. Тамгадагы энергияларды санга айландырып туруп эсептеп чыгып, адамдын мүнөзүн билип койсо болот. Бирок тагдыр атка гана байланбайт. Адамдын жашоосуна таасир этүүчү башка факторлор да бар.
Ички энергия, жашоо образ да тагдырга таасир этет. Адам жаман ойлорду көп ойлосо, албетте, ал терс энергияны таратат. Адамга жаман программаны киргизип койсо, ал сөзсүз түрдө мүнөздү өзгөртөт. Менин атымдын энергияларын эсептегенде 8 деген сан чыгат. 8 санындагы адамдардын мүнөзү токтоо, кең пейил. Көбүнчө Ларисалар кооздукту, сулуулукту жакшы көрүшөт. Бирок тагдырлары оор. Көп учурда таланттуу, тамакты жакшы жасаган адамдар. Мисалы, мен тамакты жакшы жасайм деп мактана алам.
"Лариса" деген сөздү грек тилинен которгондо "назиктик", "ак чардак" дегенди билдирип, дене түзүлүштөрү жакшы болуп, элди өзүнө тартып турат. Ар бир инсандын тагдыры жеке атка эле эмес, анын кайсы мезгилде, кайсы жылы, кандай жылдыздын коштоосунда, күндүз же түндө туулгандыгы сыяктуу көп факторлорго байланыштуу.

Максат ажы Мамбеталиев, Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын басма сөз катчысы: “ТУУРА ЭМЕС КОЮЛГАН АТ ЖАМАН ЖОЛГО ЖЕТЕЛЕЙТ”
– Мухаммед пайгамбар (С.А.В.) жакшы ат болсо калтырып, жаман атты жакшы атка өзгөртүүнү буюрган. Жаман аттарга Күндүн кулу, Жарганаттын баласы, Итбай, Чотбай дегендер кирет. Адам психологиялык жактан өз атына жарашканга аракет кылып, өзү сезбесе да, аты затына бара-бара жарашып калат экен. Эгер Күндүн кулу же кайсы бир адамдын кулу деп атаса, бара-бара ошондой болууга да аракет кыла баштайт. Дегеним, Кудайдын кулу болбой калганга да ниети чыгып кетет. Ошого ынанып туура эмес жакка бурулуп кетиши мүмкүн. Андыктан Мухаммед пайгамбар (С.А.В.) "бизге эң жакшы аттар бул – Алланын, Рахмандын кулу (Абдуллах же Абдурахман) деген жана Мухаммед, Иса, Муса, Жусуп, Жунус пайгамбарлардын аттары" деп үйрөткөн экен.
Исламдын тарыхында улук такыба аялдар өткөн. Кыздарга ошолордун ысымдарын ыйгаруу жакшы. Мисалы, Хадича (Калыйча), Фатима (Батма), Зейнеп. Адамдын аты ушул ыйык адамдардын атынан коюлса, ошол кишини изилдеп, ага окшошкусу келет. Азыр футболчу, шоумендердин атынан коюлуп жаткан ысымдарга ислам каршы. Алар адеп-ахлак тарабынан да мисал болуп бере албаган адамдар. Аларга окшошуунун кажети жок.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg


ЫСЫМЫҢЫЗ ТАГДЫРЫҢЫЗГА ТААСИР ЭТЕБИ?



ЖЕҢИШГҮЛ ӨЗҮБЕКОВА, ДРАМАТУРГ:
– Кыргыз эли илгертен эле ысымга зор маани берчү. Мисалы, анары бар балдарга Анарбек же Анаргүл деген ысым ыйгарышканда анары жоголуп кетчү. Өзүм болсо жашоодо кандай гана кырдаалдарга туш болбоюн, жеңиш менен аяктайт. "Жеңишгүл" деп бирөө чакырып калса деле жеңиштин жышааны келаткандай туюлат.


КОСМОС ЧЫДЫНОВ, ЖКНЫН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТКЕРИ:
– Атым тагдырыма таасир берип эле келет. Кандай гана жумуш баштабайын, космостук тез ылдамдык менен бүтүп калат. Өзгөчө ат болгондуктан, эч ким унутпайт. Кээ бирлер "тамашалабай эле айта бербейсиңби өз атыңды" деп ишенишпейт. 12-Апрель – Космонавттар күнүндө төрөлгөнүм үчүн атам ушундай ат коюптур.



ЖАНАРА АТАБЕКОВА, ДИ-ДЖЕЙ:
– Кээде жанар тоодой жарылып, атылып кетмей жайым бар. Чынында, көпкө чейин унчукпай жүрө берем, анан бир жарылам. Ошол себептен атым мага таасирин тийгизет деп айта алам. Анын үстүнө жарылып эл алдына да чыгып калбадымбы, аны да ысымыма байланыштырам.


БОРОНЧУ КУДАЙБЕРГЕНОВ, КУУДУЛ:
– Мен 24-майда төрөлгөм. Ошол күнү кар аралаш жамгыр жаап, бороон болгон экен. Анан бороондо төрөлгөн деп атымды Борончу коюшуптур.
Кайсы жерге концерт койгону барбайын, шамал башталып, бороон болуп эле кетет. Кээде тамашалап айтып калам, "кургакчылык болуп жаткан жерге мени чакыргыла" деп.



ТОКТОБҮБҮ ЧЕРИКЧИЕВА, ЫРЧЫ:
– Мага чейинки беш бир тууганым тең чарчап калышкан. Андыктан кийинкиси токтосун деген үмүттө Токтобүбү деп коюшкан экен. Мүнөзүмдү айтсам, атыма затым жарашып токтоомун. Жер титиресе да өзүмдү жоготпойм, дайым бир мүнөздөмүн. Ошондуктан ысым мен үчүн чоң мааниге ээ.


КҮМӨНДӨР АБЫЛОВ, КУУДУЛ:
– 7 айлык болуп төрөлгөндүктөн, ата-энем "жашап кетеби же жокпу?" деп күмөн санаганы үчүн Күмөндөр деп коюшкан экен. Бир нерсеге күмөн болуп, дароо чече албай калган учурларда атымдан улам болсо керек деп ойлоп коём. Окууга тапшырарда да окуйм, окубайм болуп күмөн санап жатып араң тапшыргам.



ЧОЛПОНАЙ, ЫРЧЫ:
– Менин ысымым Чолпонай болбогондо, мүмкүн, жашоом башкача болуп калмактыр деп ойлоп кетем. Атым асмандагы жылдызды билдирет эмеспи, асмандагы болбосом да, жердеги жылдызмын деп айтып калчу күн келет. Мен буга ишенем.

Венера Кабакбек кызы

 Кыстарылган видео 
Ат тандоодо адашпаңыз, анткени ысымыңыз - тагдырыңыз
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Asiyo
2012-02-21 12:07:47
Ракыя аттуу ысымдардын тагдырлары кандай болду экен ээ?Пайгамбардын кызынын аты дешет го?
+1
rusdail
2012-02-21 14:47:30
Баардыгы бешенеге жазгандан деп койушат, менимче бул туура эмес деп ойлойм. Анда Мухаммед пайгамбарыбыз (С.А.В)жон жерден жаман аттарды озгорткуло деп айтпагандыр. Менин коргондорум бар адамга кандай ат койсо адам нак ошого окшошуп калгандарын. Негизинен жаман атка.
0
Dika
2012-02-22 11:55:57
rusdail, Сизге толугу менен кошулам. Бешенеге тоолугу менен жашоон торолгондо эле жазылат деген туура эмес. анда жаны торолгон балага сен ууру болосун, же адам олтуруп омурундун баарын камакта олтуруп олосун деп Аллах эч качан жазбайт. Бир гана ар бирибизге бир нече жол берет ошонун ичинен биз озубуз тандап алабыз.
0
2805
2012-02-21 22:55:50
Наристе торолгондо ата-энеси аксакалдар менен кенешип же оздору эле ойлонуп жакшы ысым коюу керек, эмнеге дегенде туш келди эле бироо айтканды же ойлонуп ойлонбой эле коюп койсо наристе чонойгондо оюу жок бир жаман адамга айланат... Мусулман болгонубуздан кийин мусулманча жактарды да унутпаш керек
0
Dika
2012-02-22 12:06:18
Супер инфо силердин бул макаланарга чоон рахмат. Мен буйруса 4 айдан кийин коз жарам деп дайарданып жаткан учурум. Жолдошум экообуз балабызга кандай ат ыйгарсак экен деп ойлонуп жаткан элек. Мусульман же пайгамбарлардын аттарды койгондон мен корком. Себеби ысым балага оор келип которо албай кыйналышы мумкун деп. Себеби мен коп досторум баатырлардын ысымы менен журушот, аларга аябай эле оор деп ойлойм.
0
Joke82
2012-02-22 12:49:34
Менин атым Жоомарт атыма жараша март эле адамын.
0
ussofa
2012-02-22 14:01:08
атына жараша заты дейт. бала торолгучо ойлонуп койгон жакшы шашпай.бизде маани бербеген аттарды коюп алгандар коп азыркы аттардын бирине тушунсон бирине тушунбойсун..
0
egemberdievagulbara
2012-02-22 20:58:45
иии анда Бостон деген кандай болот екен
0
kipchak
2012-02-23 02:45:01
Бостон го мейли....Балтабай Тешебай дегендерчи
0
2012-02-23 13:58:21
mda jakshy tema eken.
0
ymyta
2012-02-23 15:59:35
А Умут деген ысымдарчы.....менин атым Умут,коп Умуттоном го анда :)Бирок жеткенге аракет жасам.а Балким башкалар менден копту умуттонушот э.Атым жагат озумо
0
Sanjarbratt
2012-02-24 15:36:50
Ат тандоодо адашпаңыз, анткени ысымыңыз - тагдырыңыз
0
zur
2012-02-25 02:14:27
корсотпой жатат ушу жагын карап койсонор акыркы мезгилде коруш кыйын болуп жатат
0
milashka18
2012-02-25 11:16:49
Айперилер- Лунный Ангел экен да э анда?!
0
ahmadbek
2012-02-25 15:43:48


salamatsyzby dika eje sizdin andai ologonyz biraz tyyra emez dep oiloim sebebi mysylmancha jakshy ele atar menen jyrgon ilimdyy insandar bar al emi paigambarybyzdyn aty bolso al jakshy at al paigambarlyk dooryndagy myhamadep dep atalgan aty bolgon a azyrky kyndo jon gana oshol paigambarybyzdai jakshy adeptyy bolsyn dep koiyshat.
0
anonim
2012-02-25 20:06:17
лариса деген озун аябай мактап коюп тур го. Токтобубунун макияжы кантет
0
№ 485, 17-февраль - 23-февраль, 2012-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан